Репост из: Эй үммөт Раббине кайт❗️
✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨
Куран аяттарынын таалимдери:
"...Жубайларыңар менен жакшы мамиледе болгула."
(Ан-Ниса,19-аяты).
Тилекке каршы, үй-бүлөлүк жашоонун кейиштүү чындыгы 💔
Кээ бир эркектер аялдарын уруп-согуп, мунун себебин сурасаң: "Ал мени чыдамымдан чыгарды, өзүмдү кармай албай калдым," – деп актанат. Бирок чыныгы суроо мындай: Сенин жетекчиң же кардарың күн сайын сага кысым көрсөтүп, кемсинтип турса да, сен аны урбайсың, антип деле ойлобойсуң.
Чындыгында, кардарың же иш кагаздарын бүтүрүүгө келген адам өзүн текеберчилик же кемсинтүү менен алып жүргөндө, сен унчукпай, чыдап турасың. Бирок балаң кичинекей бир жаңылыштык кетирсе, аны тилдеп, сабап жибересиң.
Бул жерде маселе сенин ачууланып, өзүн кармай албай калганыңда эмес. Мунун далили – сен жетекчиңдин же кардарыңдын орой мамилесине чыдап, ишиңди жоготуп же айлыгыңдан ажырап калбоо үчүн унчукпайсың. Мунун түпкү себеби – сенин урмат-сыйыңдын, адилеттүүлүгүңдүн жоктугунда. Алсыз тарапка, тактап айтканда, аялыңа же балаңа күчүңдү көрсөтөсүң, бирок күчтүүрөөк же сенин кызыкчылыгың байланышкан адамдарга баш ийип каласың.
Ошондуктан, бизде аялдар менен балдар көп учурда катуу мамилеге кабылышат, анткени аялдардын физикалык алсыздыгы аларды өздөрүн коргой албайт. Мындан тышкары, ыйман, адеп- ахлактын , туура маданият,тарбиянын жетишсиздиги да ушундай көрүнүштөргө алып келет.
📝 Элдияр Көбөнов