Emil Andartegin Ustaz "СУРОО-ЖООП" КАНАЛ


Гео и язык канала: Узбекистан, Узбекский
Категория: Религия


Похожие каналы

Гео и язык канала
Узбекистан, Узбекский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


СУРОО:
Салам алейкум Устаз, Инна лилляхи ва Инна ляйхи деген дуа кайсы учурда окулат?

Ustaz Emil Andartegin:
Башка кыйынчылык түшкөндө айтылат.

{Биз силерди сөзсүз түрдө коркуу, ачкачылык, байлыктын азайышы, жакындардын өтүшү жана эгиндин кыйроосу менен бир аз сынайбыз. Сабырдууларды сүйунчуло! Алар кыйынчылык баштарына түшкөндө: “Инна лиллахи уа инна илейхи ражиуун” (Чындыгында биз Алла Тааланыкыбыз. Чындыгында биз Ага кайтабыз)- деп айтышат. Аларга Роббилеринен салават жана ырайм болот, ошолор туура жолдо} Бакара сүрөөсү 155-158- аяттар.

“Ким мусыйбат болгондо (Инна лиллахи уа инна илейхи ражиун) десе, Алла Таала ал мусыйбатты жоготот, аягын жакшы кылат, ордуна ал ыраазы болгон нерсе берет” Хадис.

‎﴿وَلَنَبۡلُوَنَّكُم بِشَیۡءࣲ مِّنَ ٱلۡخَوۡفِ وَٱلۡجُوعِ وَنَقۡصࣲ مِّنَ ٱلۡأَمۡوَ ٰ⁠لِ وَٱلۡأَنفُسِ وَٱلثَّمَرَ ٰ⁠تِۗ وَبَشِّرِ ٱلصَّـٰبِرِینَ﴾ [البقرة ١٥٥]
‎﴿ٱلَّذِینَ إِذَاۤ أَصَـٰبَتۡهُم مُّصِیبَةࣱ قَالُوۤا۟ إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّاۤ إِلَیۡهِ رَ ٰ⁠جِعُونَ﴾ [البقرة ١٥٦]الحُنُو و التعطف.
‎﴿أُو۟لَـٰۤىِٕكَ عَلَیۡهِمۡ صَلَوَ ٰ⁠تࣱ مِّن رَّبِّهِمۡ وَرَحۡمَةࣱۖ وَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُهۡتَدُونَ﴾ [البقرة ١٥٧]

‎وفي الحَدِيثِ: « “مَنِ اسْتَرْجَعَ عِنْدَ المُصِيبَةِ جَبَرَ اللهِ مُصِيبَتَهُ، وأحْسَنَ عُقْباهُ، وجَعَلَ لَهُ خَلَفًا صالِحًا يَرْضاهُ” »«وَطُفِئَ سِراجُ رَسُولِ اللهِ ﷺ فَقالَ: “إنّا لِلَّهِ وإنّا إلَيْهِ راجِعُونَ” فَقِيلَ: أمُصِيبَةٌ هِيَ؟ قالَ: “نَعَمْ كُلُّ شَيْءٍ يُؤْذِي المُؤْمِنَ فَهو مُصِيبَةٌ”. »


















Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


https://youtu.be/1i1-4VfKnxM?si=RnmUolTec2MHY6Q7


Жактырып👍🏻, бөлүшүп ➡️, жазылып✅ колдоп коюңуздар!




СУРОО:
Ассаляму алейкум бир тууган синдим баламды эмизет,бирок жолдошум билбейт куноо эмесби?

Ustaz Emil Andartegin:
Күйөөсүнүн уруксатысыз башка баланы эмизүү - аялга күнөө (макүрөө). Анткени аялдын көкүрөгүнөн чыккан сүтү, төрөгөн баласы - күйөөсүнүкү. Ошондуктан балага атты атасы коёт, тегин ээрчийт, багууга милдеттүү ж.б. Башка аялды эмизүү үчүн да күйөөсүнөн уруксат алышы керек.
Бир гана баланын жанын сактоо максатында уруксатсыз эмизсе болот. Ыйласа эле эмизе бербейт.

Сиздер туура эмес кылгансыздар. Күнөө. Синдиңиз баласын эмизгенин күйөөңүз билиши керек.

امْرَأَةٌ تُرْضِعُ صَبِيًّا بِغَيْرِ إذْنِ زَوْجِهَا يُكْرَهُ لَهَا ذَلِكَ إلَّا إذَا خَافَتْ هَلَاكَ الرَّضِيعِ فَحِينَئِذٍ لَا بَأْسَ بِهِ كَذَا فِي فَتَاوَى قَاضِي خَانْ
--------
ص372 - كتاب الفتاوى العالمكيرية الفتاوى الهندية - الباب الثلاثون في المتفرقات


https://youtu.be/qorHcNENzoI?si=IC-XjB6NxCMOikkj


Комментарий жазуу, бөлүшүү менен колдоп коюуңуздарды суранабыз.






СУРОО:
Салам алейкум. Устаз, сатып алуучунун акчасы харам болсо сатуучу ошол акчаны алса зыяны тийбейби?

Ustaz Emil Andartegin:
1. Кардар берчү акча же буюм, ага арам жол менен келгендиги анык болсо, мисалы бирөөдөн урдап келип сиз менен соода кылып жатса, анадан сатып алууңуз же сатууңуз – арам.
2. Байлыгы же кирешесинин көпчүлүк бөлүгү арам жол менен табылгна адам менен соода кылуу арам эмес, бирок арамга жакын макүрөө болот (жактырылбайт).
3. Байлыгынын теңи же аз бөлүгү арам болгон адамга сатуу/сатып алуу – адал. Макүрөө эмес.
4. Байлыгы адалбы же арамбы белгисиз болсо, соода кылуу – адал. Сурап, тактоо керек эмес. Мусулман жөнүндө жакшы ойдо болуу – важиб.


فمن الحنفية: قال العلامة الطحطاوي الحنفي في "حاشيته على مراقي الفلاح" (ص: 35، ط. دار الكتب العلمية): [معاملة من أكثر ماله حرام لا تحرم مبايعته حيث لم يتحقق حرمة ما أخذه منه، ولكن يُكرَه؛ خوفًا من الوقوع في الحرام]


СУРОО:
Салам алейкум устаз.
Аялдар сажда кылганда буттарынын манжаларын эркектер сыяктуу эле Кыбыланы каратабы же каратпайбы?

Ustaz Emil Andartegin:
Аял кишинин намазы эрекектин намазынан бир топ жерде айырмаланат.

Эң негизги эреже - аял киши намазды жарышылып, жамынып, кымтынып окуйт.

Ошондуктан сажда кылганда, буттарынын манжаларын эркектердей кыбылага каратып буруп, согончогун тик кылышпайт.

"وَيُزَادُ عَلَى الْعَشْرِ أَنَّهَا لَا تَنْصِبُ أَصَابِعَ الْقَدَمَيْنِ كَمَا ذَكَرَهُ فِي الْمُجْتَبَى".
ص339 - كتاب البحر الرائق شرح كنز الدقائق
أوصلها ابن عادين إلى ستة و عشرين.

#диниңдибил
#суроожооп
#андартегин


СУРОО:
Дин илмин берип акча табууну окуму кандай?

Ustaz Emil Andartgein:
Дин илимин, Куранды үйрөткөн үчүн акы алуу шариятта адал экендиги баарына эле маалым.
Бул суроонун ээси кандай ниетте сураганын билбейм, туура эмес түшүнсөм кечирим сурайм. Бирок көпчүлүк учурда, сын-пикир катары сурашат.
Илимдин эшиги - устазга кызмат кылуу, курманчылык. Устазга кызмат көрсөтсөң илим жугат, балдарыңдан аалым чыгат.
Эл илимдин баркын билбегендиктен канчалаган аалым жигиттер Лондондо кызылча терип, Бишкекте мастарды ташып, такси кылып жүрүшөт...
Ким акы төлөп дин илимин үйрөнүп жатканына беймаза болсо, акы берип окубасын. Андай адамга илим баары бир жукпайт.


СУРОО:
Намаз окуйбуз адал Акча табабыз Оз мээнетибиз мн бирок 25 жыл үйүбүз жок.

Ustaz Emil Andartegin: Кудайга кулдук ураарда ыраазылыгынан башка эч нерсени үмүт кылба!

Кулуну кур калтырабы же ырыстарга бөлөйбү Кожоюндун өз эрки.

Жазмышыңа ыраазы бол!
Зулумдук кылбаарын унутпа!
Даанышмандуулук, ырайымдуулук Анда гана.

Показано 20 последних публикаций.