Репост из: Пулат Каландар
Рим императору жана философ Марк Аврелийдин «Өзүмө өзүм» аттуу китебинен алынган насыкаттар.
Эртең менен төшөктөн турганда эле эске алчу нерсе: бүгүн шашкалактаган, колунан жакшылык келбеген, орой, митайым, ичи тар, өз көмөчүнө күл тарткан адамдар менен жолугушуу күтүп турат. Алар бул сапаттарды жамандык менен жакшылыкты айрып тааный албагандыктан алып жүрүшөт. А мен жакшылык эң керемет, ал эми жамандыктын жүзү капкара экендигин түшүнгөндөн, адашкан адамдын жан-дүйнөсү меникине жакын экендигинен, ал бир кандан, бир уруктан чыккандыгыбыз үчүн эмес, кудайдын берген тагдырына бирдей ортоктош мамиледе болгондугубуздан улам, алардын биринен да зыян көрбөйм; анткени алардын бири да мени жаман, уят иштерге түртпөйт; жан биргелеш адамга кыжырдана да албайм жана аны таштап кете да албайм. Анткени, биз эки бут, эки колубуздай, кош кабагыбыздай, астыңкы жана үстүнкү катардагы тиштерибиздей чогуу болуш үчүн жаралганбыз. Ошондуктан, бири-бирибизге каршылашуу, жинденүү жана бири-бирибизден жийиркенүү жаратылышыбызга жат нерсе.
Эсиңдеби, канчадан бери, канча жолу кудай берген сонун мүмкүнчүлүктөрүңдү пайдаланбай, улам артка жылдырып келатасың. Өзүңдүн кайсы дүйнөгө тиешелүү экениңди жана канча убакытка чейин ал дүйнөгө таандык экениңди, сага бөлүнгөн убакыт чектелүү экенин, ошол кыска убакытта жан-дүйнөңдү тазарта албай калсаң, ал мүмкүнчүлүк артка кайтпасын түшүнүүгө акыры убакыт келди.
Ар бир көз ирмемде колуңдан келе турган нерсени жасалмасыз, чыныгы улуулугуң менен, чын жүрөктөн чыккан ак пейил, акыйкаттуулугуң менен, римдиктер сыяктуу, чыныгы эркектерге тиешелүү бекем эрктүүлүгүң менен жаса жана жагымсыз оюндардан өзүңдү оолак карма. Ар бир кыла турган ишиңди өмүрүңдүн акырында жасап жаткансып, чечим кабыл алаарда акыл-эсиңди тумандаткан кумардануудан, кенебестиктен, эки жүздүүлүктөн жана өзүмчүлдүктөн арыла алсаң гана алдыңа койгон максатыңа жетесиң. Көрдүңбү, бактылуу жана кудайдын каалоосу менен жашоо үчүн көп деле нерсенин кереги жок. Ушул аз эле нерсени сактап жашаган адамдардан кудай деле башка нерсени талап кылбайт.
Оо жан-дүйнөм, ыйла, боздо: өзүңдү асмандатып алга сүрөгөнгө эми убактың калган жок. Адамдын өмүрү кыска экени жалганбы? Өзүңдүн бактыңды башкалардан көз каранды кылып, өзүңдү басмырлап жашап өткөн өмүрүң да аягына чыгып калды.
Эмне үчүн сен өзүң таасир тийгизе албай турган, өзгөртө албай турган нерселерди ойлоп, кыйнала бересиң? Ийиктей чимириле бербей, жакшы нерселерди ойлоп жан-дүйнөңдү сергит. Андан көрө адашуудан сактан: алдыларына жаркын максат коюп, ага жетүүгө умтулбай, болгон күчүн чалды-куйду жумшап, жашоодон чарчагандар анык келесоолор.
Бирөөлөрдүн жан-дүйнөсүндө болуп жаткан нерселерге кам көрбөгөндүктөн бактысыз болгон адамдарды табуу кыйын; ал эми өзүнүн жан-дүйнөсүндө жүрүп жаткан кыймылдарга көңүлүн бурбаган адам, сөзсүз бактысыз болот.
Ар бир аракетиң, сөзүң, оюң мына эми бул жашоону таштап кеткени жаткан адамдыкы сыяктуу болсун. Эгерде кудайдын бар экени чын болсо, адамдарды таштап кетиш оңой, анткени кудай сага эч жамандык кылбайт; тескерисинче, кудай жок болсо же адамдарды коргогон эч ким жок болсо, андай кудайсыз жашоонун мааниси барбы? Бирок адамдардын камын ойлогон кудай бар, ал жаман нерсеге барышты же барбай коюшту адамдардын өздөрүнүн тандоосуна калтырган. Эгерде башка тараптан жамандык келе турган болсо, адам ага алдырып жибергендин чарасын да ойлоп койгон. Адамга жаман болбосо, анын жашоосу кантип жаман болсун? Бүтүндүн жаратылышы аны акыл-эс мененби, же акыл-эссизби бузганга жол бербейт, ошол эле убакта сактанууга жана оңолууга мүмкүндүк берет. Жана дал ошондой эле жакшылык менен жамандык аралаш келип туруш үчүн жөндөмсүздүккө, билбестикке анча көп орун бербейт. Өлүм жана жашоо, атак-даңк жана жаманатты болуш, кыйналуу жана жыргалга батуу, байлык жана жакырчылык — бул жакшы да эмес, уят да эмес болгондой эле, ал жакшылыктардын да, жамандардын да башына бирдей келе берчү нерсе.