Forward from: Пулат Каландар
САБЫР
Молдоке минбарга чыгып такыбачылык, сабыр жана ысыраптан алыс болуу жөнүндө сөз баштады. Бирок күн сайын көчө шыпырып жүргөн бир карыя анын сөзүн бөлдү:
-Таксырым, сиз жумушуңузга кымбат баалуу унааңыз менен, кымбат баалуу кийимдериңизди кийип, мечиттин ичин буркураткан кымбат баалуу атырыңызды себинип келесиз.Колуңузда болсо акыркы үлгүдөгү айфон. Жыл сайын умрага барасыз.
Молдоке, сиз бир күн кечке маал менин жупуну үйүмө барып, ылай жыттанган алачыгымда түнөңүз, эртеси багымдаттан кийин экөөбүз сабырдын эмне экендигин билиш үчүн колубузга шыпыргы алып көчөгө чыгалы, куйкалаган күндүн ысыгында орозо туткан абалда таштандыларды топтойлу. Мен күн сайын сиздин бир атырыңыздын пулуна туура келген айлык үчүн иштеп келе жатам. Сиз түркүн тамактар менен саарлык кылып, курсагыңыз тойгон соң салкын бөлмөгө кирип уктаганга шашасыз.
Албетте кечирим сурайм, бирок биз сабырды жакшы эле үйрөнүп жатабыз. Жадагалса сабыр менен жуурулушуп да калдык. Бизге кээ бир аалымдардын заалымдыгы жөнүндө сүйлөңүз. Бизге жашыруун бомбадай болуп тарап жаткан бекерчилик жана жалкоолук жөнүндө сүйлөңүз. Бизге дүйнө элдерин мажбурлап кедей абалга жана ачкачылыкка түрткөндөр жөнүндө сүйлөңүз. Бизге адамдарды байлыгына жараша бөлүү жана байлыктарды адилетсиз таркатуу боюнча сүйлөңүз. Бизге өлкөбүздүн алкымына чейин жеткен паракорчулук жана паракорлор жөнүндө сүйлөңүз. Бизге бийликти, байлыкты мурас катары өз ара бүлөшкөн топтор жөнүндө сүйлөңүз. Бизге нечен мусулмандар кыйналып жатканда, колунда бийлиги жана байлыгы туруп, дүлөй, сокур, дудук болгондор жөнүндө сүйлөңүз. Бизге Кудайдын атын оозунан түшүрбөй, бирок элди тоногон башчылар жөнүндө сүйлөңүз!
Болбосо сиздин хутбаңыз жөн гана куру сөз болуп кала берет.
Которуп, даярдаган Nuriet Abdulaziz