Сүйүү саптары. Поэзия.


Kanal geosi va tili: O‘zbekiston, O‘zbekcha
Toifa: Kitoblar


"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@UlukbekTalkanbaev
@erkinbek_kyzy_meerim
@Dal_oshol_Bakai жазыңыз

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
O‘zbekiston, O‘zbekcha
Statistika
Postlar filtri


Бакыттын эшиктерин, акырын кагып жүрөм,
Сүйүүдөн шуру алып, мойнума тагып жүрөм.
Жароокер жакшымсын сен, жанымда бирге бол деп,
Сен берген кубанычты, ардактап багып жүрөм.

Өзгөчө сүйүү бердиң, өзгөдөн катып жүрөм,
Өрт болгон жүрөгүмдү, өзүңө ачып жүрөм.
Өзөктөн чыккан бул деп, өзүмө тартуулаган,
Өзүңдүк ак сүйүүгө, өмүрдө батып жүрөм.


Бактылуу бул дүйнөгө, колумду коюп жүрөм,
Бакыттын бутагына, дал азыр конуп жүрөм.
Мээр алып азыр сенин, мээримдүү жүрөгүңдөн,
Мен азыр эс-мас боло, мээримге толуп жүрөм




Өзүңсүз калсам жайда, ызгаардай тоңуп жүрөм
Бар үчүн сен дүйнөдө, бактылуу болуп жүрөм.

Үмүтай Жеңишбековна


«СЕНИН ЫРЫҢ»


Адам издейт өмүрүнө күйгөн жар,
А мен сага сактап жүргөн дүйнөм бар.
Жүрөгүмө жолду таптың катылган.
Эшик ачык кирсең болот сүйгөн жар.

********

Көңүлүмдө жанды жарык чырактар,
Көк асманга жеткен өңдүү кулачтар.
Ай-жылдарга, мезгилдерге мертинбес,
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар.

***********

Аппак жүзүң, ай жүзүң деп сүрөттөп,
Айткым келбейт ай жылдызга теңеп көп.
Кызганамын башкаларда оюнда,
Конок кылып албасын деп элестеп.

********

Ооба эркем, эл деп жер деп ыр жазам,
А сен күлүп айланамды нурдасаң.
«Мага арнаган ырың кана»,-дебегин,
Сенин ырың, жүрөгүмдө тыңшасаң.

Жалгыз өзүң угаласың ал ырды,
Жалгыз гана жан дүйнөмдү тыңдасаң.


Акбар Кубанычбеков


Нурадил Рыспаев:

КЫМЫЗ ЖЫТТУУ МАХАБАТ

Кыйч деп эшик... "кел сулуу, кир" дечү элем,
"Кымыз алып келдиңби?” - "Ии", дечү элең.
Кере жутуп кымызың көп ичсем да,
Келин же кыз экениң билбечү элем.

Кер какшыгым акчу эле селдей болгон:
“Келинчегим бар болсо сендей болгон...
Жатпайт белем бут асып керегеге...
Каалайт белең күйөөнү мендей болгон?”

Чаначка окшош чапанды бүчүлөнүп,
Чайкап башты кылтыңдап “Ики-ленип”.
Оозуңдан жооп күтчүмүн... Күлкү аралаш,
Жообуң эмес кымыздын жыты келип.

Өстөн жыты сени ээрчип келчү дайым,
Өзгөргөнсүйт күн санап өң чырайың.
Кымызыңдын акчасын алар замат,
Чыгып үнүң: “Ырахмат, мен чыгайын”.

Сен келгенде жеңилдеп калаа деми,
Келген өндүү жайлоонун аба, жели.
Сен бүткөн соң таратып кымызыңды,
Ээрчип кете жаздачу калаа сени.

Кымыз жыты көөдөндү кере турган,
Кетпей койчу бөлмөдөн мен отурган.
Төргө айлана калчу эле гүл жайнаган,
Төрт аяктуу отургуч сен отурган...

Кер какшыгым акыры көңдөй болгон,
Келбет, мүчөң кебиме желбей койгон.
Какаткансың баш ийкеп суроомо бул:
"Каалайт белең күйөөнү мендей болгон".

Чыны, калпы аралаш мактай берип,
Чымыр эттүү далыңды таптай берип.
Сезбептирмин "бир жалын" дүрт этерин,
Сегиз асый өзүмдү аттай көрүп.

Кош бетиңде кыпкызыл алма калып,
Коркуу дагы, уялуу чаңда калып...
Коомай эле кетчүсүң... Кеттиң бир күн,
Оң колумду бек кыса кармап алып.

Карматпаска эмне амал тапмак колум,
Кармап көпкө кесилген чакмак колуң:
Кан жүгүрбөй кубара түшкөн экен,
Андан бетер агарып “аппак” колум...

...“Сизге кетсем жасалбай калбас ишим,
Сизге кетсем шек санай албас “кишим”.
Ойлобоңуз жеңил деп... Келем сизге,
Колуңузду жөн гана кармаш үчүн.

Агатайым жолугуп турсак экен,
Ала жипке көздөрдү жумсак экен.
Колуңузду кармайын колуңузду,
Колдорундай баламдын жумшак экен”...

Балким антип айттырган жүрөгүңдүр,
Балкыйм бирок, айласыз күлөмүн бир.
Уялчу элем көбүнөн... күтпөптүрмүн,
Жумшак колдун пайдасы тиерин бир...

Колдор, колдор... ийинге илип койгон,
Кармап көрүп сырыңды билип койгон...
Түйшүк тартып кесилген колуң секин,
Жумшак колдун жүрөгүн тилип койгон...

Ошол күндөр өмүрдүн өктөмү эле,
Ошондогу жайлоо да көктөм эле.
Бышып күнгө какталган калаада бир,
Кымыз жыттуу махабат өткөн эле...

Махабаттын деңизи терең эле,
Кайыгы да жээгинде белен эле.
Кайткан сенден күндөрдүн бири “бирөө”,
“Кайдан кымыз ичкенсиң” деген эле.

Тоого чыксам оюм он тегеренет,
Тору келин бээ сааган желе келет...
Далай жылдар көрүшпөй кетсек деле,
Дале кымыз жыттангым келе берет...

11.11.24


ПОЭМАМСЫН, ДАСТАНЫМСЫН

Барган сайын сага жаным тартыламын,
Бирок сенсиз жалгыздыкта жанчыламын.
Жарыгы жок, айсыз түндө жашап келем,
Жарыгыңды чаччы мага шам чырагым.

Нурларыңдан көңүл жаркып, шаттанайын,
Досторума тааныштырып мактанайын.
Жалындаган жүрөгүмдү берейинчи,
Сезимдерин өчүрбөстөн сакта дайым.

Эч ким менен таанышпагын, жоолукпагын!
Менин гана аппак сүйүүм болуп дайым.
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким,
Көңүл деген гүлдөй назик солутпагын.

Мени жаным өзүң издеп тапканымсын,
Күнүм - айым, жылдызымсын, асманымсың.
Капысынан тагдырыма кирип келген,
Сүйүү - деген поэмамсын, дастанымсын.

Автор: Дамир Кадыр уулу.
12.11.2024ж.


Карарып көпкөк асманым,
Карайлап турган чактамын.
Көрсөтсөң боло көркүңдү,
Кызарып күйгөн ак шамым.

Сенсиздик келсе баш багып,
Сезимдер кыйнайт ач калып.
Сен жокто көңүл түнөрүп,
Сен барда дүйнөм жапжарык!

Сыймык Райымбердиев


***
Уурданып, жүрөгүңө кирейинби,
Удургуп кыялыңда жүрөйүнбү.
Сел болуп, толкун болуп, ташкын болуп,
Жарыгым сени гана,
Жапжалгыз, сени гана сүйөйүнбү…

Көңүлүңдү шайтанча ээлейинби,
Көрүнчүдөй капилет келейинби.
Кумарланып, кусадар жалын менен,
Күйгүзүп, тумчуктуруп, өбөйүнбү…

Жаштыкка бүт дүйнөнү ороюнбу,
Жароокер кубанычың болоюнбу.
Ааламга аптап чачып, алоолонуп,
Жалбырттап, жүрөгүңө коноюнбу…

Уялбай, турагыңа кирейинби,
Ууздай жүрөгүңө түнөйүнбү.
Өрт болуп, жалын болуп, алоо болуп,
Өлчөөсүз сени гана,
Өмүрдө, сени гана сүйөйүнбү…


ШЕРБЕТ КЕЛДИБЕКОВА


УРУКСАТПЫ!!!

Жалгыздыктын жыл, ай, көп күнү батты,
Жарым дейин сизге окшош улук затты!
Жай алайын түбөлүк чыкпас болуп,
Жүрөгүңүз төрүнө уруксатпы?

Оргуштаган сүйүүдөн сунуп таттуу,
Ордун таппай канча бир суулар акты.
Ойлондурбай башканы, мендик болсун
Ойлоруңуз болоюн уруксатпы?

Жар болоюн жаркылдап сунуп бакты,
Жан эмесмин калп сүйлөп тийип каччуу.
Көз салдырбай башкага ээлеп алам,
Көздөрүңүз ичине уруксатпы?

Сезим гүлдөп өнүккөн ыйык бак бу,
Сүйүү менен жаратам ыйык сапты.
Бирге татып өмүрдүн таттуу балын,
Бүт дүйнөңүз болоюн уруксатпы?

Убак келип ойлонуп уйку каччу,
Шыбырыңды жүрөгүм туюп жатты,
Күндүз эмес түнү да бирге жүрүп
Түн уйкуңду ээлейин уруксатпы?

Көздөрүмдөн көп ирет жашым акты,
Бул өмүрдүн бактылуу багын тапчы.
Бул өмүрдө адашпай жүрүү үчүн,
Колдоруңуз кармоого уруксатпы?

Жароокерсиз кең пейил улук аттуу,
Мамилеңиз сыйымды улуктатты.
Бойдокчулук өмүрдү чектеп анан,
Жубайыңыз болоюн УРУКСАТПЫ?

Үмүтай Жеңишбековна


ЖУРНАЛИСТ КЫЗ

Таанышууга таппай койдум айла-амал,
Дагы сендей жарык жамал кайда бар?
Сени көздөй туйлап жаткан жүрөктү,
Көп боздотпой бал тил менен байлап ал.

Сезим менен булуттарды арала,
Сен жылмайсаң, бакыт күлөт мага да.
Өз дүйнөңө батырып ал мени да,
Анча эле эмес, келбетиме караба.

Байкашымча журналисттик кесибиң,
Журналист кыз аламын мен - дечүмүн.
Балким сени мага тагдыр туш кылды,
Ачып алдың жүрөгүмдүн эшигин.

Мүмкүн мага турмуш койгон тузаксын,
Кыялымдан ар кыл ойлор сызат чын.
Ошентсе да сезимдерим түрткүлөп,
Сага мынтип ыр букетин узаттым.

Суранамын, мени бирок урушпа,
Сүйүү деген ыйык, асыл, улук да.
Акылыңды укпай такыр, чыр кылып
Сүйгөн жүрөк баш ийбешин унутпа.

Автор: Дамир Кадыр уулу
10.11.2024ж.


Кир ойлорду көөдөндөн өчүрүңүз,
Капалыкты кабактан кетириңиз.
Жетпей жатсам кээ-кезде баркыңызга,
Жан шеригим, анымды кечириңиз!


Бүркөө кабак кейпин эч кийбеңизчи,
Кемчилдигим көңүлгө илбеңизчи.
"Эркем менин, жубайым эң мыкты"- деп
Каталарым, көрбөңүз, билбеңизчи.

Аялмында ашыкча сүйлөп койгон,
Билип- билбей кабагын бүркөп койгон.
Эрке сөзгө эреркип кайра анан
Аялмында тамагын түрлөп койгон.

Күлкү болом, шат болом, убай болом,
Лондон, Париж мен сизге Дубай болом.
Жөлөнөөргө тоом болуп турсаңыз сиз,
Жаркыраган акылман жубай болом!!!

Кабагыңыз жаркыткан жубай болом!!!

Үмүтай Жеңишбековна


БАЛАЛЫК БАЛ СЕЗИМ

Көздөрүң карагат кара мончок,
Эстесем кайгырып калам онтоп.
Кайрадан биз бирге болот белек,
Капыстан кайрадан бала болсок.

Сен менин туң сүйүүм, балалыгым,
Сезбепмин ал кездин тазалыгын.
Мезгилге таарынам, алыстаткан,
Мен менен жаштыктын аралыгын.

Жаштыгым арманга салып кеткен,
Жалгызым жан биргем чанып кеткен.
Балалык өзүнө кошуп, бирге,
Балалык бактымды алып кеткен.

Жаштыкты эстеген жагат мага,
Элестер жаныма табат даба.
Сен түшкөн сүрөттү колума алып,
"Сагындым"- деп айтам карап сага

Автор: Дамир Кадыр уулу
07.11.2024ж.


Дүйнөдө бөлөк жүргөн, жанымдын жарымысыз,
Таң болуп жарык чачкан, жашоомдун жарыгысыз,
Кем болгон дүнүйөдө, кемтигим толуктаган,
Жан дүйнөм тынчтандырган, жалгызым баарысы сиз!

Бакыттан жайнап турган, көзүмдүн карасы сиз,
Дартымды айыктырчуу, табылгыс дабаасы сиз.
Ар убак жөлөп-таяп, түшүнүп колдоп турган,
Инсандын эң асылы, тунугу, даанасы сиз!

Ууртумдан тамып турган, күлкүмдүн себеби сиз,
Жакшымды ашыруучу, өмүргө кереги сиз!
Башыңды жөлөп анан, бактылуу болгун деген,
Берилген Жараткандын, тартуусу, белеги сиз!

Башымды жөлөп алып, уктоочу бейпилдигим,
Бейкут бир өмүр сүрчүү, сиз менин бейпил күнүм!


Үмүтай Жеңишбековна


ЗАРИПАГА ОДА

Бир меңи жок ак кардай тунуктугуң,
Мерездикти билбеген сылыктыгың.
Улуу сөздүн уучуна ийне тагып,
Ушак сөзгө үн катпас дудуктугуң.

Кулпунайдай кулпурган көрктүүлүгүң,
Кыз Сайкалдай курчтугуң, эрктүүлүгүң.
Жалтанбаган, коркпогон, айбыкпаган,
Жалын карек, от жүрөк, өрттүүлүгүң.

Жайдын аппак таңындай жарыктыгың,
Жан дүйнөмө абадай зарык бүгүн.
Утур басып жанымда жандай калсаң,
Унут калат качанкы карыптыгым.

Шишим толуп саан уйдун желининдей,
Шайтандадым көптөрдүн кебин илбей.
Майкандалган абийрим, кулк-мүнөзүм,
Малак түшкөн талаанын эгининдей.

Бузуп далай бактылуу түнөгүмдү,
Бузук жолдор булгаган жүрөгүмдү.
Жакшы жолго бурулуп баратамын,
Жакшы көрүп калган соң бир өзүңдү.

Ары тартып жалгыздык азаптарын,
Аруулуктан ай жүзүң чачат жалын.
Ашык болуп калуума себеп болгон,
Адамдыкты туу туткан сапаттарың.

Сендик сүйүүм тамырдан бүркүп чыкты,
Селден качкан үйүрдөй үркүп чыкты.
Дилим бузган жосунсуз кылыктарды,
Дилиңдеги аруулук түртүп чыкты.

Жалгыз болуп издеген, жоктогонум,
Жүзүң көрсөм селт эте токтоломун.
Көлдөй тунук көркүңө чөгүп кетип,
Көөдөнүңө түбөлүк соттоломун.

Кулдук уруп барсам деп астанаңа,
Бүтпөс ойлор мас кылды баштан ала.
Календердин кайрыгын созуп жүрөм,
Каңырылган үн менен аста гана.

Кайдан-жайдан кайгымды уга келдиң
Картым сыйрып, дартымды сыга келдиң.
Кара мүртөз жанымды сылык кылып,
Миң кубулуп калтардай чыга келдиң.

Көздөрүңдү көзүмө кынап өттүң,
Чынын билбейм сүйүп же сынап өттүң.
Күзгү таңдан жел аргы болуп келип,
Күйүп турган жеримди сылап өттүң.

Айткан сөзүң айыпсыз, кыябында,
Айтпаганың көзүңдөн туямын да.
Жашоо мага жагымдуу болуп жатат,
Жалгыз өзүң жаралып кыялымда.

Жүрөктөрдүн айтылып ашыктыгы,
Жылдыздарга угулуп ачык сыры.
Төгөрөгүм төп болуп жыргап калдым,
Төрт каректен төгүлүп бакыт нуру.
Автор: Ж.С.


* * *
Күтпөгөнүң күткөндөй,
Күндөн күлүп түшкөндөй.
Дүйнө сенден башталып,
Сени менен бүткөндөй.

Акпаганың аккандай,
Айдан ылдый шашкандай.
Жоодурасаң ар бир жан,
Жоготконун тапкандай.

Өппөгөнүң өпкөндөй,
Өрттөнүп жан кеткендей.
Жүрбөй калдым бир мүнөт,
Жүрөгүмдөн «честь» бербей.

Жибек болуп жел желбей,
Желге шыбак термелбей.
Ушул дүйнө ушинтип,
Турмак эмес сен келбей…

Жаныма жан кошосуң,
Эмне десем ошосуң.
Уктап калсам канымдан,
Укмуш ырың созосуң.


АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ


Кайгылар жат болот,
Махабат ак болот.
Өзүңдү көргөндө,
Жүрөгүм бат согот.

Айланат теребел,
Сен мага келе бер.
Ашыкмын өзүңө,
Көзүмдөн биле көр.

Билбедим кай багыт,
Баратам жайланып.
Ак сүйүүм кетсе экен,
Никеге айланып.

Жалынга көрк берет,
Жапжарык өрт демек.
Башкага жылмайсаң,
Өзөгүм өрттөнөт.

А сенде тек бир өң,
Аруусуң деп билем.
Таптаза сүйүүмдү,
Ыр менен жеткирем.

Чачылдым, жыйналдым,
Жок десең ыйлаармын.
Сүйүүмдү сөз менен,
Айта албай кыйналдым.

Кудайдан белексиң,
Аябай керексиң.
Көзүңө түз карап,
Жанымсың демекмин.

Ыйы жок жашыттың,
Ыр айтып машыктым.
Канчалык билбейсиң,
Мен сага ашыкмын.

БАКАЙ АКМАТКУЛОВ

4.1k 0 13 11 48

Бүгүн дагы кадимкидей кун батты
Жатыш болду күндөгүдөй убакты
Эрте жаттым күндөгүдөй тез эле
Сен түшүмө кирип келдиң эрте эле

Аппак жүзүң,узун боюң суктантат
Таланттарың көргөн көздү шыктантат
Ошол күнү көргөн элем мен сени
Азыр жоксуң кайтып келчи сен эми

Сен бир жолу жанып өчкөн жылдыздай
Бир жылда бир пайда болчу кундуздай
Көргүм келет күндө сени тушүмдө
Кайтып келчи мени көпкө күттүрбө


Бул жашоодо барсыңбы же жоксуңбу
Эмнеликтен сага сүйүүм толкуду
Жашоомо сен кирип келдиң айттырбай
Кантем эми сени койуп жактырбай

Жакшынакай сулуу жигит кайдасың
Көргүм келсе кантип табам айласын
Атың айтчы издеп өзүм табайын
Чын жашоодо жоолуктуруп алайын

Автор Медербекова Малика


*  *  *

Билбей бакыт эмне экенин адатта...
Баскым келди багыты жок тарапка...
Биз экөөбүз бирге турган ушул жер,
Бизге азыр тардык кылып жатат да…

Жалгыздыкты эми кайда катабыз?
Жарык нурду карангылап жатабыз!
Бул жашоонун көчөлөрүн эми биз,
Катарлашпай бөлөк -бөлөк басабыз…

Курчалгандай туңгуюкка туш тарап,
Кимдер мени бул азаптан куткарат?
Сен коштоштун карай албай жүзүмдү,
Мен коштоштум карегиңе тик карап…

Дабаа таппай турдум журөк дартыма,
Дүйнө кенен болгон менен тар тура!!!
Балким мени тургандырсын узатып,
Басып кеттим карабастан артыма…

Кеткен элен күн батышка түн менен,
Күтүп жүрөм күн чыгыштан күн менен...

МЕЛИС МАМАЖАНОВ


КӨЛДҮК КЫЗ

Балбылдаган көздөрүңдүн карегинен айланам,
Бал тилиңдин таттуулугу мени жипсиз байлаган.
Бул дүйнөгө кайра-кайра жаралсам да мен эгер,
Башканы эмес, бир өзүңдү тандамакмын кайрадан.

Кундуз, кара чачтарыңдын, жыпар жыты мас кылат,
Күмүш күлкүң көңүлүмдү, гүл бакчалуу жаз кылат.
Кулпунайдай эриндериң кызыгуумду арттырып,
Күндө сени көрүү үчүн сезимдерим шаштырат.

Көргөн жерден баш ийкешип учурашып көндүк биз,
Көз тойбогон көркөмүңө байландым го мен жипсиз.
Байкатпастан жүрөгүмдү багындырып алыпсың,
Бир көрүштө сага ашык болуп калдым Көлдүк кыз.

Сага болгон сезимимди карегиме жашырам,
"Сүйүп калдым"- деп айтууга, анан кантип батынам.
Сезип туруп, эгер менин баалабасаң сүйүүмдү,
Бул дүйнөгө өрт коём да, кыяматты чакырам.

Автор: Дамир Кадыр уулу
29.10.2024ж


СҮЙ МЕНИ

Сүй мени
Шарап ичип мас болгондой
Сүй мени
Он сегиздей...жаш болгондой
Сүй мени
Бүтүн аалам каршы чыксын
А сен сүй
Акылыңа кас болгондой.

Сүй мени
Сагынычтан зилдегендей
Сүй мени
Кызганычтан жиндегендей
Сүй мени
Баары айтсын сүйүү жок деп
А сен сүй
Мурда эч качан сүйбөгөндөй.

Сүй мени
Жолугуудан толкуп дагы
Сүй мени
Жоготуудан коркуп дагы
Сүй мени
Мейли адамдар ушакташсын
А сен сүй
Ал ансайын оргуп дагы.

Сүй мени
Өмүр бою издегендей
Сүй мени
Менден башка билбегендей
Сүй мени
Мен да сага сүйүү берем
Мен сени
Сүйөм эч ким сүйбөгөндөй!

ГҮЛЗАТ ОРМОНБЕКОВА

5k 0 25 6 65

Бүгүн күз сендей сулуу, сендей суук,
Сени ырдайт ак жамгыры, жалбырагы.
Экөөбүз күздөн сүйүү таптык эле,
Кел эми, кайра күзгө калтыралы…

Сен элең жан дүйнөмдүн эгиз деми…
Сезимдер сенек беле же биздеги?
Көзүңдөн Күн көрүнбөйт, Жылдыз учпайт,
Чакырбайт дилиңдеги деңиз мени…

Жарыгым жаанда калып жүзүмдөгү,
Көз жашым– көп үмүттүн үзүлгөнү.
Соолутуп сол жагымдын жалын, отун,
Махабат жарытпады күзүндөгү.

ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ


“ДАРТ”

Кызыл нурум, асманымда батпаган,
Түйшүгүмдөн түңүлбөгөн, качпаган.
Сени сендей баалай албай кыйнадым,
Айыбымдан кантип танып, актанам?

Ар сөзүңдөн чексиз мээрим төгүлөт,
Карегиңден кусалыгың көрүнөт.
Мээнет артып, оорутсам да дилиңди,
Мен да ашыкмын сага сенден көбүрөөк…

Деңиз элем, ээсиз чөлдөй какшыдым,
Баасын билбей багымдагы бактынын.
Жашап жүрөм өзүмө өзүм түшүнбөй,
Бийлик кылып эркелигим, жаштыгым…

Жан жарыгым, сүкүтүмдөн ыр алып,
Сынсам тиреп, күлкүм уксаң кубанып.
Сени мендей сүйгөн бардыр дүйнөдө,
Мени сендей сүйбөйт эч ким, бул анык!

Башка жанга ыраа көрбөй сени мен,
Буулугам көп, бугум толуп, эзилем.
Бирок кээде сага келчү таалайды,
Сүйүүм менен тоскон өңдүү сезилем…

Кээде сени чын баалоочу адамды,
Сүйүүм менен тоскон өңдүн сезилем…

ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.