Күндөлүктүн күкүмү


Kanal geosi va tili: O‘zbekiston, O‘zbekcha
Toifa: ko‘rsatilmagan


🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. (Китеп дүйнөсүнө саякат эски аталышы)
🪄Жасалмасыз
🪞Боёксуз
✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
O‘zbekiston, O‘zbekcha
Toifa
ko‘rsatilmagan
Statistika
Postlar filtri


🪐

Силерге сунуштаган 6-баракча:


https://t.me/istellarbooks

Бул баракчаны бир мырза алып барат. Коңшулаш өлкөлөрдүн биринен болот.
Жазуу стили, юмор, монтаждаган видеолору, айтор китептердин атмосферасына чүңгүтөт.

Китеп блог алып барган мен катталган 2 мырзанын бирөөсү.

Көрүп ой-пикир бул жакка да калтырып койгула ээ?




🪐

Силерге сунуштаган 5-баракча.

https://t.me/kulakuchun

Бир китептин аудио форматын издеп жаткам. Анан эле YouTube га кирип карап көрөйүнчү деген ой болду. Бул баракчаны кокусунан тапкам, бирок мен үчүн баалуу.
Аудио китептерди өтө сонун окуйт экееен.
Баракчасында катталуучу аз экен, бирок мындай пайда берүүчү баракчалар элге жайылыш керек!
Жайылтуубуз керек!




🪐

Силерге сунуштаган 4-баракча:

https://t.me/SapargulAbdinabieva

Сапаргүл эженин баракчасын окуп баштаганыма көп болбоду. Ичим ачышканы эмнеге мурун тапкан эмесмин, эмнеге кеч катталдым дегем.
Анткени жашоону башкача көз-караш менен кароону, “Мындай эмес, мындай жашаса да болот, окуу эч качан кеч эмес!” деп турат.
Баарыңар катталып окуп турууңарды сунуштайт элем.
Жеке блогду эң сонун алып барган жана окурмандары эң активдүү деген жалгыз баракча. (Менин көз карашымда)




🪐

Силерге сунуштаган 3-баракча:

https://t.me/kitepkofe

Кыргызча, орусча китептердин көпчүлүгүн ушул баракчадан тапкам. Админ бир канча убакытка жок болуп жакында гана кайра жандуу алып бара баштады. Өзгөчө жакканы баракчадан эргүү аласың. Андан сырткары көп пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп турат.
Жалаң гана айымдар үчүнбү же аралашпы билбейм.




🪐

Сиздерге сунуштаган 2-баракча:

https://t.me/kitep_duinom

Кыштын узун түндөрүн жан дүйнөңүзгө азык алып өткөзгүңүз келсе✨, анда бул КИТЕП каналга сөзсүз катталыңыз. Кыргыз жана дүйнөлүк адабиятынан эң таанымал чыгармаларды бөлүшүп турат📝.




🪐

Силерге сунуштаган 1-баракча:

Бул баракча китеп сүйүүчүлөр үчүн чыныгы кенч! Эгер китептерге кызыгып, жаңы чыгармалар, авторлор тууралуу билгиңер келсе, бул канал силер үчүн⤵️

Билим- түгөнбөс азык, жоголбос байлык, кемибес кенч дегендей, силерди “Илим-Билим” каналына кошулуп алууну сунуштаймын 🫶


Баракчада камтылган нерселер :
✨электрондук китептер(бардыгы пдф форматта);
✨кооз сүрөттөр;
✨маңыздуу учкул сөздөр

@ilim_bilim_i




🪐

7 күнгө 7 канал

Баарыңар окуганыңардай эртең телеграм каналды 7 күнгө өчүрөм, бирок силерге кызыксыз болуп кетпеши үчүн өзүм көптөн бери окуган, кызыктуу деп санаган, пайдалуу 7 канал менен 7 күн бою бөлүшөм. Катталып, бөлүшкөн каналдар менен таанышып турсаңар болот.
2-3 баракчанын админине бири-бирибизди жарнамалоо сунушу менен жаздым. Көптөн бери алардын баракчаларын окуган үчүн ишенем жана сунуштагандан кыжаалат болбойм.

Телеграмда постторду алдын ала даярдап коюу функциясы бар. Ошол функцияны пайдалануу менен посттор даярдалат жана баары 7 күндө бир саатта чыгат.

Баса, менде жарнама кызматы жок.
Өзүм билбеген каналдарды акылуу да, акысыз да жарнамалай албайм!

Идея жактыбы силерге?




🪐

СОЦ ТАРМАКТАРДАН БАШ ТАРТУУ

• Бүгүн үйдө болдум, эч нерсе кылбадым, карасам 6 саатты телефон менен өткөрүп салыптырмын. Ооба, шок болбой элемин. Анткени мындан көп телефонго короткон убактарым болгон. Арасынан 2 саатты эң маанилүү жумуштарым үчүн эсептесем деле, 4 саатты жөн эле короткон болом.

• Инстаграм баракчамды эки айга өчүргөм. Ага көнүп эле калдым. Маалымат шумунан бир канча алыстаганымды сезип жатам, бирок кашайып телеграмды активдүү колдонуп баштадым.
Ооба, инстаграмга салыштырмалуу пайдалуу нерселер бул жакта көп, бирок ошентсе да убакытты көп алып жатат.

• Кудайгa шүгүр, Facebook, колдонбойм. TikTok ко катталган да эмесмин.

• Ушул маселерди эске алып 7 күн:

YouTube
Telegram сыз жашап көрүүнү чечтим.

WhatsApp тиркемесин өчүрө албайт экем. Анткени ал жактан жооп бербей калсам жакындарым, туугандарым кабатыр болот. Андан сырткары онлайн сабагым бар.

• Буюрса эртең 13.01.2025 ашыкча каналдардан, окубаган блогдорумдан чыгам. Баарын тазалап эң керектүү жана мага маанилүүлөр гана калат. Андан чыгып YouTube тазалайм. Ин ша Аллах 2-күнү 1 жумага өчүрөм.

• соц тармактардан баш тартуу аябай эле оор болуп жатат.
Бирок өзүмдү сынап көргүм келет. Телеграм жок музыка да, аудио китептер да, подкасттар да жок болот. Кызык, кантип убакытым өтөт болду экен?

• Ар кандай изилдөөлөрдү, адамдардардын берген интервьюларын уктум. Карама-каршы келген көз-караштар бар экен. Эми эмне кылабыз, идея келди.
Аткарып гана көрүү керек.

• Суроолор болсо калтырып койсоңор болот. Эртең жооп берем⤵️

#детокс










🪐

Курбумдун өз колунан жасап берген белеги.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.