СЫНБА, ЧӨКПӨ, ТҮҢҮЛБӨ!#НАСААТ_Podcast. Устаз Шермухаммад Акматжан. Улан Давлеткулов. Нуриет Абдулазиз
Ассаламу алайкум, урматтуу “Насаат Медиа” порталынын күйөрмандары. Сиздер үчүн кезектеги подкастыбызды сунуштайбыз. Сиздер үчүн кезектеги подкастыбызды сунуштайбыз. Бул чыгарылышыбызда конок катары жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал болгон динайатчы, өмүрүнүн 20 жылын Ислам дини жана шариат илимини изилдөөгө арнаган, өлкөбүздө миңдеген адамдардын жашоосуна дем берип, бестселлерге айланган бир нече китептердин автору, Кыргызстан Ислам Университетинин уйуштуруу иштери бойунча ректордун жардамчысы, устаз Шермухаммад Акматжанды чакырдык.
Калың журтубуздун арасында устазды тааныбаган киши болбосо керек. Чарчабастан шариаттын татаал маселелин карапайым элге түз эфирде жатык тилде түшүндүрүп , жүздөгөн талабаларга сабак берип, ишкердик менен алектенип жана үй бүлөсүнө убакыт бөлүп гана тим болбостон мотивацияга суусаган элди “Сынба, Чөкпө, Түңүлбө, Из калтыр” деп жер-жерлерди кыдырып сабак уйуштуруп жүргөнүн көрүп калабыз. Ар дайым жылмайып, элдин көңүлүн көтөрүп сүйлөп, “оор” деп түшүнбөгөн динибизди жеңил жана жеткиликтүү тилде түшүндүрүүсү менен айырмаланат.
Подкаст учурунда устаз менен анын балалык чагы, бир нече диний жамааттардын медресе жана окуу жайларында топтогон турмуштук багажы, Сирийада алган билими , кайтып келген соң кылып жаткан дин мээнети жөнүндө кеңири майектештик. Мындан сырткары үй бүлө институтунун маанилүүлүгү, устаз Чубак ажынын феномени , ар бир инсандан үйрөнө турчу сапаттар тууралуу да кобураштык. Тасманы толугу менен көрүп, жактырып жана бөлүшүүнү унутпаңыздар!
Алып баруучулар: Улан Давлеткулов жана Нуриет Абдулазиз