Дардымды айтсам досума,
Ыйламыш болду кошула.
Дардымды айтып бүткөн соң,
Акырын түштү жолуна.
Дардымды айтсам апама,
Көңүлү түштү капага.
Картайып кетти бат эле,
Кайгырып ар бир катама.
Дардымды айтсам иниме,
Анымда укту үңүлө.
Колунан жардам келбейт да,
Жашоодон кетти түңүлө.
Дардымды айтсам эжеме,
Ал барып айтты жездеме.
Кайгырса деле ошондо,
Унутуп койду тез эле.
Жайнамаз алып салдым да,
Кудайга айттым соңунда.
Жеңилдей түштүм эхх чиркин,
Кудайым деген сонун да.
Ыйламыш болду кошула.
Дардымды айтып бүткөн соң,
Акырын түштү жолуна.
Дардымды айтсам апама,
Көңүлү түштү капага.
Картайып кетти бат эле,
Кайгырып ар бир катама.
Дардымды айтсам иниме,
Анымда укту үңүлө.
Колунан жардам келбейт да,
Жашоодон кетти түңүлө.
Дардымды айтсам эжеме,
Ал барып айтты жездеме.
Кайгырса деле ошондо,
Унутуп койду тез эле.
Жайнамаз алып салдым да,
Кудайга айттым соңунда.
Жеңилдей түштүм эхх чиркин,
Кудайым деген сонун да.