Репост из: Пулат Каландар
Бопо жеңем бурулуп, ийини солкулдап тизесин кучактай, наристе баланын кусуру урсун деп, кимдир бирөөнү каргагандай болот.
Тамак желип бүткөндөн кийин, мени жетелеп көшөгөнүн ичине алып киришип, эрге бергенин, азыр нике кыйылаарын, молдонун суроосуна макул деп айтаарымды эки жеңем эки кулагыма куюп жатты.
Эр эмне экенин билбеген жаным же кубанаарымды же ыйлаарымды билбейм..
Бир убакта Макамбай чал молдо менен кошо кирип келгенде карышкырдан качкан улактай бурчка тыгылдым..
Уй бүлөгө азап салган шүмшүк ушул адам экени билип тургандыктан жүрөгүмдү ансайын үшүттү... Кулагыма эч нерсе кирбеди, бата кылып баары чыгып кетишти...
Үксүйгөн чал мени баса калып, бакырып, ыйлаганыма карабай өз мүдөөсүнө жетүүгө жанталашып жатты...
Бопо жеңем энеси эгиз туугандай сүйүнчүлөп жүрөт...
Менин бактысыз сүйүүмө, келечексиз жашоомо, армандуу күндөрүмө сүйүнгөндөрү курусун...
Апалап тоону жаңыртып, эчкире - эчкире ыйлап, калып кеттим. Бопо жеңем да ботосунан айрылган төөдөй көз жашы тыйылбай карааны узап кетти. Апам байкуш канти экен, эми башын ким карап берет, жүндү ким тытышып кийиз кылат деп кейий берипмин, карангүн..
Ошентип 12 жашымда 80 деги чалга төртүнчү аялы- токолу болдум...
Күн сайын чалымдын неберелери менен топ таш ойнойм, кубалашмай, күндүзу секелек кыздар эрмегим...Кечинде чалдын эрмегимин, боздогонума карабай жетелеп койнуна салып беришет..Ошентип 9 балалуу болуп, бир баламдан башкасы 1 жаштан узак жашабады.
Мени эрге бергенден кийин 3 кар түшкөндөн кийин Атам кайтыш болуп, мени кошок айтып кел десе, атама эч жакшы сөз айта албайм.. Бопо жеңем кана айтчы жетим десе,
-Атам сатты макага (жүгөрү)
Аксакал бир такага (текеге) десем,
-Токтот, жетим кыз кантип ушундай болсун деп оё чымчыды..
Жылдар өтүп, менинби же ата энемдин каргышыбы чалымдын эки көзу көрбөй калды. Чыккынчылыкты жактырбаганданбы же өч алгысы келдиби менден мурдагы 3 байбичечеси тең карабай койду... Жөлөп таяп, жаш баладай жетелеп жүрүп, акыры ичер суусу түгөндү...
Ошентип жашап жүрүп чалдан 28 жашымда бир бала менен жесир калып, сенин чоң атаңа тийгемин деп калчу, бейиши болгур чоң энем.
Мен күбө болгонум Бопо, Бурма энелер чогуу үйдө, чай үстүндө ушул өткөн күндөрүн эскерип алчу.. Бопо энебиздин төшүндө күмүштөн жасалган, кичинекей тарелкадай кооздогучун тагып журчү... Чоң энемди атынан айтпай " Оо кыз " тергөөчу. Кемпирлер бирин бири кыз дес таң калчумун...
Алардын суранычы менен "Аксаткын менен Кулмурза", "Курманбек", "Эр Төштүк" жана башка эпосторун окуп же жат айтып берип, алар угуп черин жазып кетчү окурманым...
Бул окуяны эстегеним эки катын алам деген эрендер, кыздарыңар токол болушуна шарт түзбөгүлө!
Чечсе болот, көптү самагандарга
Күйөөсү өлгөнгө, ажырашкандарга, балалуу жубандарга үйлөнсө сооп гана болот эле. Уруксат берүү керек 30 өткөн кыздар турмушка чыгам десе...Азыркы эргулдар Макамбай чалга окшоп бир үй бүлөнүн, наристе кыздардын тагдырын талкалабайт деп ким кепил боло алат, ушундай акыйкатсыз заманда...Ал эми ислам дининде 4 аял алуу болот дегенге жамынбаш керек, себеби ал кез согушкер заман, эр жигиттер өлүп, жетим жесир көп болгон, тукум улоо зарылчылыгы бар эле...
Бар болуңуздар окурмандарым!
А.Элеманов