Асыл жан, сенин жүрөгүң кандай,
Ааламдай баарын батырган.
Ачылбас каалга, ачкычы– сүйүү,
Аруулук анда катылган.
Алгырым, сенин көңүлүң кандай?
Жарыгын чачкан мага да.
Жарпымды жазган тааныган сайын,
Дарыгер болдуң жарама.
Кырааным, сенин мүнөзүң кандай,
Айкөл да ачык, сабырдуу.
Жигиттик сыпат сендеги бүгүн,
Жаныма жакты жалынды.
Жарыгым, сенин көздөрүң кандай?
Океан, деңиз, көл өңдүү.
Байланып улам, бай(ы)р алып, менде,
Башкача сезим төрөлдү...
Акылдуум, сенин мамилең кандай?
Арбаган мени, башканы.
Өзүнчө дүйнө. Дүйнөдөй жансың,
Асмандуу, булак, аскалуу.
Шайырым, сенин күлгөнүң кандай?
Шаң ырым сымал жаңырган.
Мынчалык жылуу туюмга мурда,
Болбогон чыгар кабылган.
Жолуктум сага, жолумда азыр,
Бакты бар, арман– бирге-бир.
Сезимтал дилге сүйүүнү сепкен,
Сен жайлуу ушул билгеним.
Бийигим, сендик махабат кандай,
Бул жайлуу бирок билбедим...
ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ.
02.05.2022.