Дүйнөдө бөлөк жүргөн, жанымдын жарымысыз,
Таң болуп жарык чачкан, жашоомдун жарыгысыз,
Кем болгон дүнүйөдө, кемтигим толуктаган,
Жан дүйнөм тынчтандырган, жалгызым баарысы сиз!
Бакыттан жайнап турган, көзүмдүн карасы сиз,
Дартымды айыктырчуу, табылгыс дабаасы сиз.
Ар убак жөлөп-таяп, түшүнүп колдоп турган,
Инсандын эң асылы, тунугу, даанасы сиз!
Ууртумдан тамып турган, күлкүмдүн себеби сиз,
Жакшымды ашыруучу, өмүргө кереги сиз!
Башыңды жөлөп анан, бактылуу болгун деген,
Берилген Жараткандын, тартуусу, белеги сиз!
Башымды жөлөп алып, уктоочу бейпилдигим,
Бейкут бир өмүр сүрчүү, сиз менин бейпил күнүм!
Үмүтай Жеңишбековна