Репост из: Пулат Каландар
Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Дүнүйөдөгү бардык нерсени улуу себеп менен жараткан, асман жердеги бардык макулукту адам баласына багындырып жер бетине өз халифасын тараткан Затка чексиз мактоолор болсун. Анын айткандарын эч кынтыксыз толук бойдон аткарып Жараткандын алдына жөнөп кеткен Пайгамбарыбыз жол башчыбыз Мухаммадга САВ салаваттар саламдар болсун.
Айлана тегерегибиздеги кооз жаратылышка карап олтуруп Жараткан Алланын өтө чебердүүлүк менен жараткандыгына таң калбай койбойсуң. Көкмөк асман, кырка-кырка тизилген тоолор,шаркырап аккан суулар жылдын төрт мезгилинин өз-өзүнчө айтып бүткүс кооздугу бар. Эми мына ушул жаратылышка дагы да көрк берген бак- дарактар,тал-теректер экени талашсыз. Асман тиреген мырза теректер шамал менен бирге ыргалып өз тилинде тасбих айтып аткандай чайпалышат. Жаратылышты буларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Тоо койнуна эс алганы барып калсак дагы көлөкөлүү тал теректин астын тандайт эмеспизби. Чыканактап жата кетип чырм этип уйку алып,чыкыйдан эркелетип ойготкон чыгыштан соккон шамалга ичиркенип эс алып келсең кандай сонун.
Адам баласы бул жашоого жаралып эс тарткандан баштап эле жашоо арабасын тартып жашоо тиричилик менен алышып күн өткөрөт эмеспи. Алмустактан бери канча деген заман өттү эмне деген гана адамдар эмне деген гана падышалар дүнүйөнү дүңгүрөтүп байлыгы менен бийлиги менен кыбыр эткендин баарына бийлик жүргүзгөн төбөлдөр өттү. Ошолордун баарысы мына бүгүн жер бетинде жок. Шек күмөнсүз биз да бул жалган жашоо менен кош айтышабыз. Издерибиз өчүп жада калса атыбыз да унутулуп калат. Бирок тарых бетин карап олтурсаң канча кылым өтүп кетсе дагы кээ бирки инсандардын аттары тирүүсүндөй сакталып келет. "Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт" деп бекеринен айтпаса керек. "Жашоо үчүн жашабай жашатуу үчүн жаша"- деген ураан менен жашап, жеке эле өзүбүздүн керт башыбызды ойлобой бизден кийинки келечек муундарыбызды ойлоп алардын да камын көргөнүбүз туура болоор.
"Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели."
Дейт эмеспи биздин мамлекеттик гимнибизде.
Из калтыр бул дүйнөдө, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен деп да бекер ырдабаса керек.
Жараткан Аллах таала адам баласын жер бетиндеги орун басары кылып сыйлаганын ушудан байкасаңыз болот. Бардык нерсени бизге багындырып кызматыбызга жаратып койгон. Аттарды минебиз төрт түлүк малды сойуп жейбиз суудагыны тутуп асмандагыны атып жердегини кармап жейбиз. Карап отурсаң экологияга эң эле зыян келтирген адамдан өткөн бузуучу кыйратуучу макулук жок окшойт жер бетинде. Кичинекей кумурсканы карап олтурсаң анын да өзүнчө озуйпасы бар. Жырткыч жаныбарлар баарын жейт кырат дегенибиз менен алар жок болгондо талаадан өлгөн тарп өлүктөрдү эч ким жебей курттап сасып оору каптамак. Демек эң эле зыянкечи адам баласы турбайбы. Пайгамбарыбыз алайхис салам: "Кайсы бир мусулман пендеси дарак эксе, ал дарактын мөмөсүнөн адамдар, макулуктар жесе ага сооп жазылып турат. Пенде өтүп кеткенден кийин да анын сообу токтобойт. Ал дарак көгөрүп эле турган болсо кудайга кулчулугун кылып, Аллах Таалага сана-мактоолорун, тасбихтерин айтып, алардын жакшылык-сооптору өтүп кеткен маркум ээсине тийээрин" айтат. Жаратылыш менен жакын болгон адамдын, адамдык табияты бузула элек адамдын, адам бойдон сакталып турган адамдын колунан гана келээр бул жумуш.
Кудай таала куттуу куранда "Жегиле ичкиле бирок ысырап кылбагыла" дейт.
Демек жаратылыштагы бак-дарак,тал-теректи дагы ысырап болбогондой кылып каалагандай пайдалансак болот. Экологияны таза кармаганга чаң, жаман микропторду өзүнө сиңирип алып таза абаны болуп чыгараарын жакшы билебиз. Жооноруп өсүп калса үй курганга, полдогонго, устун болгонго аябай кереги тийет. Эң акыры болбой калды дегенде отун болот эмеспи.