Нурадил Рыспаев:
КЫМЫЗ ЖЫТТУУ МАХАБАТ
Кыйч деп эшик... "кел сулуу, кир" дечү элем,
"Кымыз алып келдиңби?” - "Ии", дечү элең.
Кере жутуп кымызың көп ичсем да,
Келин же кыз экениң билбечү элем.
Кер какшыгым акчу эле селдей болгон:
“Келинчегим бар болсо сендей болгон...
Жатпайт белем бут асып керегеге...
Каалайт белең күйөөнү мендей болгон?”
Чаначка окшош чапанды бүчүлөнүп,
Чайкап башты кылтыңдап “Ики-ленип”.
Оозуңдан жооп күтчүмүн... Күлкү аралаш,
Жообуң эмес кымыздын жыты келип.
Өстөн жыты сени ээрчип келчү дайым,
Өзгөргөнсүйт күн санап өң чырайың.
Кымызыңдын акчасын алар замат,
Чыгып үнүң: “Ырахмат, мен чыгайын”.
Сен келгенде жеңилдеп калаа деми,
Келген өндүү жайлоонун аба, жели.
Сен бүткөн соң таратып кымызыңды,
Ээрчип кете жаздачу калаа сени.
Кымыз жыты көөдөндү кере турган,
Кетпей койчу бөлмөдөн мен отурган.
Төргө айлана калчу эле гүл жайнаган,
Төрт аяктуу отургуч сен отурган...
Кер какшыгым акыры көңдөй болгон,
Келбет, мүчөң кебиме желбей койгон.
Какаткансың баш ийкеп суроомо бул:
"Каалайт белең күйөөнү мендей болгон".
Чыны, калпы аралаш мактай берип,
Чымыр эттүү далыңды таптай берип.
Сезбептирмин "бир жалын" дүрт этерин,
Сегиз асый өзүмдү аттай көрүп.
Кош бетиңде кыпкызыл алма калып,
Коркуу дагы, уялуу чаңда калып...
Коомай эле кетчүсүң... Кеттиң бир күн,
Оң колумду бек кыса кармап алып.
Карматпаска эмне амал тапмак колум,
Кармап көпкө кесилген чакмак колуң:
Кан жүгүрбөй кубара түшкөн экен,
Андан бетер агарып “аппак” колум...
...“Сизге кетсем жасалбай калбас ишим,
Сизге кетсем шек санай албас “кишим”.
Ойлобоңуз жеңил деп... Келем сизге,
Колуңузду жөн гана кармаш үчүн.
Агатайым жолугуп турсак экен,
Ала жипке көздөрдү жумсак экен.
Колуңузду кармайын колуңузду,
Колдорундай баламдын жумшак экен”...
Балким антип айттырган жүрөгүңдүр,
Балкыйм бирок, айласыз күлөмүн бир.
Уялчу элем көбүнөн... күтпөптүрмүн,
Жумшак колдун пайдасы тиерин бир...
Колдор, колдор... ийинге илип койгон,
Кармап көрүп сырыңды билип койгон...
Түйшүк тартып кесилген колуң секин,
Жумшак колдун жүрөгүн тилип койгон...
Ошол күндөр өмүрдүн өктөмү эле,
Ошондогу жайлоо да көктөм эле.
Бышып күнгө какталган калаада бир,
Кымыз жыттуу махабат өткөн эле...
Махабаттын деңизи терең эле,
Кайыгы да жээгинде белен эле.
Кайткан сенден күндөрдүн бири “бирөө”,
“Кайдан кымыз ичкенсиң” деген эле.
Тоого чыксам оюм он тегеренет,
Тору келин бээ сааган желе келет...
Далай жылдар көрүшпөй кетсек деле,
Дале кымыз жыттангым келе берет...
11.11.24
КЫМЫЗ ЖЫТТУУ МАХАБАТ
Кыйч деп эшик... "кел сулуу, кир" дечү элем,
"Кымыз алып келдиңби?” - "Ии", дечү элең.
Кере жутуп кымызың көп ичсем да,
Келин же кыз экениң билбечү элем.
Кер какшыгым акчу эле селдей болгон:
“Келинчегим бар болсо сендей болгон...
Жатпайт белем бут асып керегеге...
Каалайт белең күйөөнү мендей болгон?”
Чаначка окшош чапанды бүчүлөнүп,
Чайкап башты кылтыңдап “Ики-ленип”.
Оозуңдан жооп күтчүмүн... Күлкү аралаш,
Жообуң эмес кымыздын жыты келип.
Өстөн жыты сени ээрчип келчү дайым,
Өзгөргөнсүйт күн санап өң чырайың.
Кымызыңдын акчасын алар замат,
Чыгып үнүң: “Ырахмат, мен чыгайын”.
Сен келгенде жеңилдеп калаа деми,
Келген өндүү жайлоонун аба, жели.
Сен бүткөн соң таратып кымызыңды,
Ээрчип кете жаздачу калаа сени.
Кымыз жыты көөдөндү кере турган,
Кетпей койчу бөлмөдөн мен отурган.
Төргө айлана калчу эле гүл жайнаган,
Төрт аяктуу отургуч сен отурган...
Кер какшыгым акыры көңдөй болгон,
Келбет, мүчөң кебиме желбей койгон.
Какаткансың баш ийкеп суроомо бул:
"Каалайт белең күйөөнү мендей болгон".
Чыны, калпы аралаш мактай берип,
Чымыр эттүү далыңды таптай берип.
Сезбептирмин "бир жалын" дүрт этерин,
Сегиз асый өзүмдү аттай көрүп.
Кош бетиңде кыпкызыл алма калып,
Коркуу дагы, уялуу чаңда калып...
Коомай эле кетчүсүң... Кеттиң бир күн,
Оң колумду бек кыса кармап алып.
Карматпаска эмне амал тапмак колум,
Кармап көпкө кесилген чакмак колуң:
Кан жүгүрбөй кубара түшкөн экен,
Андан бетер агарып “аппак” колум...
...“Сизге кетсем жасалбай калбас ишим,
Сизге кетсем шек санай албас “кишим”.
Ойлобоңуз жеңил деп... Келем сизге,
Колуңузду жөн гана кармаш үчүн.
Агатайым жолугуп турсак экен,
Ала жипке көздөрдү жумсак экен.
Колуңузду кармайын колуңузду,
Колдорундай баламдын жумшак экен”...
Балким антип айттырган жүрөгүңдүр,
Балкыйм бирок, айласыз күлөмүн бир.
Уялчу элем көбүнөн... күтпөптүрмүн,
Жумшак колдун пайдасы тиерин бир...
Колдор, колдор... ийинге илип койгон,
Кармап көрүп сырыңды билип койгон...
Түйшүк тартып кесилген колуң секин,
Жумшак колдун жүрөгүн тилип койгон...
Ошол күндөр өмүрдүн өктөмү эле,
Ошондогу жайлоо да көктөм эле.
Бышып күнгө какталган калаада бир,
Кымыз жыттуу махабат өткөн эле...
Махабаттын деңизи терең эле,
Кайыгы да жээгинде белен эле.
Кайткан сенден күндөрдүн бири “бирөө”,
“Кайдан кымыз ичкенсиң” деген эле.
Тоого чыксам оюм он тегеренет,
Тору келин бээ сааган желе келет...
Далай жылдар көрүшпөй кетсек деле,
Дале кымыз жыттангым келе берет...
11.11.24