TGStat
TGStat
Qidiruv uchun matnni kiriting
Ilg‘or kanal qidiruvi
  • flag Uzbek
    Sayt tili
    flag Russian flag English flag Uzbek
  • Saytga kirish
  • Katalog
    Kanal va guruhlar katalogi Kanallar qidiruvi
    Kanal/guruh qo‘shish
  • Reytinglar
    Kanallar reytingi Guruhlar reytingi Postlar reytingi
    Brendlar va shaxslar reytingi
  • Analitika
  • Postlarda qidiruv
  • Telegram'ni kuzatish
Сүйүү саптары. Поэзия.

10 Nov 2024, 08:24

Telegram'da ochish Ulashish Shikoyat qilish

УРУКСАТПЫ!!!

Жалгыздыктын жыл, ай, көп күнү батты,
Жарым дейин сизге окшош улук затты!
Жай алайын түбөлүк чыкпас болуп,
Жүрөгүңүз төрүнө уруксатпы?

Оргуштаган сүйүүдөн сунуп таттуу,
Ордун таппай канча бир суулар акты.
Ойлондурбай башканы, мендик болсун
Ойлоруңуз болоюн уруксатпы?

Жар болоюн жаркылдап сунуп бакты,
Жан эмесмин калп сүйлөп тийип каччуу.
Көз салдырбай башкага ээлеп алам,
Көздөрүңүз ичине уруксатпы?

Сезим гүлдөп өнүккөн ыйык бак бу,
Сүйүү менен жаратам ыйык сапты.
Бирге татып өмүрдүн таттуу балын,
Бүт дүйнөңүз болоюн уруксатпы?

Убак келип ойлонуп уйку каччу,
Шыбырыңды жүрөгүм туюп жатты,
Күндүз эмес түнү да бирге жүрүп
Түн уйкуңду ээлейин уруксатпы?

Көздөрүмдөн көп ирет жашым акты,
Бул өмүрдүн бактылуу багын тапчы.
Бул өмүрдө адашпай жүрүү үчүн,
Колдоруңуз кармоого уруксатпы?

Жароокерсиз кең пейил улук аттуу,
Мамилеңиз сыйымды улуктатты.
Бойдокчулук өмүрдү чектеп анан,
Жубайыңыз болоюн УРУКСАТПЫ?

Үмүтай Жеңишбековна

6.1k 0 39 5 52
Katalog
Kanal va guruhlar katalogi Kanallar to‘plamlari Kanallar qidiruvi Kanal/guruh qo‘shish
Reytinglar
Telegram-kanallar reytingi Telegram-guruhlar reytingi Postlar reytingi Brendlar va shaxslar reytingi
API
Statistika API'si Postlar qidiruvi API'si API Callback
Kanallarimiz
@TGStat @TGStat_Chat @telepulse @TGStatAPI
O‘qish
Blogimiz Telegram tadqiqoti 2019 Telegram tadqiqoti 2021 Telegram tadqiqoti 2023
Kontaktlar
Справочный центр Qo‘llab-quvvatlash Email Vakansiyalar
Har xil narsalar
Foydalanuvchi shartnomasi Maxfiylik siyosati Ommaviy oferta
Botlarimiz
@TGStat_Bot @SearcheeBot @TGAlertsBot @tg_analytics_bot @TGStatChatBot