Бейишке карай жол


Channel's geo and language: Uzbekistan, Uzbek
Category: not specified


Ассалому аллейкум
Журокту Аллах учун таза сактаныз! Журок Аллахты суйуу учун жаралган💚 Аллах журоктордун ээси!💛 Куран угуп журогунузду эс алдырыныз!!! Куран угуп соопко ээ болунуз!Журок куранга ашык Журок куранга муктаж! 🕋 Суроолор болсо:@askbkva

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Uzbekistan, Uzbek
Category
not specified
Statistics
Posts filter




🤍😍


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🎞 МЫНДАЙ ЖЕРДЕ ЭЧ КАЧАН КАЛБА

t.me/risalatkg


Кахф сүрөөсүн окудуңуздарбы?


Жума маарек болсун🤲🤍


Forward from: Күндөлүктүн күкүмү
🖇️

“Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү” күнү кут болсун!

Берген/алган китептериңерди “комментарийге” бөлүшүп койсоңор кубанам📖⤵️




*БАРААТ ТҮНҮНДӨГҮ ИБАДАТ*

Шаабан айынын он бешинчи түнү Бараат Түнү болуп эсептелет. *Бул түнү жок дегенде бир Тасбих Намазы окулат.*

*Бараат Түнүндө сунушталган "нафил намазы" бар.*100 рекеттен турган бул намазды окуган адам ошол жылы өлсө, шейиттик даражага жетет.

Намазга мындай ниет кылынат: “Оо, Раббим! Сенин ыраазычылыгың үчүн намазга ниет кылдым. Мени Сенин кечиримиңе жана илахий пейзиңе жеткир. Жүрөктүн катуулугунан, дүйнө жана акыреттеги кыйынчылыктардан куткарып, бактылуулукка жеткендердин катарына кош.” Аллаху Акбар.

Ар бир ракатта Фатиха сүрөсүнөн кийин 10 Ихлас сүрөсү окулат, эки ракаттан бир салам берилет жана 100 ракатка толукталат.

Намаздан кийин төмөндөгү 11 дуба 14 жолу окулат (Аллаху Тааланын “Ху” ысымынын абжад эсебиндеги мааниси 11 жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ысымдарынан “Таха”нын абжад эсеби менен мааниси да 14 болгондуктан):

1. Истигфар: 14 жолу,

2. Салават: 14 жолу,

3. Фатиха сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

4. Аятал-Курси (бисмилла менен): 14 жолу,

5. Тообо сүрөсүнүн акыркы 2 аяты “Лакад жаа акум...” (бисмилла менен): 14 жолу,

6. 14 жолу “Йа Син, Йа Син...” деп айткан соң 1 Йасин сүрөсү. (Йасин сүрөсүндө 7 ачык, 7 көмүскө “мубин” бар, ушундайча ал дагы 14 болот),

7. Ихлас сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

8. Фалак сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

9. Нас сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

10. “Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил-ъалиййил-ъазим”: 14 жолу,

11. Салават (Салатул-Мунжия окуу дагы пазилеттүү): 14 жолу окулуп, дуба кылынат. (Дуба жана Ибадаттар, Алтын барак)




Forward from: БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип айткан:
“Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Шаабан айында кармагандай көп орозону башка айларда кармаган эмес”. (Бухарий, Муслим) эле

🤲🏻Оо, Раббым! Шаабан айынын шарапаты менен Рамазан айын биз үчүн берекелүү кыл, Омиин!

https://t.me/formulakg


Forward from: БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Forward from: Эй, жолоочу!
Аллахты унуттурганды сен да унут!

@joloochular


Forward from: Эй, жолоочу!
📍Пайгамбарыбыз ﷺ дубасы:

 اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ عِلْمًا نَافِعًا، وَرِزْقًا طَيِّبًا، وَعَمَلًا مُتَقَبَّلًا

[Аллоохумма иннии асалука ъильман наафиъан, уа ризқон тоййибан, уа амалан мутақоббалан]

“Оо Аллахым! Мен Сенден пайдалуу илим, адал ырыскы, кабыл болгон амал сураймын”

Бул дубаны Пайгамбарыбыз ﷺ айрыкча багымдат намазынан кийин окуганы белгилүү

#дубалар
@joloochular


Forward from: ТИЛМЕЧ
🔴 ЖАМАН ОЙЛОР КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕҢИЗ

Талха ибну Абдурахман өз заманында курайш уруусундагы эң берешен адамдардын бири болгон. Күндөрдүн биринде аялы ага: 

– Сенин досторуңдан өткөн начар адамдарды көрбөдүм, – дейт. Ошондо ал андан:

– Эмнеге? – деп себебин сурайт. 

– Алар сен байыган кезде жаныңдан чыкпай калышат. Эгер эч нерсеси жок калсаң, бирөөсү да жаныңа басып келип койбойт, – дейт.

Ошондо Талха аялына мындай деп айтты:

– Аллахка ант болсун! Бул алардын адептүүлүгүнөн. Алар колубузда бар кезде көп келишкени, биз аларды сыйлаганга шартыбыз болот. Ал эми колубузда жок кезде келишпегени, бизди ашыкча кыйналып калбасын дешет. («Адаб ад-Дунья уад-Диин», 180)
 
Караңыз, досторунун адамгерчиликке жатпаган туура эмес мамилесин жакшылыкка жооруду, алар кыянаттык кылса да алар тууралуу жакшы гана ойлоду. Бул анын жүрөгүнүн жана ойлорунун таза экендигин билдирет. Мындай кылуу чыныгы ыймандуу адамдын сыпаттарынан. Анткени ал жаман ойлоого миң себеп болуп турса да, жакшы ойлоонун бир жолун табат. Эч качан башкалар тууралуу жаман ойлоого жол бербейт. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз


Forward from: Эй, жолоочу!
Жума күндөрү эмне үчүн Кахф сүрөсүн окушубуз зарыл?

Шейх Лябиб Нажиб айтат:

"Кээ бир аалымдар Жума күндөрү аль-Кахф сүрөсүнүн окулушунун акылмандуулугун бул сүрөдө баяндалган төрт окуяга байланыштуу деп айтышат. Ал окуялар:
- дини менен сыналган үңкүр ээлеринин (Асхаб-ы Кахф) окуясы;
- байлык менен сыналган эки бакча ээлеринин окуясы;
- илимге келген сыноо - Муса а.с. жана Хызыр а.с. окуясы ( Аз. Мусадан "Сенден да билимдүү адам барбы?"-деп сурашканда, жооп бере албай калат. Ошондо Аллах Таала аны Хызыр а.с менен сынайт)
- бийлик менен сыналган Аз. Зулкарнайндын а.с. окуясы.

Аалымдар айткан: " Адам ар күнү ушул төрт сыноонун бирине дуушар болот. Жана жума сайын "Кахф" сүрөсүн окуса, бул сыноолорго кантип туруштук берүүнү билет."

#котормо

@joloochular




Forward from: БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
📍Таң намазына ойготуп, Өз үйүнө чакырып, жакшы күндүн берекесин насип кылган Раббыма шүгүрлөр болсун!

Раббысы эртең мененки багымдат намазына ойготкон пендесине Өз чакырыгын Бейиштин үнүн салып, караңгы түндөн жарык таңды сууруп чыккан Раббыңа таян - деп үн салгансыйт...Таң азандан куштар тынбай, жаңы күндүн кереметин даңктап, Жаратканды алкап, жашоону мактап жатышса, анан кантип, биз адамдар дагы бир жаркыраган күндүн көзүн көргөнүбүзгө сүйүнбөйлү...

Анан кантип, Жараткандын бизге берген жакшылык, ырыскы, нээматтарына кубанбайлы...

🤲🏻Бүгүнкү жума күнүнө жеткирген Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун.

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg




Forward from: _danaa_
Бейиштик адамга бейишке карай амалдарды кылуу жеңил болот экен.
Ал эми Тозоктук адамга тозоко карай амалдар жеңил болот дейт.

Эгер сизге бирөөнүн акысына кирүү же жалган айтуу жана башка терс амалдар жеңил болуп жатса ойлонуш керек экен🌧️


Forward from: БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Video is unavailable for watching
Show in Telegram

20 last posts shown.