КӨЛДҮК КЫЗ
Балбылдаган көздөрүңдүн карегинен айланам,
Бал тилиңдин таттуулугу мени жипсиз байлаган.
Бул дүйнөгө кайра-кайра жаралсам да мен эгер,
Башканы эмес, бир өзүңдү тандамакмын кайрадан.
Кундуз, кара чачтарыңдын, жыпар жыты мас кылат,
Күмүш күлкүң көңүлүмдү, гүл бакчалуу жаз кылат.
Кулпунайдай эриндериң кызыгуумду арттырып,
Күндө сени көрүү үчүн сезимдерим шаштырат.
Көргөн жерден баш ийкешип учурашып көндүк биз,
Көз тойбогон көркөмүңө байландым го мен жипсиз.
Байкатпастан жүрөгүмдү багындырып алыпсың,
Бир көрүштө сага ашык болуп калдым Көлдүк кыз.
Сага болгон сезимимди карегиме жашырам,
"Сүйүп калдым"- деп айтууга, анан кантип батынам.
Сезип туруп, эгер менин баалабасаң сүйүүмдү,
Бул дүйнөгө өрт коём да, кыяматты чакырам.
Автор: Дамир Кадыр уулу
29.10.2024ж