ЭР ЖҮРӨК АЯЛ
Бир күнү пайгамбар
ﷺ сахабаларынын арасында турганда, Асмаа бинт Язийд деген аял келип: “Ата-энем сизге садага кетсин, о, Аллахтын элчиси, мен сизге аялдардан элчи болуп келдим. Биз чектелип, силердин (эркектердин) кумарын кандырып, курсагыбызда балаңарды көтөрүп үйдө отуруп калдык. Силер болсо, о эркектер, Жума намазына, жамаат намазына чыгып, оорулууларды зыярат кылып, кайра-кайра ажыга барып, бардыгынан абзели – Аллахтын жолунда жихаддарга чыгып, соопто бизден озуп кеткенсиңер. Биз ажыга же умрага кеткен эрибиздин малына кароол болуп, кийимдерин жамап, балдарын карап үйдө отурабыз. Силер менен соопто шерик боло албайбыз!” - деди. Анда пайгамбарыбыз
ﷺ сахабаларына карап: “Силер өз дини жөнүндө ушул аялдын сөзүнөн жакшыраак сөз уккан белеңер?” деп сурады. Сахабалар айтышты: “О, Аллахтын элчиси! Биз аял киши өз дининде ушунчалык изденүүсүн кыялыбызга да келтирбептирбиз!” Ошондо пайгамбарыбыз
ﷺ жанагы аялга карап: “Бара бер, о аял! Сени жиберген аялдарга айт: силердин өз эриңерге жакшы өмүр жолдоштук кылууңар, анын ыразылыгын издешиңер жана эриңер масилет-кеңеш салган ишке макул болушуңар, мунун баарында (соопто) эркектердин бардык жакшылыктарына тең шерик болосуңар”. Муну уккан аял шат-курсант болуп, такбир жана тахлил айтып, аркасына кайтты. (Байхаки)
Шамсуддин Абдыкалык уулу https://www.facebook.com/share/p/14UfCHEEMq/