📖 Абу Ханифа р.знун эң алдыңкы шакирти, исламдагы эң алгачкы казы [сот] имам Абу Юсуф р.зну ыйлаткан окуя:
Азирети Имам Азамдын дүкөнү бар эле, тиричилиги ошол жерде болчу. Дүкөнүндө күн алыс аалымдардын чогулушу өтүп турчу. Чогулушта диний сабактар, изилдөөлөр, адеп-ахлак, шариаттан сүйлөшүп, хадис, риваяттар айтылып, кээ бир маселелерди талкуулашат эле. Ушундай
күндүн биринде Имам Азамдын дүкөнүнө бир жаш бала кирип келди. Бир нерсе издегендей ары-бери басып жүрдү. Максаты дүкөндөн бир нерсе алуу эмес, аалымдардын сабагын угуудай туюлду. Аалымдар чогулушу бүтөрү менен бала акырын дүкөндөн чыгып кетти. Арадан эки күн өтүп кайра аалымдар чогулушту, жанагы бала дагы келди. Дүкөндөн бир нерсе алчудай болуп, аралап жүрдү, бирок кулагы аалымдарда. Муну байкаган Имам Азам баланын жанына келип:
- Балам, бир нерсе таппай жатасыңбы? - деп сурайт.
- Азирети, менин бул жерде ала турган эч нерсем жок, ушу илимге болгон кызыгуум бар, билбейм сиздердин
сүйлөгөнүңүздөрдү уксам ичимден суктанып, бир башкача боло берем - деп жооп берет.
Имам Азам:
- Эх, эмне анда минтип бекинип жүрөсүң, кел менин алдыма, мен сага өзүм сабак өтөм, устаздык кылам, - дейт.
Бала кубанып макул болот. Ар күнү келип Имам Азамдан сабак алып баштайт.
Бир күнү сабак учурунда баланын апасы дүкөнгө кыйкырып кирип келет.
- Эй, азирет, сиз кандай адамсыз?
- Кандай адаммын?
- Эмне үчүн ар күнү баламды бул жерге чакырып алып жатасыз?
- Сабак өтүп, илим берип жатам.
- Балама илим керек эмес, балама жумуш керек.
- Heге?
- Себеби биздин үйдө эркегибиз жок, мен бир жалгыз бой энемин. Балам иштеп күндө 3 дирхам үйгө алып келет. Ушу менен биз жан багабыз - дейт.
Ошондо Имам Азам:
- Баланыздын илим алышына ыраазы болуңуз. Күн келип
Аллах сизге мисте майына куурулган халва жедирет - дейт.
- Э мен халваны эмне кылам, мага азыр акча керек - дейт, баланын апасы.
- Макул, мен сизге күнүнө 3 дирхам берип турсам ыраазы болосузбу балаңыздын илим алышына?
- Ыраазы болом.
Бул баланы кээ бир риваяттарда 30 жыл, кээ биринде 35 жыл Имам Азамдан таалим алган деп айтылат. Ал Ислам ди-нинин абройлуу, атактуу Имамы болгон Имам Абу Юсуф эле.
Бул доор Харун ар-Рашиддин доору болуп, күндөрдүн биринде Харун ар-Рашид менен аялы Зубайда ортосунда ызычуу чыгып, Харун ар-Рашид ачуусуна алдырып, аялы Зубайдага:
- «Эгер бир күн ичиде менин топурагымдан чыгып
кетпесең, сага ошол 3 сөз (талак)», - деп айтып алат.
Кийин ачуусу басылып бул маселесин чечүү үчүн аалымдардан сурап баштайт. Бир аалымды чакырып:
- Маселени чечсе болобу? - дейт.
- Жок, чечсе болбойт. Бир күн ичинде сиздин халифаттан чыгып кетүү мүмкүн эмес. Куш беле учуп чыгып кеткендей, - деп жооп берет.
Башка аалымдарды чакырат, алар да чечим таба алышпайт.
Акыры Имам Абу Юсуфту чакырышат. Имам Абу Юсуф
келип:
- Эмне дединиз, баштан аяк сөзмө-сөз айтып берсеңиз - дейт.
Харун ар-Рашид:
«Эй Зубайда, эгер бир күн ичинде менин топурагымдан,
(халифатымдан) чыгып кетпесең, сага ошол 3 сөз (талак) дедим», - дейт.
Күбөлөр жана башка аалымдардын баары Имам Абу Юсуф бир чечим таба алат бекен, куш эмес го учуруп чыгарып, койгондой деген ойдо тан кальп турушат. Ошондо Имам Абу Юсуф бир аз ойлонуп:
- Зубайда айым бир кун мечитте түнөсүн дейт.
Уккандар ого бетер таңкалышат жана себебин сурашат.
- Себеби мечит Алланын үйү, Харун ар-Рашиддин мүлкү болуп эсептелинбейт, - деп жооп берет.
Харун ар-Рашид:
-«Ушундайбы? Мечит менин мүлкүм эмеспи?» - деп, чечим табылгандай кубанып башка аалымдардан сурап баштайт.
Аалымдар да бир катар: - «Ооба, ушундай, мечит
Алланын үйү. Сиздин мүлкүңүз эмес. Бул биздин оюбузга келбептир» - дешет.
Харун ар-Рашид сүйүнүп, Имам Абу Юсуф үй-бүлөсүн сактап калгандыгынын урматына, маараке өткөрөт. Дасторкондор жайылып тамактанып олтурушканда, Имам Абу Юсуфтун алдына үстү жабык бир идишти алып келишет.