СУРОО:
Ассаламу алейкум менин суроом азыр убакта Ислам жатында сабактар чыгып атат мисалы ибадат менен тагдырынды озгорт Жана башка ушундай сабактар ушуларга катышса болобу?
Ustaz Emil Andartegin:
Исламдын атынан сүйлөгөн жахилдер* көбөйдү. Напсини тизгиндегендин ордуна, шахватынын** аркасынан ээрчип, шайтанга*** жетеленгендер көбөйдү.
Алла Таала бир нерсени жаратаарда, анын убактысын, ырыскысын, жээр тузун, ичээр суусун жана абалдарын кайгы- капа, кубанычын пенде эмнени тандаарын алдын ала билип, өлчөп , өзү каалагандай жаратат. Ошол тагдыр делет.
Алла Тааланын илими өзгөрбөгөндөй эле, тагдыр да өзгөрбөйт.
Пенде тагдырына эмне жазылганын билбейт, ошондуктан ал себептерди карманууга буйрулган. Ибадат - себеп. Күнөө - себеп. Дары - себеп. От - себеп… себепти сен кыласың, натыйжаны Алла Таала кааласа жаратат, каалабаса жаратпайт.
Сен кулсуң. Кожоюнуң Кудайың. Кожоюнуң каалаган нерсесин кылат. Себепти аткарып, андан бир нерсени талап кыла албайсың. Сенин абалың, Кудайга кор болуу, айтканын аткарып, тыйгандан тыйылууң. Кудайга баш бербей күнөө кылсаң, азабынан Өзүнө гана качып кутула аласың!
Суроодогу сабактарга катышуу - туура жолдон адашуу жана элди адаштыруу.
Алла Өзү хидаят**** берсин🤲🏻
*Жахил (ар. جاهل) - наадан, илимсиз, караңгы.
**Шахват (ар. شهوة) - напсинин кумарына жетүү аракети.
***Шайтан (ар. شيطان) - адамдардан жана жиндерден болгон Жаратканга баш ийбеген макулук.
****Хидаят (ар. هداية) - туура жол.
﴿إِنَّ رَبَّكَ فَعَّالࣱ لِّمَا یُرِیدُ﴾ [هود ١٠٧]