КР Президенти


Гео и язык канала: Узбекистан, Узбекский
Категория: не указана


КР Президентинин расмий Telegram-каналы
Официальный Telegram-канал Президента КР

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Узбекистан, Узбекский
Категория
не указана
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🎥 Видео: Жогорку Кеңеште Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү

****

🎥 Видео: В Жогорку Кенеше с участием Президента Садыра Жапарова состоялась церемония принесения присяги отдельными членами Кабинета Министров






Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Ант бергендер:

— Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев;
— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев;
— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;
- Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров;
- Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев.

https://president.kg/kg/news/21/26297

**

Ряд членов Кабинета Министров принесли присягу на заседании Жогорку Кенеша

Сегодня, 18 декабря, в присутствии Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и депутатов Жогорку Кенеша состоялась церемония принесения присяги отдельными членами Кабинета Министров.

Присягу принесли:
— Председатель Кабинета Министров – Руководитель Администрации Президента Кыргызской Республики Адылбек Касымалиев;
— Первый заместитель Председателя Кабинета Министров Данияр Амангельдиев;
— Заместитель председателя Кабинета Министров – министр водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Бакыт Торобаев;
— министр экономики и коммерции Бакыт Сыдыков;
— министр труда, социального обеспечения и миграции Равшанбек Сабиров;
— министр транспорта и коммуникаций Абсаттар Сыргабаев;
— министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Медер Машиев.

https://president.kg/ru/news/21/26297


Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыдыков Бакыт Толомушевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри болуп дайындалды.

*******

Бакыт Сыдыков назначен министром экономики и коммерции Кыргызской Республики

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Сыдыков Бакыт Толомушевич назначен министром экономики и коммерции Кыргызской Республики, и он освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.


Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Амангельдиев Данияр Джолдошевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

*****

Данияр Амангельдиев назначен первым заместителем Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Амангельдиев Данияр Джолдошевич назначен первым заместителем Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики, и он освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.


Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды.

***********
Адылбек Касымалиев назначен Председателем Кабинета Министров Кыргызской Республики

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Касымалиев Адылбек Алешович назначен Председателем Кабинета Министров Кыргызской Республики – Руководителем Администрации Президента Кыргызской Республики, и он освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.


Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыдыков Бакыт Толомушевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

*****

Бакыт Сыдыков назначен исполняющим обязанности министра экономики и коммерции

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Сыдыков Бакыт Толомушевич назначен исполняющим обязанности министра экономики и коммерции Кыргызской Республики, и он освобожден от ранее занимаемой должности.

Кандидатура Бакыта Сыдыкова вносится для согласования в Жогорку Кенеш для назначения на должность министра экономики и коммерции Кыргызской Республики.




Внесены изменения в Закон «Об органах внутренних дел Кыргызской Республики»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «Об органах внутренних дел Кыргызской Республики».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 21 ноября 2024 года.

Закон принят в целях уточнения задач органов внутренних дел (далее – ОВД) Кыргызской Республики, в связи с выведением из состава Министерства внутренних дел Кыргызской Республики Государственного учреждения «Унаа» Министерства внутренних дел (далее – МВД) Кыргызской Республики в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики «Об образовании Государственного агентства по регистрации транспортных средств и водительского состава при Кабинете Министров Кыргызской Республики» от 25 сентября 2023 года № 240 (далее – Указ Президента).

Так, вышеуказанным Указом Президента Государственное учреждение «Унаа» Министерства внутренних дел Кыргызской Республики преобразовано в Государственное агентство по регистрации транспортных средств и водительского состава при Кабинете Министров Кыргызской Республики (далее – Агентство).

Принятым Законом исключаются обязанности ОВД осуществлять государственную регистрацию и перерегистрацию транспортных средств и прицепов к ним, специальных технологических машин, водительского состава и учащихся учебных организаций, прием квалификационных экзаменов и выдачу водительских удостоверений на право управления транспортными средствами и удостоверения тракториста-машиниста на право управления самоходными технологическими машинами, а также обучение (переобучение) водителей транспортных средств.


“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Унаа” мамлекеттик мекемеси “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курамынан чыгарылып, өз алдынча агенттик болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын (ИИО) милдеттерин тактоо максатында кабыл алынган.

Жогоруда аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу, бул кабыл алынган Мыйзам менен ИИОнун милдеттеринин ичинен транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашыруу, квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) милдеттери алып салынган.



Показано 12 последних публикаций.