Репост из: Пулат Каландар
Пайгамбарыбыз САВ дагы башкалар бузуп кеткен нерсени ондогондорго бейиштеги бир өрөөн болсун деп алкаганын билебиз.
Күндөрдүн биринде персиянын башчысы Кисро адаттагыдай адамдары менен айланып чыгып калат. Жолдон жашы өтүп калган аксакалдын зайтун дарагын тигип атканын көрүп калып ага кайрылып тамашалай "- Эй аксакал бул зайтунунуз мөмөсүн өтө эле кеч берчү эле, өзүңүз белиңиз бекчейип картайып да калыпсыз. Чамасы мунун пайдасын көрбөй каласыз го"- дейт. Анда аксакал падышага карап "-Урматтуу падышам,бизден мурдагылар эгишкен эле биз жедик, эми бизден кийинкилер жесин деп эгели да"-дейт. Даанышман аксакалдын бул жообуна таң калганын жашыра албаган падыша "-оо бали кандай сонун"-деп төрт миң дирхам берет. Падыша ушул сыяктуу таң калыштуу нерселерге күбө болуп калса акчалай сыйлык бериш анын адаты боло турган. Бир заматта төрт миң дирхамдуу болгон акылман абышка падышага дагы кайрылып, "-Урматтуу падышам менин эгинимди көрдүңүзбү өтө тез мөмө берди"-Падыша бул жолу да төрт миң дирхам карматты. Падышанын берешендигине кынык ала түшкөн аксакал "Урматы улук падышам билесизби, негизи бир дарак бир жылда бир эле жолу мөмө берет. Менин дарагым болсо бир саатта эле эки жолу мөмө берди дейт. Адам акылын айран калтырган сөздөргө таң калган падыша дагы төрт миңди берди дагы дароо жөнөп кетти. Анан жолдо баратып "Бул киши менен тура берсек казынадагы байлыктарыбыз да жетпей калчудай" деп жолун улады.
Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.-деп белгилүү акындардын бири айткандай колубуздан чоң нерселерди куруш келбесе дагы жок дегенде бир чырпык сайып койсок көктөп өсүп кете турган болсо алыстан келсең Дүйшөн менен Алтынайдын теректериндей болуп шамалга шуулдап салам айтып турса жакшы эмеспи. Алма өрүк эгип койсоңуз өткөн кеткендер мөмөсүн,чымчыктар бутактарын,астындагы көлөкөсүн пайдаланып турса баары үзгүлтүксүз келе бере турган сооп болуп эсептелет.
Өлөөрүңө бир күн калаарын билсен дагы дарак эк деген сөз жөндөн-жөн калбаса керек.
Илгерки адамдар мөмө -жемиш бере турган дарактарды атайын көчө жакты каратып шагын ийилте эгишчү экен,көчөдөн өткөн адамдар жешип сообу тийип турсун деп.
Жайдын саратан күндөрүндө сапарга чыгып калсаңыз мээ кайнаткан ысыктын күнүндө жол жээгинде көлөкөлүү бакты көрүп калсаңыз адам турмак жылкы жаныбар да эс ала тушот.
Ошондуктан урматтуу туугандар,күздө унутуп калган кетмениң жазда көктөп кете турган, чагып аткан семичкаң колуңдан түшүп кетсе урук өсүп чыга турган жерибиз бар. Ушундай берекелүү жерибизди пайдаланалы.
Арап мамлекеттеринде бир эле курманы багып өстүрүү үчүн миңдеген доллар бөлүнөт. Анткени ал жактын атмосферасы такыр башка. Дары-дармек менен өстүрүш керек.
Алакандай жер талашып канчалаган кан төгүлүп, канчалаган адамдар кырылышып атканын билебиз дүнүйөдө. Эртең ушул жерибизге да жооп бере турган күн келээрин унутпайлы. Хадистерде айтылгандай жердин үстүндөгү катмарына эле эмес жети кабатына чейин жооп беребиз.
Абаса 24-32
Кудай таала бизге канчалаган гана кооз абдан даамдуу ырыскыларды берип койгон. Анан да таң калыштуусу ар бир мөмө жемишти мезгилдин талабына ылайык жаратып бышырып койот. Биздин бир эле ашказаныбыздын каалоосу үчүн ушунун баарын жараткан Аллага чексиз шүгүрлөр болсун. Эми биз өзүбүз жегенден кийин башкалар дагы жесин деп ошол кооздукту бузбай дагы да эгип койгонду унутпайлы. Өзүңө каалаган жакшылыкты өзгөгө кааламайын толук момун боло албайсың дейт Пайгамбарыбыз САВ
Ислам дини бизди жер бетин кооздоп тал терек эккенге үндөйт.
Хадистерге назар салсак " Жада калса колунарда көчөт турган мезгилде кыямат башталып калса дагы,колдон келсе ошону эгип калсын.
Өнүккөн эл бул - такыр жер да калтырбай ар нерселерди эгип жерди бош калтырбаган эл. Келгиле ар бирибиз эгели. Аларга ат койуп алалы. Биз өтүп кеткенде урпактарыбыз эстеп жүрө тургандай болсун ушул теректи бешинчи атам эккен деп.