Forward from: Ислам Жолу
🇺🇳❌🇦🇫 БУУ Ооганстан Ислам Эмирлигине каршы санкцияларды улантуу чечимин чыгарды
⏺ БУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстанга каршы санкциялар боюнча комитеттин мониторинг тобунун мандатын узартууну бир добуштан чечти.
⏺ БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай жана Орусия жана убактылуу мүчөлөр резолюцияны колдошту.
⏺ Учурда Коопсуздук Кеңешине Алжир, Эквадор, Гайана, Түштүк Корея, Швейцария, Япония, Мальта, Мозамбик, Сьерра-Леоне жана Словения мүчө.
⏺ Бириккен Улуттар Уюмунун санкциялары Ооганстан Ислам Эмирлигинин лидерлерине, тиешелүү адамдарга жана топторго каршы активдерди тоңдурууну, саякатка тыюу салууну жана курал эмбаргосун камтыйт.
⏺ АКШ Доха келишими боюнча санкцияларды алып салууну убада кылганы менен бул убада аткарылган жок.
⏺ Ооганстан Ислам Эмирлигинин басма сөз катчысынын орун басары Хамдулла Фитрат БУУнун чечимин сынга алып: «Санкцияларды узартуу чечимин адилетсиз деп эсептейбиз жана аны айыптайбыз. Бул санкциялар адамдардын укуктарын бузуп, буга чейин натыйжасыз болуп келген. Мындай чараларды улантуу эч кимге пайда алып келбейт. Ийгиликсиз тажрыйбага таянуу акылдуу чечим эмес.
✈️@islam_jolu1