Күндөлүктүн күкүмү


Гео и язык канала: Узбекистан, Узбекский
Категория: не указана


🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. (Китеп дүйнөсүнө саякат эски аталышы)
🪄Жасалмасыз
🪞Боёксуз
✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Узбекистан, Узбекский
Категория
не указана
Статистика
Фильтр публикаций


🕯️

Көп нерсеге шүгүр кылам. Алардын ичинен бай ата-эненин кызы болбогонума, жаштагымда мен каалаган нерселердин баарын кылганга мүмкүнчүлүк жок болгонуна өзгөчө кубанам.
Билесиңерби эмнеге?

Анткени ошол нерселерди азыр өзүм кылам. Албетте Аллахтын жардамы менен)
Дегим келгени өз күчүм жана билимим аркылуу. Кыйналып жеткен ар бир нерсенин кадырын билем. Даамдуу тамак болобу, жаңы шаар, же жаңы хобби болобу ушундай сонун бакыт тартуулайт, эмоция берет. Бир нерсени үйрөнсөм өтө кубанам.
Немистер жаш кезинен музыкалык аспаптарда кол ойноп, сууга сүзүүнү, гимнастиканын түрлөрүн, мектепте колдон ар нерселерди жасаганды үйрөнүшөт экен. Булар үчүн жөнөкөй болгон нерселердин дээрлик 70% дан ашууну мен үчүн жаңы нерсе, түшүнүктөр.
Алар нааразы болуп кылгысы келбей жатканда мен кубануу менен кылам.
Анткени ал жашоо анын жөнөкөй турмуш күндөлүгү болсо, а бирөөнүн кыялыдыр✨

Аллахым, сен баарын билүүчүсүң! Ушул жашоомлу, ушул жагдайда жаратканыңа ыраазымын! Билем, алдыда далай ашуу, далай узун жолдор бар, бирок баарында сенин Даанышмандыгың дагы бар.

Жакшы эс алгыла,сүйүктүү окурмандарым✨




🕯️

Кыш.
Кош келдиң!

Жаратылышты үшүткөндөй, сезимдерди үшүтпө!
Сезимдерге жаабасын аппак карың…






🕰️🪵

Бир кездердеги кыялың-азыркы жашооң.
А азыркы кыялдарың-эртеңки келечегиң!




🕰️🪵

А силерде эмне жаңылык?
Сүрөттөрдөн бөлүшсөңөр кубанам.




🕰️🪵

Күздүн соңку күндөрү…




🕰️🪵

Жасалмалуу сезимдер көп, а бирок,
Жасалмасыз жалгыз эне сүйүүсү.




🕰️🪵

Сен мухиттеги бир тамчы эмессиң, сен тамчы ичиндеги бир мухитсиң.

💧🌊

🖊️ Аз.Мевлана




Репост из: Мугалим кыздын күндөлүгүнөн🌺📝
Адамдар эмнеге бири-бирине кыйкырат, бакырып сүйлөшөт?

Адатта биз кимдир бирөөгө үнүбүздү жеткире албай калганда, өзүбүздүн оюбуз башкасына угулбай калганда же каршыбыздагы адам бизди түшүнбөй калганда кыйкырып сүйлөйбүз. Бул табигый реакция, керек болсо наристелер дагы көпкө чейин анын ыйлаганына реакция болбой калса, кыйкырып жиберишет.

Мамиледе дагы ошондой. Эгер бир адам башкасына үнүн бийик чыгарып сүйлөп же кыйкырып жатса, демек, тиешелүү адамга үнүн, оюн, сезимдерин билдире албай жатат.

Себеби айрым учурда сөз таасирдүүлүгүн жоготот, бул учурда эмоция жардамга келет. Адамдар кыйкырып, сөгүнүп, ыйлап дагы жибериши мүмкүн. А эгер кыйкырып дагы түшүндүрө албай жатса, кээде дене реакция кылып жанындагы адамды уруп, түртүп жибериши ыктымал.

Эгер сиз бирөөгө кыйкырып жатсаңыз же үнүңүздүн катуу чыгып жатканын байкасаңыз же сизге ошондой мамиле кылынса, шашпай ойлонуңуз. Балким кимдир бирөө жетиштүү деңгээлде сөз менен өзүн түшүндүрө албай жаткандыр…






🕰️🪵

Гүл болуп айланага жылмаюу тартуулаганга сөз бер.
Топурак болуп төбөсүнө көтөрүп жүрө тургандар өзү табылат.

🖊️ Аз.Мевлана



Показано 20 последних публикаций.