Абу Сулайман ад-Дараний айтты: "Кимге бир жакшы иш кылууга #илхам берилсе аны дароо аткарбасын. Алгач, алдыңкы муундун (#сахаба, #табаин, #табатабаин'дер) сөздөрүндө бул нерсе бар экенби изилдесин. Эгер бар болгон болсо - мына ошондо гана аны аткарсын, жана напсисиндеги нерсе Аллахтын динине туура келгендиги үчүн Аллахка мактоолорду айтсын"
📖 (Ибн Касир, "Валлазиина жаахадуу фиинаа..." 29:69 аятына тафсир)
Адамдын руханий "денеси" акыл, эмоция жана ыймандан турат. Адамдын акылына жана эмоциясына ар кандай нерселер келе берет. Өзү бир нерсени ойлоп же эмоцияларга берилип, "ии, ушундай амал кылсам жакшы болот", "кандай сооптуу иш" деп бир нерсе диндин атынан аткарып алышы мүмкүн. Бирок ошол нерсе динби же дин эмеспи - алгач тактап алышы зарыл.
Ал эми дин деп - бул сахабалардын доорунда болгон нерсени гана айтабыз. Ошондуктан айтышат: "Сахабалар учурунда дин деп белгилүү болбогон нерсе, бүгүн дин боло албайт" деп.
Демек, акылга жана эмоцияларга келген нерсени - #илим (#ыйман) аркылуу өткөзүп, эгер Шариатка туура келсе гана аткарып, туура келбесе аткаруудан баш тартуу зарыл.
🌿 ИсламЖолу