* * *
Кайсыл күнү, кайдан буйруп табылдың,
көз алдымда ак дайрадай агылдың.
Каралдым ай, боорум менен бүткөндөй
карегимде балбылдап, жүрөгүмдө кагылдың.
Арзып сага ак булуттай айдалдым,
бакытыңа балкып жаным байралдым.
Демиң менен алоологон ыр жазып,
сени менен бир бүтүнгө айландым.
Арзып сүйүп, эригенден эридим,
жашып туруп, өзүмдө өзүм кемидим.
Караанымды көргөнүңдө кубанып,
шамалын да сүйдүң туулган жеримдин.
Канат кагат сени беттеп ой улам,
кайыптан бир табылгансың жолумдан.
Жарык кылдың менин барар жагымды,
айыктырдың жүрөгүмдү ооруган.
Жалындаттың кырдан ашкан кезимди,
жаныңдагы кезим бактым сезилди.
Сенден көрүп аппак кушун көңүлдүн,
сенден бөлүп карай албайм өзүмдү.
Самай берип сагынгандан сагындым,
ак жылдыздай карааныңа жалындым.
Каралдым ай, боорум менен бүткөндөй,
карегимде балбылдап, жүрөгүмдө кагылдың.
Атахан Кожогулов.
Кайсыл күнү, кайдан буйруп табылдың,
көз алдымда ак дайрадай агылдың.
Каралдым ай, боорум менен бүткөндөй
карегимде балбылдап, жүрөгүмдө кагылдың.
Арзып сага ак булуттай айдалдым,
бакытыңа балкып жаным байралдым.
Демиң менен алоологон ыр жазып,
сени менен бир бүтүнгө айландым.
Арзып сүйүп, эригенден эридим,
жашып туруп, өзүмдө өзүм кемидим.
Караанымды көргөнүңдө кубанып,
шамалын да сүйдүң туулган жеримдин.
Канат кагат сени беттеп ой улам,
кайыптан бир табылгансың жолумдан.
Жарык кылдың менин барар жагымды,
айыктырдың жүрөгүмдү ооруган.
Жалындаттың кырдан ашкан кезимди,
жаныңдагы кезим бактым сезилди.
Сенден көрүп аппак кушун көңүлдүн,
сенден бөлүп карай албайм өзүмдү.
Самай берип сагынгандан сагындым,
ак жылдыздай карааныңа жалындым.
Каралдым ай, боорум менен бүткөндөй,
карегимде балбылдап, жүрөгүмдө кагылдың.
Атахан Кожогулов.