Forward from: БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
🛐НАМАЗ ОКУП ЭМНЕ ТАПТЫҢ?!
⠀
Аллах Таала чоң атам менен чоң энемди ырайымына алсын. Ошо кишилер басса - турса эскертип, кээде мактап, кээде урушуп, таң агаргандан баштап " тургула намаз окугула, кеч калды, болгула !" деп кайра - кайра айтып жатып намаз окуганды үйрөткөндөр эле... Атам кичүү баласы болгондуктан, мен чоң атам менен чоң энемдин колдорунда чоңойдум. Үйүбүз тоонун түбүндө күн кышында тийбейт, суугуна карабай, намаздын аба менен суудан да зарыл экенин кулагыма куюп, жети - сегиз жашымдан эле чоң энем ээрчитип алып, даарат алса даарат алып, намаз окуса кошулуп окуп жүрүп, жүрөгүмө орнотуп салыптыр жарыктык энем. Ушул күнгө чейин башыма келген оор сыноолордун курчоосунда калсам да, окуган намазымдын шарапаты менен жеңил өткөрүп, сынбадым. Азыр менде намаз калтыруу деген түшүнүк жок. Бир аз эле ооруп калсам дароо " Оо, Раббым! Намазымдан ажыратпа, акыркы демиме чейин тилиме, денеме жеңил кыл, намазым менен Өзүңө жолугайын" деп дуба кылам. Намаздын жашоом үчүн канчалык пайдасын ойлогон сайын, күн суукта эшик алдында чоң энемдин " Тургула намаз окугула !" деген чакырыгын эстеп ыраазы болуп, Алладан алардын билип - билбей кылган күнөө - каталарын кечиришин тилеймин. ..
⠀
Намаз жашообузда эң маанилүү ибадат экенин Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи салам өлөөр алдыңда " Үммөтүм, үммөттүм, үммөттүм! Намазга бекем болгула, намазыңарды өз убагында окугула, намазсыз бейишке кире албайсыңар, намазыңар жок Аллах алдында эч кимсиңер " деп эскертип кетти...
⠀
Намаз жөнүндө жаза берет, эскерте берет деп, намазга маани бербеген, кээде окуп, кээде таштап, анан баштаймын - деп жүргөн туугандарым! Намаз окуп эмне таптың десеңиз:
⠀
Акылым менен Алланы таанып, жүрөгүм менен сезип, өзүмдүн ким экенимди билип, жашоомдогу максатымды таптым. Дайыма кыжаалат болгон жүрөгүм тынчып, маанайым ачылып, башыма кандай сыноо келсе да стресс - депрессия дегенди жеңил чыккан жолду таптым. Жаман ойлор кетип, жашоого кызыгып, караңгылап калган дүйнөмө жарык кирди, анткени Аллахты таптым. Сиз менен мен күтүп, чакырып, издеп жүргөн бакыттын сырын таптым. Мен бактылуумун.
"Ким Жаратканды тапса, ал бүт нерсени тапканы. Ким Аны жоготсо, ал бүт нерсени жоготкону."
⠀
Дегеним, жашоомдогу эң маанилүү, зарыл ишим деп намазды эсепте. Намазды өз убактысында берилүү, кунт коюу менен оку. Тамак ичүүнү унутуп калбаган сыяктуу намазды да унутпа. Намаз – сенин максатың, үмүтүң, жашооң, өмүрүң болсун!
⠀
Эгер ушундай болсо, анда сүйүнө бер: сен Алланын коргоодосуң, периштелер дубасындасың, дайыма ырыскың ашып- ташып турат, өмүрүң берекелүү болот.
⠀
“Аллахым мени да, менин урук-урпагымды да намаз окуучулардан кыл” (“Ибрахим” сүрөсү, 40-аят).
⠀
🧕Автор: Насиба Абдуллаева.
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907