Ак жүзүңө ак жоолугуң жарашып,
Ай-күн, жылдыз баары сени карашып.
Жада калса жаратылыш кызганат,
Көл, дарыя, тоо да менден талашып.
Гүлдөр, чөптөр, бак-дарактар көз кысып,
Булут каптайт, жамгыр төгөт, күн ысыйт.
А мен болсо эч бирине бербейм деп,
Качып жөнөйм бирде чуркап, бир сызып.
Жаратылыш күнгө, булут, айга да,
Таттууларга тамшандырган балга да.
Мен өзүңдү эч нерсеге алмашпайм,
Казынасы ашып ташкан байга да.
Кар жаап, бороон болуп турса да,
Куюн болуп колдон баарын жулса да.
Мен ушундай сүйө берем өзүңдү,
Дарыянын суусун жаба куйса да.
Автор: Токторбай уулу Жакшылык
@atanyn_uulu