АБУ БАКРДЫН КАЙГЫСЫ, БИЛАЛДЫН АРМАНЫ
(Бухариден бир шиңгил)
1889 - Аиша разияллоху анха айтты:
«Пайгамбар ﷺ Мединага келгенден кийин, Абу Бакр менен Билалга ысытма чыгып, жатып калышты. Ошондо Абу Бакр:
“Үй-бүлөгө кутман таң,
Каалоо жакшы жосундан.
Өлүм мага жакынбы,
Шиппагимдин боосунан”, - деп кайгырды эле, ысытмасы түшүп калган Билал араң чыккан кыркылдаган добушу менен мындай ыр саптарды кошту:
“Билалбадым, жатамынбы дагы мен,
Гүл жыттанган талаасында Макканын?!
Мажиннанын сууларында чөмүлүп,
Өлүп кетсем калбайт эле арманым!”
Анан (өздөрүн Маккадан кууган мушриктерди каргап): “О, Аллахым! Бизди өз жерибизден ушул оорусу көп шаарга чыгарып жибергени үчүн Шайба ибн Рабиага, Умаййа ибн Халафка наалатыңды жибер!” – деди. Ошондо расулуллах ﷺ мындай деп дуба кылды: “О, Аллахым! Бизге Мединаны, Макканы сүйгөндөй, андан да катуураак сүйдүрө көр! Аллахым, биздин идиштерибизди дан менен толтур! Бизге шыпаа берип, Мединадагы ысытманы (алыс) Жухфа тарапка жибер!” Аиша (энебиз) айтат: “Мединага келсек, бул Аллахтын эң оору көп тараган жери экен. Бутхан жылгасында аккан агындылар жыл бою токтобойт экен”.
Түшүндүрмө: Мына ушундай жер кийин, пайгамбардын дубасы жана сахабалардын аракети менен эң таза, эң берекелүү шаарга айланды. Сахабалар Мединаны сүйүп калышты.