КИТЕПСТАН


Гео и язык канала: Узбекистан, Узбекский
Категория: Книги


КИТЕПСТАН - РУХАНИЙ АЗЫК!
#илимблог🕯️
Канал айымдар үчүн.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Узбекистан, Узбекский
Категория
Книги
Статистика
Фильтр публикаций


Айтыбыз маарек болсун❤️!


Дүйнөгө мөмө бериш үчүн, пайдалуу болуш үчүн жаша. "Өзүм үчүн" эле десең, анда сен кичинекей адам болуп эле жашап өтүп кетесиң.

__🕊


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Жакшы өмүр сүргүң келсе жакшы адам изде.
Жакшы адам тапкың келсе өзүңдү түздө.


Рамазан айы.
Жуманын түнү.
Сыртта жамгыр.


Алла Таалам дуаларды кабыл кылуучу убакыттар бир учурга туш келиптир,
Субханаллах❤️.


Орозо✨.
@kitepstan1
(жүрөк мен
ен окуңуз)

Салман р
адиаллаху анху айтат: "Пайгамбарыбыз саллаллаху ъалайхи васаллам Шаъбан айынын акыркы күндөрүндө бизге насаат айтты:

"Силерге өтө берекелүү, улуу ай келе жатат. Анда бир түн бар, ал миң айдан жакшыраак. Алла Таала ошол айдын орозосун парз кылды. Андагы Таравих намазды сооп алууга себеп кылды. Ким ушул айда жөнөкөй эле бир жакшылык иш кылып, өзүн Алла Таалага жакын тутса, анда ал орозодон башка убакытта парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми кимде-ким ушул айда парз амалды аткарса, ал орозодон башка убакыттарда 70 парзды аткаргандай соопко ээ болот.

Бул ай сабырдуулук айы, ал эми сабырдын орду Бейиш. Бул ай адамдарга камкордук кылуу айы. Бул айда момундардын ырыскысы көбөйтүлөт. Кимде-ким орозо кармагандарга ооз ачырса, анда анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө, тозоктон кутулуусуна себеп болот жана ага бир да кемитилбестен орозо кармаган кишинин сообундай сооп берилет.

Бул айдын биринчи бөлүгү - Алланын рахматы. Экинчи бөлүгү - Алланын кечирими, үчүнчүсү - тозоктон куткарылуу күндөрү.

Ошондой эле бул айда 4 амалды көп кылгыла: Калима Тоййиба жана истигфарды көп айтуу. Бейишти суроо жана Тозоктон сактоону тилөө. Кимде-ким орозо кармоогуча суу ичирсе, ага Алла Таала Кыямат күнү менин көлүмдөн суу ичирет, андан кийин ал Бейишке киргенге чейин чаңкабайт.

Орозодо ар бир күнү жана түндөсү Алла Тааланын туткундары тозоктон куткарылат жана ар бир мусулмандын ар күнү жана түндөсү сөзсүз бир дуасы кабыл болот.

Аллах Таала бул айда силерге көңүл бурат жана Ал өзүнүн өзгөчө рахматтарын жаадырат, күнөөлөрдү кечирет, дуаларды кабыл кылат. Силердин жакшылык иштериңерде жарышууңарга карайт жана периштелердин алдында сыймыктанат. Ошондуктан, Аллах Таалага өзүңөрдүн жакшы амалыңарды көрсөткүлө! Жаман адам ушул айда да Алланын рахматынан насипсиз калат.

▫️Фазаил аъмал.




#Рамадан

Өзүңдү оңдо. Ичиңди оңдо. Аракет кыл. Дуа кыл. Өзгөлөргө эмес, Аллага көргөз оңолгонуңду. "Тынчтык" бол. Сенден тынчтык чачырап турсун.




"Ар бир нерсенин зекети бар. Дене-мүчөнүн зекети - орозо. Орозо тутуу - сабырдуулуктун жарымы".

Ибн Маажа, Сыям 44.


Пайгамбарыбыз саллаллаху ъалайхи васаллам өз өмүрүндө канча жыл Рамазан орозосун кармаган?
Опрос
  •   9
  •   8
  •   7
563 голосов


Рамадан❤️.


Намазыңызга сезимтал болуңуз.
Намазыңызга кам көрүңүз✨.


"Яа, Аллахым, мени текебердиктен сакта, жүрөгүмө шүгүрчүлүк жарат. Мага бардык нерседе Сенин эркиңди көрүүгө мүмкүнчүлүк бер, тагдырымды ыраазы болуу менен кабыл алууну үйрөт. Мага бир гана Сага ишенүүнү үйрөт. Менин жүрөгүмдөн Сен жаман көргөн нерселердин баарын алып сал жана аны Сени эстөө, Сага болгон сүйүү, бекем жана туруктуу ыйман менен толтурчу. Мага Өзүңдү бардыгынан артык сүйүүнү үйрөтчү, Роббим!"

#дуа
#Жума

Жүрөгүбүздү тазалайлычы. Ичибизден берекелүү, терең, бактылуу аял бололучу, жана да сүйүктүү...


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
...✨)


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Кыздарым үчүн🥰🌸.
Марзия Бекайдар, подкаст.

Показано 20 последних публикаций.