аягы жок кубаныч. түбү көрүнбөгөн ырахат. соолубас ашыктыкка чулганган бир ай...
таңкы мээлүүн желдеги саарлыктары жана купуя сый - тартуулар оргуштаган ифтарлары менен ушунчалык башкача бир шоола, башкача ыргак менен келип көңүлдөрдү акырын сылайт дейсиң, ашыктыктын өчпөс үмүтү менен канат кагышы, ушунчалык өзүнө тартышы, ушунчалык суктандырышы...
анан да ошол убакытка чейин жүрөктүн бир четинде тыптынч уктап жаткан сезим ойгонуп, жанданып, жан дүйнөнү толугу менен каптайт, алдын алууга мүмкүн болбогон жолугушуу арзуусуна айланат...
ушунчалык жылуу - жумшак, ыймандуу жүздөр. өтө сезимтал, терең, Ага гана үндөгөн добуштар. бардыгы толкундантат...
бул мээрим айына жан дүйнөсүн ача алгандар, аз убакытка болсо да, өз даражаларына жараша Бейиш бакытынын даамын сезишет...
#рамазан
@kitepstan1