ПОЭМАМСЫН, ДАСТАНЫМСЫН
Барган сайын сага жаным тартыламын,
Бирок сенсиз жалгыздыкта жанчыламын.
Жарыгы жок, айсыз түндө жашап келем,
Жарыгыңды чаччы мага шам чырагым.
Нурларыңдан көңүл жаркып, шаттанайын,
Досторума тааныштырып мактанайын.
Жалындаган жүрөгүмдү берейинчи,
Сезимдерин өчүрбөстөн сакта дайым.
Эч ким менен таанышпагын, жоолукпагын!
Менин гана аппак сүйүүм болуп дайым.
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким,
Көңүл деген гүлдөй назик солутпагын.
Мени жаным өзүң издеп тапканымсын,
Күнүм - айым, жылдызымсын, асманымсың.
Капысынан тагдырыма кирип келген,
Сүйүү - деген поэмамсын, дастанымсын.
Автор: Дамир Кадыр уулу.
12.11.2024ж.
Барган сайын сага жаным тартыламын,
Бирок сенсиз жалгыздыкта жанчыламын.
Жарыгы жок, айсыз түндө жашап келем,
Жарыгыңды чаччы мага шам чырагым.
Нурларыңдан көңүл жаркып, шаттанайын,
Досторума тааныштырып мактанайын.
Жалындаган жүрөгүмдү берейинчи,
Сезимдерин өчүрбөстөн сакта дайым.
Эч ким менен таанышпагын, жоолукпагын!
Менин гана аппак сүйүүм болуп дайым.
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким,
Көңүл деген гүлдөй назик солутпагын.
Мени жаным өзүң издеп тапканымсын,
Күнүм - айым, жылдызымсын, асманымсың.
Капысынан тагдырыма кирип келген,
Сүйүү - деген поэмамсын, дастанымсын.
Автор: Дамир Кадыр уулу.
12.11.2024ж.