Шейх ибну Баз رَحِمَهُ الله айтты:
"Урматтуу мусулман бир туугандар! Өзүңөрдү оңдогонго тезирээк кам көргүлө, тооба менен Роббиңерге кайтып, илим алууга умтулгула! Дүнүйгө баш-отуңар менен кирип кетпегиле жана аны акыретиңерден жогору койбогула! Аллах Өз душмандарын мындай деп сыпаттайт: "Чынында, алар дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат" (Аль-Инсан, 27-аят). Силер бул дүйнө үчүн жаратылган эмессиңер, силер түбөлүк жашоо үчүн жаратылгансыңар жана түбөлүк дүйнө үчүн амал кылуу силерге буйрулган. Ал эми бул жалган дүйнөгө келсек жалгыз Аллахка ибадат кылууга пайдалануу үчүн гана жаратылган. Ар бир мусулман көпчүлүк менен алданып калуудан сак болушсун, чындыгында андай алдануу чоң кырсык, анын себебинен бизге чейинки элдердин көбү жок болушкан! О акыл ээси, ошондуктан сага кайрылам! Өз жаныңдын абалына көз салып тур жана адамдар акыйкатты таштап коюшса да сен аны карман жана Аллах тыйган нерсени адамдар аткарып жатышса да сен аны аткаруудан алыс бол. Аллах Таала айтат: "Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллахтын Жолунан адаштырып салышат" (Аль-Анам,116-аят). Абалкылар (салафтар) айтышкан: "Акыйкатты ээрчигендер аз болгондугу үчүн андан качпа жана жалганды көптөр ээрчигендиги үчүн ага азгырылба".
📚 «Фатауа Ибн Баз» 2/147
Эскертүү макаланы ссылкасы менен бөлүшөбүз
https://t.me/aalymdar/1506