БАГБАН ДЫЙКАНДАР ПАРТИЯСЫНЫН


Гео и язык канала: Узбекистан, Узбекский
Категория: Еда и кулинария


Борбор Азия "Багбандар Жамааты"
Биздин баракчалар:
•Телеграм: https://t.me/BagbandarBirimdigi
•Инстаграм: https://instagram.com/BagbandarBirimdigi.kg
•Фейсбук: https://www.facebook.com/BagbandarBirimdigi

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Узбекистан, Узбекский
Статистика
Фильтр публикаций


Репост из: Пулат Каландар
Бүгүнкү кошоматчылар,эртеңки саткындар...
Ч. Айдарбеков.


Репост из: Пулат Каландар
Күн өткөн сайын өмүр өтүп, маңдайыбызга жазылган жашообуз аз калганына кайгырбай, калчылдаган, тиши жок карылыкка чейин жашап калсак, акылыбыздан айнып, алжып калбай акыл-эсибизди тунук кыл деп тилек кылышыбыз керек. Адамдын акылы мокой баштаса – дем алганы, тамак-аш жегени, сийип-чычканы ошол бойдон кала берет, ал эми өзүн шартка жараша сүйлөп, шартка жараша кыймылдоо жөндөмү өзүн-өзү таптап, сактап жүрбөсө, карылыктан мурда эле жоголуп кетет. Ошондуктан, өлүм артыңдан калбай куйрук улаш келип калганын ойлоп кайгырбай, акыл-эсиң барында жакшы иштериңдин аягына чыгарганга шашыл.
Өзүн жаман адаттардан алыс кармап, таза жүргөн адамдан ыплас, чириген жана арамзалыкты таба албайсың. Театр актёрун пьесаны ойноп бүткүчө сахнадан түшкөн жок деп айтып жүрүшкөндөй, тагдыр да ага кыянаттык кылып өмүрүн арнап кылып жаткан ишинин акырына жеткиче тийбейт. Анда кул сыяктуу күңкор мүнөз болбойт.
Жалпынын мүдөөлөрүн эске албай, ойлонулбаган, баш-аягы жок иштерди жасабагыла. Сөз гүлүн терем деп, оюңарды жоготуп албагыла. Келжиреп сүйлөй бербегиле, карбаластап шашпагыла. Кудай сага окшогон турмушта өз ордун таба алган эр жүрөк, ар нерсеге көзү каныккан, биринчи ишарат менен эле бирөөгө берген антына, бирөөлөрдүн колдоосуна муктажсыз, өз жанын кыюуга даяр бийликти сүйгөн римдик адамды колдосун! Түзөтүлгөндөрдөн болбой, башынан эле түз болгула!
Ошентип, бардыгын ыргытып, негизгисин кармап кал. Дагы, эсиңден чыгарба, адам учурдагы көз ирмемде гана жашайт, а калгандарын жашап өттүң же келе элек. Ошондуктан адам өмүрү – тез, ал жашаган жер шары – тар. Өлгөндөн кийин калган атак-даңкың да узакка созулбайт, анан калса ал өмүрлөрү аз, тээ илгерки өлгөн адамды мындай кой, өзүлөрүнүн ким экенин билбеген адамдардын муунунан муунуна берилет эмеспи.
Таарындым деген оюңдан кайтсаң, таарынычың өзүнөн өзү жок болот. Мага жамандык кылып койду деген таарынычыңды таштасаң, жамандыктын өзү жок болот.
Адамдын кадырын ылдый түшүрө албаган нерсе – анын жашоосун ичинен да, сыртынан да буза албайт.
Жакшылык кылууга жаралган нерсе, ошону кылганга мажбур


Репост из: Пулат Каландар
Рим императору жана философ Марк Аврелийдин «Өзүмө өзүм» аттуу китебинен алынган насыкаттар.

Эртең менен төшөктөн турганда эле эске алчу нерсе: бүгүн шашкалактаган, колунан жакшылык келбеген, орой, митайым, ичи тар, өз көмөчүнө күл тарткан адамдар менен жолугушуу күтүп турат. Алар бул сапаттарды жамандык менен жакшылыкты айрып тааный албагандыктан алып жүрүшөт. А мен жакшылык эң керемет, ал эми жамандыктын жүзү капкара экендигин түшүнгөндөн, адашкан адамдын жан-дүйнөсү меникине жакын экендигинен, ал бир кандан, бир уруктан чыккандыгыбыз үчүн эмес, кудайдын берген тагдырына бирдей ортоктош мамиледе болгондугубуздан улам, алардын биринен да зыян көрбөйм; анткени алардын бири да мени жаман, уят иштерге түртпөйт; жан биргелеш адамга кыжырдана да албайм жана аны таштап кете да албайм. Анткени, биз эки бут, эки колубуздай, кош кабагыбыздай, астыңкы жана үстүнкү катардагы тиштерибиздей чогуу болуш үчүн жаралганбыз. Ошондуктан, бири-бирибизге каршылашуу, жинденүү жана бири-бирибизден жийиркенүү жаратылышыбызга жат нерсе.
Эсиңдеби, канчадан бери, канча жолу кудай берген сонун мүмкүнчүлүктөрүңдү пайдаланбай, улам артка жылдырып келатасың. Өзүңдүн кайсы дүйнөгө тиешелүү экениңди жана канча убакытка чейин ал дүйнөгө таандык экениңди, сага бөлүнгөн убакыт чектелүү экенин, ошол кыска убакытта жан-дүйнөңдү тазарта албай калсаң, ал мүмкүнчүлүк артка кайтпасын түшүнүүгө акыры убакыт келди.
Ар бир көз ирмемде колуңдан келе турган нерсени жасалмасыз, чыныгы улуулугуң менен, чын жүрөктөн чыккан ак пейил, акыйкаттуулугуң менен, римдиктер сыяктуу, чыныгы эркектерге тиешелүү бекем эрктүүлүгүң менен жаса жана жагымсыз оюндардан өзүңдү оолак карма. Ар бир кыла турган ишиңди өмүрүңдүн акырында жасап жаткансып, чечим кабыл алаарда акыл-эсиңди тумандаткан кумардануудан, кенебестиктен, эки жүздүүлүктөн жана өзүмчүлдүктөн арыла алсаң гана алдыңа койгон максатыңа жетесиң. Көрдүңбү, бактылуу жана кудайдын каалоосу менен жашоо үчүн көп деле нерсенин кереги жок. Ушул аз эле нерсени сактап жашаган адамдардан кудай деле башка нерсени талап кылбайт.
Оо жан-дүйнөм, ыйла, боздо: өзүңдү асмандатып алга сүрөгөнгө эми убактың калган жок. Адамдын өмүрү кыска экени жалганбы? Өзүңдүн бактыңды башкалардан көз каранды кылып, өзүңдү басмырлап жашап өткөн өмүрүң да аягына чыгып калды.
Эмне үчүн сен өзүң таасир тийгизе албай турган, өзгөртө албай турган нерселерди ойлоп, кыйнала бересиң? Ийиктей чимириле бербей, жакшы нерселерди ойлоп жан-дүйнөңдү сергит. Андан көрө адашуудан сактан: алдыларына жаркын максат коюп, ага жетүүгө умтулбай, болгон күчүн чалды-куйду жумшап, жашоодон чарчагандар анык келесоолор.
Бирөөлөрдүн жан-дүйнөсүндө болуп жаткан нерселерге кам көрбөгөндүктөн бактысыз болгон адамдарды табуу кыйын; ал эми өзүнүн жан-дүйнөсүндө жүрүп жаткан кыймылдарга көңүлүн бурбаган адам, сөзсүз бактысыз болот.
Ар бир аракетиң, сөзүң, оюң мына эми бул жашоону таштап кеткени жаткан адамдыкы сыяктуу болсун. Эгерде кудайдын бар экени чын болсо, адамдарды таштап кетиш оңой, анткени кудай сага эч жамандык кылбайт; тескерисинче, кудай жок болсо же адамдарды коргогон эч ким жок болсо, андай кудайсыз жашоонун мааниси барбы? Бирок адамдардын камын ойлогон кудай бар, ал жаман нерсеге барышты же барбай коюшту адамдардын өздөрүнүн тандоосуна калтырган. Эгерде башка тараптан жамандык келе турган болсо, адам ага алдырып жибергендин чарасын да ойлоп койгон. Адамга жаман болбосо, анын жашоосу кантип жаман болсун? Бүтүндүн жаратылышы аны акыл-эс мененби, же акыл-эссизби бузганга жол бербейт, ошол эле убакта сактанууга жана оңолууга мүмкүндүк берет. Жана дал ошондой эле жакшылык менен жамандык аралаш келип туруш үчүн жөндөмсүздүккө, билбестикке анча көп орун бербейт. Өлүм жана жашоо, атак-даңк жана жаманатты болуш, кыйналуу жана жыргалга батуу, байлык жана жакырчылык — бул жакшы да эмес, уят да эмес болгондой эле, ал жакшылыктардын да, жамандардын да башына бирдей келе берчү нерсе.


Репост из: Пулат Каландар
Мектепте окуп жүргөнүмдө окуучулар менен бирге чыгып ак-тектирдин каналынын боюна бир чырпык сайып койгон элем азыр бир туп чынар болуп калыптыр. Нары-бери өтүп сыймыктанып карап калам. Аллахым ар дайым бизди башкалар бузган нерсени оңдогондордон кылсын. Бардык эгин-тегинге мол түшүм берсин.

Данияр уулу Айбек
Аль-Азхар университетинин бүтүрүүчүсү.


Репост из: Пулат Каландар
Пайгамбарыбыз САВ дагы башкалар бузуп кеткен нерсени ондогондорго бейиштеги бир өрөөн болсун деп алкаганын билебиз.
Күндөрдүн биринде персиянын башчысы Кисро адаттагыдай адамдары менен айланып чыгып калат. Жолдон жашы өтүп калган аксакалдын зайтун дарагын тигип атканын көрүп калып ага кайрылып тамашалай "- Эй аксакал бул зайтунунуз мөмөсүн өтө эле кеч берчү эле, өзүңүз белиңиз бекчейип картайып да калыпсыз. Чамасы мунун пайдасын көрбөй каласыз го"- дейт. Анда аксакал падышага карап "-Урматтуу падышам,бизден мурдагылар эгишкен эле биз жедик, эми бизден кийинкилер жесин деп эгели да"-дейт. Даанышман аксакалдын бул жообуна таң калганын жашыра албаган падыша "-оо бали кандай сонун"-деп төрт миң дирхам берет. Падыша ушул сыяктуу таң калыштуу нерселерге күбө болуп калса акчалай сыйлык бериш анын адаты боло турган. Бир заматта төрт миң дирхамдуу болгон акылман абышка падышага дагы кайрылып, "-Урматтуу падышам менин эгинимди көрдүңүзбү өтө тез мөмө берди"-Падыша бул жолу да төрт миң дирхам карматты. Падышанын берешендигине кынык ала түшкөн аксакал "Урматы улук падышам билесизби, негизи бир дарак бир жылда бир эле жолу мөмө берет. Менин дарагым болсо бир саатта эле эки жолу мөмө берди дейт. Адам акылын айран калтырган сөздөргө таң калган падыша дагы төрт миңди берди дагы дароо жөнөп кетти. Анан жолдо баратып "Бул киши менен тура берсек казынадагы байлыктарыбыз да жетпей калчудай" деп жолун улады.
Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.-деп белгилүү акындардын бири айткандай колубуздан чоң нерселерди куруш келбесе дагы жок дегенде бир чырпык сайып койсок көктөп өсүп кете турган болсо алыстан келсең Дүйшөн менен Алтынайдын теректериндей болуп шамалга шуулдап салам айтып турса жакшы эмеспи. Алма өрүк эгип койсоңуз өткөн кеткендер мөмөсүн,чымчыктар бутактарын,астындагы көлөкөсүн пайдаланып турса баары үзгүлтүксүз келе бере турган сооп болуп эсептелет.
Өлөөрүңө бир күн калаарын билсен дагы дарак эк деген сөз жөндөн-жөн калбаса керек.
Илгерки адамдар мөмө -жемиш бере турган дарактарды атайын көчө жакты каратып шагын ийилте эгишчү экен,көчөдөн өткөн адамдар жешип сообу тийип турсун деп.
Жайдын саратан күндөрүндө сапарга чыгып калсаңыз мээ кайнаткан ысыктын күнүндө жол жээгинде көлөкөлүү бакты көрүп калсаңыз адам турмак жылкы жаныбар да эс ала тушот.
Ошондуктан урматтуу туугандар,күздө унутуп калган кетмениң жазда көктөп кете турган, чагып аткан семичкаң колуңдан түшүп кетсе урук өсүп чыга турган жерибиз бар. Ушундай берекелүү жерибизди пайдаланалы.
Арап мамлекеттеринде бир эле курманы багып өстүрүү үчүн миңдеген доллар бөлүнөт. Анткени ал жактын атмосферасы такыр башка. Дары-дармек менен өстүрүш керек.
Алакандай жер талашып канчалаган кан төгүлүп, канчалаган адамдар кырылышып атканын билебиз дүнүйөдө. Эртең ушул жерибизге да жооп бере турган күн келээрин унутпайлы. Хадистерде айтылгандай жердин үстүндөгү катмарына эле эмес жети кабатына чейин жооп беребиз.

Абаса 24-32
Кудай таала бизге канчалаган гана кооз абдан даамдуу ырыскыларды берип койгон. Анан да таң калыштуусу ар бир мөмө жемишти мезгилдин талабына ылайык жаратып бышырып койот. Биздин бир эле ашказаныбыздын каалоосу үчүн ушунун баарын жараткан Аллага чексиз шүгүрлөр болсун. Эми биз өзүбүз жегенден кийин башкалар дагы жесин деп ошол кооздукту бузбай дагы да эгип койгонду унутпайлы. Өзүңө каалаган жакшылыкты өзгөгө кааламайын толук момун боло албайсың дейт Пайгамбарыбыз САВ
Ислам дини бизди жер бетин кооздоп тал терек эккенге үндөйт.
Хадистерге назар салсак " Жада калса колунарда көчөт турган мезгилде кыямат башталып калса дагы,колдон келсе ошону эгип калсын.
Өнүккөн эл бул - такыр жер да калтырбай ар нерселерди эгип жерди бош калтырбаган эл. Келгиле ар бирибиз эгели. Аларга ат койуп алалы. Биз өтүп кеткенде урпактарыбыз эстеп жүрө тургандай болсун ушул теректи бешинчи атам эккен деп.


Репост из: Пулат Каландар
Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Дүнүйөдөгү бардык нерсени улуу себеп менен жараткан, асман жердеги бардык макулукту адам баласына багындырып жер бетине өз халифасын тараткан Затка чексиз мактоолор болсун. Анын айткандарын эч кынтыксыз толук бойдон аткарып Жараткандын алдына жөнөп кеткен Пайгамбарыбыз жол башчыбыз Мухаммадга САВ салаваттар саламдар болсун.

Айлана тегерегибиздеги кооз жаратылышка карап олтуруп Жараткан Алланын өтө чебердүүлүк менен жараткандыгына таң калбай койбойсуң. Көкмөк асман, кырка-кырка тизилген тоолор,шаркырап аккан суулар жылдын төрт мезгилинин өз-өзүнчө айтып бүткүс кооздугу бар. Эми мына ушул жаратылышка дагы да көрк берген бак- дарактар,тал-теректер экени талашсыз. Асман тиреген мырза теректер шамал менен бирге ыргалып өз тилинде тасбих айтып аткандай чайпалышат. Жаратылышты буларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Тоо койнуна эс алганы барып калсак дагы көлөкөлүү тал теректин астын тандайт эмеспизби. Чыканактап жата кетип чырм этип уйку алып,чыкыйдан эркелетип ойготкон чыгыштан соккон шамалга ичиркенип эс алып келсең кандай сонун.
Адам баласы бул жашоого жаралып эс тарткандан баштап эле жашоо арабасын тартып жашоо тиричилик менен алышып күн өткөрөт эмеспи. Алмустактан бери канча деген заман өттү эмне деген гана адамдар эмне деген гана падышалар дүнүйөнү дүңгүрөтүп байлыгы менен бийлиги менен кыбыр эткендин баарына бийлик жүргүзгөн төбөлдөр өттү. Ошолордун баарысы мына бүгүн жер бетинде жок. Шек күмөнсүз биз да бул жалган жашоо менен кош айтышабыз. Издерибиз өчүп жада калса атыбыз да унутулуп калат. Бирок тарых бетин карап олтурсаң канча кылым өтүп кетсе дагы кээ бирки инсандардын аттары тирүүсүндөй сакталып келет. "Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт" деп бекеринен айтпаса керек. "Жашоо үчүн жашабай жашатуу үчүн жаша"- деген ураан менен жашап, жеке эле өзүбүздүн керт башыбызды ойлобой бизден кийинки келечек муундарыбызды ойлоп алардын да камын көргөнүбүз туура болоор.
"Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели."
Дейт эмеспи биздин мамлекеттик гимнибизде.
Из калтыр бул дүйнөдө, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен деп да бекер ырдабаса керек.
Жараткан Аллах таала адам баласын жер бетиндеги орун басары кылып сыйлаганын ушудан байкасаңыз болот. Бардык нерсени бизге багындырып кызматыбызга жаратып койгон. Аттарды минебиз төрт түлүк малды сойуп жейбиз суудагыны тутуп асмандагыны атып жердегини кармап жейбиз. Карап отурсаң экологияга эң эле зыян келтирген адамдан өткөн бузуучу кыйратуучу макулук жок окшойт жер бетинде. Кичинекей кумурсканы карап олтурсаң анын да өзүнчө озуйпасы бар. Жырткыч жаныбарлар баарын жейт кырат дегенибиз менен алар жок болгондо талаадан өлгөн тарп өлүктөрдү эч ким жебей курттап сасып оору каптамак. Демек эң эле зыянкечи адам баласы турбайбы. Пайгамбарыбыз алайхис салам: "Кайсы бир мусулман пендеси дарак эксе, ал дарактын мөмөсүнөн адамдар, макулуктар жесе ага сооп жазылып турат. Пенде өтүп кеткенден кийин да анын сообу токтобойт. Ал дарак көгөрүп эле турган болсо кудайга кулчулугун кылып, Аллах Таалага сана-мактоолорун, тасбихтерин айтып, алардын жакшылык-сооптору өтүп кеткен маркум ээсине тийээрин" айтат. Жаратылыш менен жакын болгон адамдын, адамдык табияты бузула элек адамдын, адам бойдон сакталып турган адамдын колунан гана келээр бул жумуш.
Кудай таала куттуу куранда "Жегиле ичкиле бирок ысырап кылбагыла" дейт.
Демек жаратылыштагы бак-дарак,тал-теректи дагы ысырап болбогондой кылып каалагандай пайдалансак болот. Экологияны таза кармаганга чаң, жаман микропторду өзүнө сиңирип алып таза абаны болуп чыгараарын жакшы билебиз. Жооноруп өсүп калса үй курганга, полдогонго, устун болгонго аябай кереги тийет. Эң акыры болбой калды дегенде отун болот эмеспи.


Репост из: Пулат Каландар
Кызыл сөөлжанды америкалык селекционер органикалык жер семирткичтерди алуу жана жасалма шарттарда андан ары көбөйтүү максатында өстүргөн. БҮГҮН, Калифорния курту агробизнес үчүн эң универсалдуу жана экономикалык жактан жагымдуу болуп эсептелет.

Калифорниялык сөөл жыландын багбандар, ири дыйкандар жана курт фермерлери арасында суроо -талапка ээ болушунун негизги себеби - жакшы репродукциялоо жана туткунда жер семирткичтерди өндүрүү жөндөмү, б.а. жасалма шарттарда.

Мүнөздөмөлөрү:

Жашоонун узактыгы 16 жашка чейин

Уруктандыруу - ар бир 7-8 күндө.

Кокондордун ачылышы 14-21 күн. Ичинде 2ден - 20га чейин.

Жылына 1500 жаш куртка чейин - 1 жуп курттан. Айына 42 литрге чейин вермикомпост өндүрүлөт.


Билдирүү


Репост из: Пулат Каландар
көтөрүлүп кетсен да, акырында арам нерсени Аллахым бир күндө жок кылып коет.....#дилазык

Салтанат.Митиева...

Окуп жана бөлүшүңүз...мүмкүн кимдир бирөөгө таасир этет..


Репост из: Пулат Каландар
Эшикте басып жүрөм, каякка барарымды билбейм.Ушунча азапты башымдан өткөрүп,жинди болуп калбасам да,жиндиге окшоп жүрө бердим.Дагы балалуу болсом өлүп калса эмне кылам деп ойлоном.Эсиме бир классташ балам тушуп кетти.Ал биз отурган жерге такыр келбейт эле,мектепте окуп жүргөндө эле намаз окуп,мектепти бүткөндөн кийин,медресе окуп,дин жолунда жүрөт, ошол классташым Абдулла менен суйлошкум келип,дардымды айтып,сырдашкым келди.Туз эле үйүнө бардым,эшикти атасы ачып, үйгө кир балам деп үйүнө киргизди.Ары жактан эми эле намазын окуп буткон Абдулла, мени коруп, СубханАллах кош келипсин,азыр айтсам ишенбесең керек,бирок бугун сени негедир түшүмдө көргөн элем,жакшы келипсин,кир деп бир бөлмөсүнө киргизип, төшөккө отургузуп,азыр отуруп тур деп,нан,конфеттерди көтөрүп киргенде,эч нерсе албай келгениме уялып кеттим.Бир убакта Абдулланын он беш,он алты жашар баласы чай көтөрүп келгенде,мен да бул дүйнөдөн өткөн балдарымды эстеп, ыйлагым келип араң турдум.Бул чоң уулум,уч уулум бар, экөө медреседе окуйт, буйруса үчүнчүсүн да жакында берем деп калды Абдулла чай куйганча.Ии кел досум кайсы шамал учурду деген суроосуна,негедир сени көргүм келди,сени менен сүйлөшкүм келди десем,ии жакшы келипсиң досум деп, балдары жөнүндө айткан сайын, көзүмө жаш тегеренгенин көрүп,ии кечир досум,сенин азабынды билбей сүйлөп алдым окшойт деди.Эч нерсе эмес Абдулла,мен да сени менен сүйлөшөйүн деп келдим эле,мага сырдаш бол,мени алаксыта турган сөздөрдөн айт,мектеп убагында да эсиңдеби,биз ката кылсак,туура жолго салам деп артыбыздан күйүп жүрөт элең.Жол көрсөт мага,качанга чейин башым азаптан чыкпай жүрө берем,качанга чейин менин үйүмдө жаназа боло берет,качанга чейин балдарым өлө берет,качанга чейин жакшы кун көрбөй жашаймын,качан мен да той кылам деп өңгүрөп ыйлап жибердим.Абдулла мага карап,качан пешенен саждага тийгенде,качан гана Аллахты тааныганында рахат көрөсүң,ИншаАллах, өмүрүн Аллахты тааныбай өтүп кетип жатат,сага боорум ооруйт.Сага ачык айтам, дилиң оорубасын, башына ушунча азап жөндөн жөн келбеди,ошондо да сен Аллахты тааныбай жатасың,сен жашооңду башынан башта, көрөсүң,баары башкача болот,алгач сен Аллахка тообо кыл деп сүйлөп жатты Абдулла.

Абдулла бир топко чейин,хадисттерден сүйлөп отурду.Мен аны оозумду ачып, уккан сайын, өзүмө өзүм ушунча өмүрүм өтүп кеткенине ичим ачышты,мартаба,бийлик, байлык деп жүрө берипмин,кайран өмүрүм,кайран балдарым,кайран үй бүлөөм деп дагы ыйлай баштаганымды көргөн Абдулла,болду эми ыйлаба,эми каталарынды ондоп жаша,биз канча жашайт экенибизди өзүбүз билбейбиз,бул жагына акыретке даярданышыбыз керек,акыретте алып барчу соопторду кобойтушубуз керек дегенде,анын сөзүн угуп,башымды акыры силктим.Абдулланын ушул айткан сөздөрүн ушунча берилип угупмун,убакыт өтүп,шам болгонун байкабапмын.мени Абдулла узатып чыкканда, үйгө өтүп кел деп чакырып, үйүнөн кетким келбей араң үйгө бардым.Тан аткыча Абдулла сүйлөп берсе да,уга бергим келди.Абдулла менен сүйлөшкөндө ушунчалык женилдеп калдым.Кеч киргенге чейин мен жок болгонума кабатыр болгон аялым ,каякта жүрөсүз деп калды.Азыр кирем дедим да,даарат алып, биринчи жолу намаз китепти алдыма коюп,намаз окуй баштадым.Окуган сайын женилдей бердим,билсем билбесем да намаз окуй бердим.Бир мезгилде аялым,турун жайнамаздын үстүндө уктап калыпсыз дегенде гана турдум.Эртеси эле ишим жакшы болсо да,иштеп жүргөн ишимен чыктым.Намаз окугандан баштап,куштай жеңил болуп,намазга тойбой, беш маал намаз окуй баштадым.Дин мени такыр башка адамга айлантты.Эми мен бизнес кыла баштадым.Ким тообо кылса,намаз окуса Аллахым кылган күнөөңдү да кечирет турбайбы.Абдулла менин шам чырагым болду,жашоомо мазмун кирди.Азыр Кудайга шугур он үч жашар уулум,он жашар кызым бар.Уулумду жашынан эле,мени туура жолго салган Абдуллага динден таалим алсын,Аллахты таанысын деп бердим.Менин балдарым да мендей динди тааныбай өтүүсүн каалабадым.Мен Аллахка мага берген тагдырына ыраазымын,эгер ошондо менде ушундай сыноо болбогондо,дагы деле баткакка батып жүрөт белем?Ар бир сыноодо жакшылык бар экен.Инсандарга айтаарым,суткорлуктан алыс болгула,бул силерге береке эмес,балаа алып келет экен.Убагында байып,аябай


Репост из: Пулат Каландар
СҮТКОР...

Мен жакшы үй бүлөөдө чоңойдум.Атам бухгалтер,апам мугалим болуп иштейт эле.Жогорку окуу жайды жакшы бүтүп,атамдын тааныштары аркылуу жакшы ишке кирдим.Озум экинчи курста окуп жүргөндө үйлөнгөн үчүн, окууну бүткөндө, үчүнчү уулум төрөлдү.Ишим аябай жакшы,барган сайын мартабам ашып,улам бийиктикке көтөрүлө бердим.Иним үйлөнгөндөн кийин,биз бөлүнүп чыктык.Ишим жакшы болуп,акчам көбөйгөн сайын,акчамды процентке бере баштадым.Ал убакта динден түшүнүгүм болсо да,бирок бир да амалын аткарбайт элем.Пайызга берген акчаларым да көбөйүп,мен үй жайымды заңгыратып оңдоп алдым, үч уулдан кийин кыздуу болдум, мага кыз төрөп бердиң деп,аялыма машина да алып бердим.Ар дайым ушунда бактылуу күндөр болот деп ойлойт элем.Менин бул бактылуу күндөрүм баары түш сыяктуу өтүп кетти.Себеби мен командировкада жүргөндө, үйдөн өрт чыгып,аялым,балдарым менен чыга албай калып,баары күйүп кетишкен эле.Эч нерсе калбады,тапкандарымдан да айрылдым.Менде эч кандай үй бүлөө болбогондой,жалгыз калдым.Ичкиликке берилип кетип,иштен да айдалып кеттим, үйүм күйүп кеткенден кийин,атамдын үйүнө келдим,эки күндүн биринде үйгө ичип келем.Менин абалымды көргөн атам энем да кыйналып,мени көргөн сайын ыйлап сыкташат.Мен эч жерде иштебей ичип жүрө бердим.Мени же ажал алып кетпейт,ушинтип жүрүп,атам мени көрүп,акыл насаатын айтып жүрүп,күйүтүнөн бул дүйнө менен кош айтышты.Иним менен келиним мени жаман көрөт,аларга ашыкчалык кылаарымды билет элем,апамды сыйлаган үчүн айла жок унчугушпайт.Бир куну апам мага,Садык балам, атаң сени ойлоп, күйүтүнөн бул дүйнө менен кош айтышып кетти,мен да өмүр бою түркүк болбойм,менден кийин бул үйгө батышын күмөн, иниң бир тууган болгон менен, келиниң сага жат.Менин көзүм тирүүсүндө, атыңды камчылап ал уулум,менден кийин көчөдө калба балам дегенде,апамдын тизесине башымды коюп, өңгүрөп ыйлап кирдим.

Апа жаным апам сиз мени таштап кетпен,мен жалгыз каламбы,жалгыз эмне кылам деп ыйлаганымды көрүп,апам мага кошулуп ыйлады.Балам менин созумду ук,сага мурдагы жашаган уйунун ордуна уй салалы,азырынча эки комнат времянка салып берели,кийин керек болсо өзүн чонойтуп аласын,анан мынтип жалгыз жүргөнүн жакшы эмес,сенин башыңды эки кылбасам өлсөм да тынч жатпайм, күйөөсү өтүп кеткен же ажырашкан келин таап,сени үйлөп коёюн,мурдагыдай жашооң уланып кетет,козум ачыктыганда башынды эки кылсам дейм уулум деди апам.Мен апамдын сөзүн эки кылбай макул болдум.Апам өзү издеп журуп, күйөөсү менен ажырашкан келин тааптыр.Тез эле бир туугандарым жардам берип,эки комнат времянка куруп алган элем.Мага тапкан келин экөөбүз жолугуп,жылдызыбыз келишип,он чакты адамды конокко чакырып, биз үйлөндүк.Жаныдан жашоо баштадык,аялым намаз окуйт экен,мени да намаз окуңуз десе, көпкө чейин көнбөй журдум,намаз окуш мен учун аябай оор эле Журогум таш сыяктуу катып калган эле.Бара бара ичкенимди таштап,классташ баламдын жардамы менен ишке кирдим.Бир куну аялым боюнда бар экенин айтканда,оозума таш тыгылып калгандай болду.Эшикке чыгып кеттим да, өлүп кеткен балдарым көз алдыма тартылып,аларды катуу сагыныпмын, өзүмдүн унум өзүмө угулбай,бакырып ыйлай берипмин.Качан гана аялым сыртка чыгып,мени жоошутканда гана өзүмө келдим.Коп өтпөй татынакай кыздуу болдум.Ишим жакшы жүрүшө баштады,мен ишкананын акчасын алып,дагы элге процентке бере баштадым.Дагы мурдагыдай жакшы жашоом башталды.Тилекке каршы кызым бир жаштан өткөндөн кийин,капыстан ооруп,ооруканадан чыркыраган боюнча бул жашоону таштап кетти.Оорукананы башыма кийип ыйладым,кызым өткөнү аз келгенсип,апам да бул дүйнөнү таштап кетти.Эх Кудай мынча мени сынадын,ата энеми,аялымды,балдарымды алдың деп ыйлай баштадым.Бирок ичпедим,эч нерсеге көңүлүм жок,ишке барам,келем.Арадан көп убакыт өтпөй,аялым дагы кош бойлуу экенин угуп,кубанган жокмун,кубангандан корктум,эх Кудай,ушул төрөлө турган баламдын өмүрүн узак кыла көр деп,эшикке чыгып кеттим.Эшикте жамгыр жаап жаткан.


Репост из: Пулат Каландар
Бывают люди с очень хорошим характером. Все думают, что они хорошие. Но такие люди зачастую внутри в душе, оказываются очень мерзкими не хорошими, подлыми людьми. Маскируются умело.
А бывают люди с плохим характером, все думают что они такие плохие и внутри в душе. Но такие люди бывают очень добрыми внутри в душе.
Но я все таки за то чтобы была и душа добрая и характер хороший!:)


Репост из: Пулат Каландар
Эн биринчи суроо биз арзан деп эмне тамак аш сатып алып жатабыз ушул суроого жооп берейин арзан деп азот менен селитрада бышкан момо жемиштерди алып жатабыз арзан деп консервантар менен жасалган сусундуктарды алып жатабыз бизге белгисиз кошулмалары бар пальмовое масло деген технический май кошулуп жасалган сгущёнка конфет печенье алып жатабыз арзан деп туугандар бул акыры рак менен бутот десем жаман коруп жатасынар тушунгуло арзан эле болсо ала бербегиле окуу окуу жана окуу десе жаман коруносун карантийный службалар иштеген адисстер ар бир товардын таржымалы болот окуп гуглдан текшерип жарайт жарабайт элге айтып маалымат берип турсаныздар Кыргызстан Элинин ден соолугуна жакшы болот эле озунор кубо болгондой мечитерде базарларда каробка кармап турушат боору ооруйт жардам бергиле деп эч ким застрахован эмес мен орубай калам деп эч ким айта албайт себеби бизге кирген азык оокатар кылдатык менен текшерилбейт эн арзан тамак аш биздин базарларга келет оорулуу улут болуп калбаш учун озубуздун ондурушту которуш керек бир грамм эч нерсе сатып албай биздин потенциал жетет озубуздо бааржокту ондурсо болот келгиле туугандар импортко байкот жарялагыла Кыргыз Эли озун тамак аш менен камсыз кыла турган мамлекет болойлу Озубуздун ондурушту которолу!!!


Репост из: Пулат Каландар
ДЕПРЕССИЯ

Кумуна кусалыктын чөмүлгөндөй, Кур-бекер кубат-күчүм төгүлгөндөй.
Ойлорду бир багытка чогулта албай Олтурам эч бир ишке көңүл келбей.

Эмгектин эпкининде чамына албай Эч кимди жакшы көрүп сагына албай Эзилдим эки ортодо нечен жолу Эркимдин өктөмүнө багына албай.

Сапарда миң жолу утуп, жүз уттурган Сагынып турмуш шаңын кызып турган,
Буулугуп жүргөн менен иш калган жок,
Бул кезде жан-дүйнөмдү кызыктырган.

Күн санап кийинки муун өсүп барат, Күргүштөп мезгил тынбай көчүп барат.
Журбөгөн эски сааттын жебесиндей Жүрөктүн албуут деми өчүп барат.

Көмүлүп артта калган изимдеги Корунбөйт маани-максат ишимдеги. Жөргөмүш желе тартып кеткенсиген Жөө туман кыйнап турат ичимдеги.

Ыймандын аркасынан уят карап Ырларым ыкшоолонуп жыят канат. Бүлүнгөн паровоздун тетигиндей
Бүт жашоом бүтпөгөн иш сыяктанат.

Жүрөктүн доошун тыңшап алыстагы Жүрөмүн тормоз болуп жарыштагы. Тез-тезден басып турган ушул кесел Теңирдин мага айтылган табышмагы.
Жазган
Жыргалбек Касаболотов

Бирөө бирөөгө дары дейт ушул чынбы???


Репост из: Пулат Каландар
Бопо жеңем бурулуп, ийини солкулдап тизесин кучактай, наристе баланын кусуру урсун деп, кимдир бирөөнү каргагандай болот.
Тамак желип бүткөндөн кийин, мени жетелеп көшөгөнүн ичине алып киришип, эрге бергенин, азыр нике кыйылаарын, молдонун суроосуна макул деп айтаарымды эки жеңем эки кулагыма куюп жатты.
Эр эмне экенин билбеген жаным же кубанаарымды же ыйлаарымды билбейм..
Бир убакта Макамбай чал молдо менен кошо кирип келгенде карышкырдан качкан улактай бурчка тыгылдым..
Уй бүлөгө азап салган шүмшүк ушул адам экени билип тургандыктан жүрөгүмдү ансайын үшүттү... Кулагыма эч нерсе кирбеди, бата кылып баары чыгып кетишти...
Үксүйгөн чал мени баса калып, бакырып, ыйлаганыма карабай өз мүдөөсүнө жетүүгө жанталашып жатты...
Бопо жеңем энеси эгиз туугандай сүйүнчүлөп жүрөт...
Менин бактысыз сүйүүмө, келечексиз жашоомо, армандуу күндөрүмө сүйүнгөндөрү курусун...
Апалап тоону жаңыртып, эчкире - эчкире ыйлап, калып кеттим. Бопо жеңем да ботосунан айрылган төөдөй көз жашы тыйылбай карааны узап кетти. Апам байкуш канти экен, эми башын ким карап берет, жүндү ким тытышып кийиз кылат деп кейий берипмин, карангүн..
Ошентип 12 жашымда 80 деги чалга төртүнчү аялы- токолу болдум...
Күн сайын чалымдын неберелери менен топ таш ойнойм, кубалашмай, күндүзу секелек кыздар эрмегим...Кечинде чалдын эрмегимин, боздогонума карабай жетелеп койнуна салып беришет..Ошентип 9 балалуу болуп, бир баламдан башкасы 1 жаштан узак жашабады.
Мени эрге бергенден кийин 3 кар түшкөндөн кийин Атам кайтыш болуп, мени кошок айтып кел десе, атама эч жакшы сөз айта албайм.. Бопо жеңем кана айтчы жетим десе,
-Атам сатты макага (жүгөрү)
Аксакал бир такага (текеге) десем,
-Токтот, жетим кыз кантип ушундай болсун деп оё чымчыды..
Жылдар өтүп, менинби же ата энемдин каргышыбы чалымдын эки көзу көрбөй калды. Чыккынчылыкты жактырбаганданбы же өч алгысы келдиби менден мурдагы 3 байбичечеси тең карабай койду... Жөлөп таяп, жаш баладай жетелеп жүрүп, акыры ичер суусу түгөндү...
Ошентип жашап жүрүп чалдан 28 жашымда бир бала менен жесир калып, сенин чоң атаңа тийгемин деп калчу, бейиши болгур чоң энем.
Мен күбө болгонум Бопо, Бурма энелер чогуу үйдө, чай үстүндө ушул өткөн күндөрүн эскерип алчу.. Бопо энебиздин төшүндө күмүштөн жасалган, кичинекей тарелкадай кооздогучун тагып журчү... Чоң энемди атынан айтпай " Оо кыз " тергөөчу. Кемпирлер бирин бири кыз дес таң калчумун...
Алардын суранычы менен "Аксаткын менен Кулмурза", "Курманбек", "Эр Төштүк" жана башка эпосторун окуп же жат айтып берип, алар угуп черин жазып кетчү окурманым...

Бул окуяны эстегеним эки катын алам деген эрендер, кыздарыңар токол болушуна шарт түзбөгүлө!
Чечсе болот, көптү самагандарга
Күйөөсү өлгөнгө, ажырашкандарга, балалуу жубандарга үйлөнсө сооп гана болот эле. Уруксат берүү керек 30 өткөн кыздар турмушка чыгам десе...Азыркы эргулдар Макамбай чалга окшоп бир үй бүлөнүн, наристе кыздардын тагдырын талкалабайт деп ким кепил боло алат, ушундай акыйкатсыз заманда...Ал эми ислам дининде 4 аял алуу болот дегенге жамынбаш керек, себеби ал кез согушкер заман, эр жигиттер өлүп, жетим жесир көп болгон, тукум улоо зарылчылыгы бар эле...

Бар болуңуздар окурмандарым!

А.Элеманов


Репост из: Пулат Каландар
БАКТЫСЫЗ БАШ КОШУУ.

Эми коомубузда эптеп экинчи аял болуу же жаш аял ала коюу максат болуп калганбы деген ойго келдим..
Чоң энемдин 12 жашында 80 деги чалга токол болуп барганы тууралуу укканымды баян кылгым келди...
1910- жылы жут болду, мал кырылып, эгин чыкпай калды деп сөзүн баштоочу ...
Эптеп кыштан чыгып, ала шалбырт болуп турганда аркы айылдын аксакалы Макамбай үйүбүз тарапка ат бастырып келип, аттан түшпөй амандашып, атамдын чай ич дегенине көңүл бөлбөй, нан алып чыккан мени жүлүрөйгөн көздөрү менен теше тиктеп, жылмайганда оозунда бир да тиши калбаганын көрдүм...
- Ата, бул чал өткөндө да келген эмнеге келиптир десем, атам ачуулана,
-Сен киришпе!- деп кагып салды... Жаз келгенде атам өгүзгө бир линка кап менен жүгөрү жүктөп келип калды, өңү жайдары, жаш балача кубанып алган. Эки сөзүнүн бири эле Макамбай байды жерге сууга тийгизбей мактайт..
Ошентип, жүгөрүнүн жарымын иргеп уруктука алып, калганын жаргылчака тартып аштык кылдык. Жерди айдап, жүгөрү эгип, чыкканда сүйүнгөнүбүздү айтпа. Малдан кооруйбуз, алдын жумшартып, сугарабыз...Өскөн сайын кубаныч коюнга батпайт.
Ушундай күндө каргаша басты, атам жер тепкилеп, жашы мончок, мончок куюлат..Апам да кошо ыйлап алган. Таңга маал мындай жорук жүрөгүмдүн үшүн алды..
Көрсө Макамбайдын мал жылкысы атам эккен жүгөрүнү түнү менен талкалап, жеп чыгыптыр...
Уккан кулагыма ишенбей жылаң аяк бойдон чуркап барсам, биз эккен жүгөрүдөн дайын жок, жарымы калган же тебеленип жок болгон... Мен да буркурап ыйлап, жер чапчып отуруп калдым. Ошондо мен кайдан билипмин, атамдын жүгөрүсү менен кошо көчөт кызынын тагдыры талкаланганын....
Ыйлап сыктап, жаз өтүп күз келди....
Макамбай чал, күз келгенден баштап үйгө жүз келди. Кийин билсем атама күздө 2 кап жүгөрү бересиң деп, карызга берип, атамды доого жыгаар жаман оюу бар экен, акыры ишке ашырды...Казыга жүгөрүнү өзүнүн малы жеди деп арызданып барса, эртең кел деп жолго салат...
Эртеси күн көтөрүлгөндө казынын үйүнө барса Макамбай экөө кыраан каткы күлкү менен тосуп алышат.
Акыры атамды боздотуп, доодон кутулганы мени секелек кызын берүүсүнө чечим чыгарып берет. Атам үйгө келе албай жума бою ар жерде жатып жүрүптүр, байкуш атам..
Мени эрге беребиз деп даярдана башташты...
Той болот, сага жаңы кийимдерди кийгизебиз десе, сүйүнгөнүмү айтпа, тез эле болсо экен деп... Эрге тиесиң десе, жаңы көйнөктөн башканы билбеген жаным, элеп желеп...
Атам байкуш беш күндө эле бүкүрү чалга айланды, кийин өлөөр өлгүчө көзүмө тиктебей, атамдын жылуу, мени эркелеткен көздөрүн көрбөдүм. Мен келсем эле жер тиктеп, башын көтөрчү эмес. Жүгөрү жүрөк оорусуна айланган бейм. Мага чыккынчылык кылып, боор этинен бүткөн наристесинин келечеги, кыйнап турчу окшойт..
Анан да менин барчу чалым атамдан 20 жаш улуу киши эле..
Жүгөрүнү Макамбайдын малынан коорубаган мен экендей кээде мен өзүмдү да күнөөлү сезем...
Ошентип, кембагалдын калыңы бир эчки болдубу, союп кошуна колоңдор жеп кетти.. Мага кызыл көйнөк, жоолук берип жасап, жеңи узуун чепкен кийгизип коюшту...
Энелерибиз ошондой чепкендери менен айылга барганда жеңдерине кант катала, эт салып келеер эле...Мен качан кием апа? -десем
-Эрге тийгенде деп корс тийчү.
Ошентип, Бопо жеңем коштоп, мени Макамбай чалдын үйүнө жеткирип барышты. Кой союп мени төргө отургузуп, дасторкондо мен көрбөгөн таттуулар, боорсок кымыз.
Мен оңтоюу келгенде жаңы боорсок, канттардан жеңиме салып отурдум.
Койдун эти бышып, мага чооң жиликти устукан катары бергенде көздөрүм жадырай түштү..
Мууздай элегинде эле ооз тийип, жеңиме салганымды Бопо жеңем көрүп калып, кайра сууруп чыкты..
- Каралдым, биз кеткенде жей бересиң, эми антип катпа!
- Ээ, жеңе апама алпарым берем, көптөн бери эт турмак, шорпо иче элек.
- Садагаң болоюн козум, эми сен көпкө чейин апаңа барбайсың, сени калтырып кетебиз. Сени күйөөгө беребиз..
- Макул берсеңер бергиле, бирок, мени калтырбай ала кет жеңе, мен апама жүн тытышып кийиз кыламын...


Репост из: Пулат Каландар
Возвращаясь к важной теме принятия, поделюсь с вами притчей Ошо:

«Однажды, придя в свой сад, царь увидел, что деревья, цветы и кусты вянут и погибают. Тогда царь начал спрашивать их, почему они гибнут.

Дуб ответил, что умирает, потому что не может стать таким же высоким, как сосна. Сосна сказала, что не может плодить виноград, как виноградная лоза. А виноградная лоза увядала потому, что не способна цвести, как роза.

Затем опечаленный царь увидел прекрасный цветок, цветущий и источающий божественный аромат. На расспросы царя, цветок ответил:

— Когда ты посадил меня, ты хотел получать радость именно от меня — того, чем я являюсь. Если бы ты хотел розу, дуб или виноград — ты посадил бы их. Но ты выбрал меня, поэтому мне нет необходимости пытаться быть чем-то другим».

Вы такой, каким являетесь, только потому, что само существование нуждается в вас — именно таком, какой вы есть. В противном случае вместо вас был бы кто-то другой, или вы были бы другим. Поэтому расслабьтесь и примите себя.
#самопознание


Репост из: Пулат Каландар
САБЫР
Молдоке минбарга чыгып такыбачылык, сабыр жана ысыраптан алыс болуу жөнүндө сөз баштады. Бирок күн сайын көчө шыпырып жүргөн бир карыя анын сөзүн бөлдү:
-Таксырым, сиз жумушуңузга кымбат баалуу унааңыз менен, кымбат баалуу кийимдериңизди кийип, мечиттин ичин буркураткан кымбат баалуу атырыңызды себинип келесиз.Колуңузда болсо акыркы үлгүдөгү айфон. Жыл сайын умрага барасыз.
Молдоке, сиз бир күн кечке маал менин жупуну үйүмө барып, ылай жыттанган алачыгымда түнөңүз, эртеси багымдаттан кийин экөөбүз сабырдын эмне экендигин билиш үчүн колубузга шыпыргы алып көчөгө чыгалы, куйкалаган күндүн ысыгында орозо туткан абалда таштандыларды топтойлу. Мен күн сайын сиздин бир атырыңыздын пулуна туура келген айлык үчүн иштеп келе жатам. Сиз түркүн тамактар менен саарлык кылып, курсагыңыз тойгон соң салкын бөлмөгө кирип уктаганга шашасыз.
Албетте кечирим сурайм, бирок биз сабырды жакшы эле үйрөнүп жатабыз. Жадагалса сабыр менен жуурулушуп да калдык. Бизге кээ бир аалымдардын заалымдыгы жөнүндө сүйлөңүз. Бизге жашыруун бомбадай болуп тарап жаткан бекерчилик жана жалкоолук жөнүндө сүйлөңүз. Бизге дүйнө элдерин мажбурлап кедей абалга жана ачкачылыкка түрткөндөр жөнүндө сүйлөңүз. Бизге адамдарды байлыгына жараша бөлүү жана байлыктарды адилетсиз таркатуу боюнча сүйлөңүз. Бизге өлкөбүздүн алкымына чейин жеткен паракорчулук жана паракорлор жөнүндө сүйлөңүз. Бизге бийликти, байлыкты мурас катары өз ара бүлөшкөн топтор жөнүндө сүйлөңүз. Бизге нечен мусулмандар кыйналып жатканда, колунда бийлиги жана байлыгы туруп, дүлөй, сокур, дудук болгондор жөнүндө сүйлөңүз. Бизге Кудайдын атын оозунан түшүрбөй, бирок элди тоногон башчылар жөнүндө сүйлөңүз!
Болбосо сиздин хутбаңыз жөн гана куру сөз болуп кала берет.
Которуп, даярдаган Nuriet Abdulaziz


Репост из: Пулат Каландар
Достор, мага достукка запрос таштагыла! Биригели! Келгиле бөлүшкүлө, перепост кылгыла! Баарыбыз аракеттенип, жаз келгиче даярданып, 1 көчөт болсо да отургузалы. Кыргызстанда дарак калбай баратат Кыргызым! Бак кылыш керек! Интенсивный багбанчылык боюнча жумуш баштадык. Карликовый көчөттөрдү отургузалы. Жаныча иштейли! 1 гектардан 50 тоннадан 120 тоннага чейин тушум алалы. Тюльпан, роза, смородина, малина гектарлап отургузалы, өтө пайдасы чон болот экен.
Таджикистанга барып келдим. Миндеген гектар жүзүм, өрүк, анар, хурма, алма, гилаз, шабдалы отургузушуптур. Тажик президенти Эмомали Рахмонов өзү контроль кылып карайт экен. Дагы 3 жылдан кийин мөмө-жемиш боюнча лидер мамлекеттерге кошулат. Быйыл жузум бышкан кезде Тажикстанда 1 сомони болду дейт. Ал 10 сом болот биздин акчага. Биздин жерибизге чырпык сайсан чынар болот. Токтотуш керек кен-байлыктарды сатканды. Эл эмгегин жер жебейт дейт. Эл түшүнүш керек. Бак-бул сооп, бак- бул эстелик. Бак- бул байлык, азык, ден-соолукка да пайдалуу. Эт эле жеп жүрүп, инсульт, жүрөк оору болуп канча туугандарыбыз кыйналып жүрөт. Бак тигели, мээнет кылалы, баарыбыз ашыкча салмак менен күрөшүп жатабыз. Иштебесен, кан айланбаса кайдагы ден соолук? Кыргызым, бак тигели, миндеген гектар жерлер ыйлап жатат! Бизди кутуп жатат, качан мени пайдаланышат деп. Бакты пропаганда кылайлыбы!!! Зөөкүр уул -кыз болбой, өз мекенибизди гүлдөтпөйлүбү?! Реальный бизнес-план түзүп, мамлекеттик колдоо сурайлы! Келген кредиттерден бөлүп, багбандарды жумушка алалы. 5 жыл чыдасак кийинки шайлоого өзүбүздүн мөмө-чөмөлөрдү жеп кылабыз. Атагын чыгаргысы келгендерге чон мункунчулук! Түкүнчөнүн чон багы бар, момундай фрукталар өсөт экен деп айтышса Тажикстанда бай болмоктон мульти-пульти бай болсон да өзүңдүн багың болбосо не престижно дегендей болот экен. Эми байыган жаны байлар өзүн көрсөтө албай убара. Ат алып жатат, футбол сетка куруп жатат. 570 машина, 2- аял алып, элитка, особняк, дача, кафе, чайхана куруп атышат. Мунун баары деле жакшы, түзүк дейли. Бирок, артыңарда да силерден эстелик калсын. Келгиле 40-50 миң доллардан ат алып, улак чаапканды билбесе да суббота күндөрү талтаңдап обьездде жүрүшөт, навориштер ушудан көрө бак тигишсин. Президент өзү баштап берсе деле жаман болбос. Президенттин жакын жактары ыссыкты муздатып, суукту ысытып көрсөтүп, реальный проблемаларды көргөзбөй жатышат. План жок, эптеп күн өттү жашоого көнүп баратат элибиз. Эми ойлончу кез келди, мээнет кылайлы баарыбыз! Эр эмгегин жер жебейт туурабы туугандар? Эми суроолорум бар. Көчөттү кай жерден алабыз? Кимде кандай ой-пикир, сунуш бар? Анан дагы ким өмүрүндө канча көчөт отургузган? Ким кандай дарактарды жакшы көрөт? Кимдин канча сотик же гектар жери бар? Быйылкы жазга канча көчөт отургузууга план бар жана кимге кандай көчөттөр керек? Суроолорго комментарийге же личкама жооп жазгыла. Кыргызстандын келечегине кайдыгер карбаныздар! Мамлекеттин өсүп-өнүгүшү үчүн силерди мээнет кылууга, жардам берүүгө чакырам. Баардык саясатчылар, лидерлер быйылкы жылдын жазын биргеликте бак отургузуу, Кыргызстандын 7 дубанында көрктөндүрүү иш-чараларын демилгелеп, чогуу-чараан иш алып баруунуздарды суранам! Келгиле, келечек муунга биздей болбой ак мээнет менен күн көрүүгө үйрөтуп, өзүбүз үлгү бололу!!!
Жаңы көчөттөр буйруса Ош шаарында 30-мартта Ош улуттук драматеатрынын жанында сатылат.


Репост из: Пулат Каландар
- Иштин ийгилиги сиздин көчөт тандооңузга байланыштуу болот. Айрым питомник, фирмалардын көчөттөрү 99 пайыз көктөп кетет. Эгерде сиз Өзбекстандын Тажикстандын, Россиянын көчөттөрүн алганда алардын баары кургап калышы мүмкүн.
- Көчөттүн кантип отургузуу керек?
- Көчөттү отургузууда алгач жерди даярдап алсак жакшы болот. Биз тереңдиги, диаметри 30 см болгон чуңкурча казып, олтургузабыз. Мындай учурда тамыр кысылып калат. Эң аз дегенде тереңдиги 60 см болушу кажет. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, чуңкурчаны тереңдиги, диаметри бир метр кылып казыңыздар. Ак топурак, чопо болсо биогумус аралаштырып туруп көөм коюш керек. Бак отургузгандар менин жерим кумдуу, таштак, сары топурак деп тоскоолдуктар туурасында айта беришет. Бирок, бардык жерге бак отургузса болот. Суу маселесин чечсеңиздер топурак проблема эмес. Топуракты казып алып таштап, тоонун кара топурагына биогумусту аралаштырып салып койсоңуз жарай берет.
Борбор Азия Багбандар Биримдигинин жетекчиси (Абдулла Ташиевич)


Репост из: Пулат Каландар
Борбор Азия Багбандар Биримдигинин жетекчиси.
Кыргызстанда багбанчалыкты өнүктүрүү фондунун жетекчиси.
Бак тигүү боюнча эксперт, эко-активист Абдулла Ташиевич
“ Көчөт тандоодо анын ден соолугуна көңүл бургула”
Абдулла Ташиевич жаздын келерине аз эле убакыт калды. Менимче азыр көчөттөрдү сатыкка даярдоо иштери жүрүп жатса керек. Окурмандарыбызга көчөт тандоодо жаңылып калбашы үчүн бир нече кеңешиңизди бере кетсеңиз...
- Бак отургузуу иштери Кыргызстанда жакынкы 15 күндүн аралагында башталат. Андыктан сиз мага эң туура учурда кайрылдыңыз. Биз кыргыздар ар бирибиз өзүбүздү багбан сезебиз. Бир көчөттүн алып барып отургузуп койсок эле көктөп кетет деген ойдо жүрөбүз. Бирок, бул маанилүү иш. Ага кылдаттык менен мамиле кылбасак бир көчөттү отугузуп, анын көктөшүн көтүп отурганча бир жыл убакытты коротобуз. Айрымдар сапаты начар көчөт алып алып, эки, үч жыл уттуруп жиберишет. Ошондуктан бакты көктөндүрүүдө көчөттүн сапатына карап сатып алууну үйрөнүшүбүз зарыл.
- Кыргызстанда сатылган көчөттөрдүн көбү чет жактан алынып келинет деп уктум. Ушул маалымат туурабы?
- Кыргызстанда сатылган көчөттөрдүн 90 пайызы чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Ал эми 10 пайыз көчөт өзүбүздө өстүрүлөт. Акыркы 27 жылда биздин эл Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен ташылып келинген контрабанда көчөттөрдү отургузуп келди. Жылына коңшу өлкөдө 100 млн көчөт алынып келинчү. Бирок, көчөттүн сапаты начар болгондуктан бизде өспөй кайра эле келерки жылда жаңысын отургузуп, чыгым тартып келгенбиз. Азыр байкап көрсөңүздөр Кыргызстанда бак аз. Эмне үчүн? Бул бизге ташылып келген көчөттөрдүн сапатынын начардыгынан кабар берет. Эгер көчөттөр сапаттуу болгондо өлкөнү мөмөлүү бак басып кетмек . Акыркы 4 жылда Сербиядан көп көчөт алынып келинди. Ал жакта фитосанитария жок болгондугуна байланыштуу сапаты начар болду. Бактериалдык күйүк ошол сербиялык көчөттөр менен кошо келди. 2019-жылдан баштап гана абал оң жолуна түшө баштады. Азыр 90 пайыз көчөт Түркиядан алынып келинүүдө. Бактыга жараша мына ушул көчөттөр биздин жерге ылайыкташтырылган болуп чыгып, азыр көйгөй жаралбай калды. Андан тышкары Польшадан, Германия, Италиядан да көчөт алынып келинүүдө.
- Көчөт тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
- Биринчи кезекте көчөттүн ден соолуган көңүл буруу зарыл. Сырттан келген көчөттөрдүн сертификаты болот. Анда өсүмдүктөн вирустук зонадан тышкары экендигин аныктаган белгисинин болот. Сиздер өсүмдүктү сатып алып жатканда тартынбай эле сертификатын сураңыздар. Майда чач сыяктуу көп жана күчтүү тамырлуу көчөт жакшы көктөйт. Көчөттүн жашы да маанилүү. Бир жылдык көчөт алып алсаңыз дагы бир жыл анын жерге калыптанып өсүүсүнө убакыт кетет. Эки жылдык көчөт келерки жылы мөмөсүн бере турган болот. Эгер акчаңыз көп болсо, карлик бак кылыңыз. Эгер каражат тартыш болсо полу карлик бак тигүүнү сунуштайм. Механикалык бузулууларына да көңүл бөлүңүздөр. Эгер өсүмдүктөн бир жери сынып же сыйрылып кеткен болсо, ал куурап калышы мүмкүн. Муздаткычта сакталган көчөт алганыңыз жакшы. Анткени муздаткычта сакталбаган көчөт жай саратанда куурап калышы мүмкүн. Сиз өзүңүз үчүн кайсыл учурда мөмө алгыңыз келет алгач ошону аныктап алыңыз. Эгер мөмөсү эрте бышкан же кеч бышканын тандасаңыз пайдасы көп болот. Жайдын ортосунда мөмөсү бышкан бактан пайда аз. Анын мөмөсүн кыя жасап, как гана кыла аласыз.
- Бакты кайсыл мезгилден баштап отургуза берсе болот?
- Кыргызстанда көчөт отургузуу мезгили 15-февлардан 15-июнга чейин созулат. Мисалы, Лейлек районунда 15-февралда башталат. Баткенде 25-февралдан тарта отургузулат. Март айында Ош облусунун багбандары ишке киришишет. Апрель айында Токтогул, Талас, Бишкекте багбанчылыкты баштай берсеңиздер болот. Ал эми Ысык-Көл Нарындыктар 15-июнга чейин отургузушат.
- Биздин өлкөгө сырттан ташылып келген көчөттөр дароо эле тамыр алып кетеби же куурап калгандары да болобу?

Показано 20 последних публикаций.