Сүйүү саптары. Поэзия.


Channel's geo and language: Uzbekistan, Uzbek
Category: Books


"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@erkinbek_kyzy_meerim
@Dal_oshol_Bakai жазыңыз

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Uzbekistan, Uzbek
Category
Books
Statistics
Posts filter


"Сен болууну"

Ырлар чыгат агын суудай агылып,
Жүрөк согот добулбастай кагылып.
Ойлорумдун баары жаным сен болдуң,
Сени көрүп ак сүйүүгө кабылып.

Сендей мага жер жүзүндө табылбайт,
Издейм бирок эч убакта кабылбайт.
Сен өзүңдү бүтүн мага ишенип,
Мендик болчу, эркелетем кадырлайм.

Сен мендиксиң, сен мендиксиң каражан,
Сени менен келечекке баратам.
Сүйөөрүмдү айтып берсем баарына,
Сен болууну каалайт сөссүз ар адам.

Автор: Токторбай уулу Жакшылык
@atanyn_uulu


ЭРКЕЛИККЕ ТОЙБОССУҢ!!!

Кара көзүм эркеликке тойбоссуң
Көргөн жанды суктандырбай койбоссуң
Капысынан келдиң дагы дүйнөмө
Катып калган калемимди ойготтуң!!!

Секелегим эркелигиң жанда жок
Сендей чырай асмандагы айда жок
Сулууларды бүт ааламдан чогулткан
Сулейман деп аталуучу ханда жок!!!

Эркелешип откоробуз түндөрдү
Эгиз жүрөк жакындатып дилдерди
Элестетпейт экөөбүздөй эч бир жан
Эсеби жок жомоктогу күндөрдү!!!

Бир жылмайсан айланага тарап шаң
Бирге басып мени менен баратсаң
Бактылуумун өзүң менен бул күндө
Белек кылды сени мага жараткан!!!

Сен бар кезде ысык чөл да салкын жай
Сага кантип койом анан тартылбай
Садагасы узун болсун омурун
Сонун кызсың,баа жетпеген алтындай!!!


Малик Назарматов!!!


*СЕНДЕЙ ЖАНДАР ЖАШООГО БИР КЕЛЕТ КО*!!!

Көздөрүң ээй көздөрүң, кылгырат ко
Карегиңде купуя сыр турат ко
Жылмайышың жарк эте жылмайышың
Жүрөгүмдү кабынан жылдырат ко!!!

Эндиги жок жүзүңдөн нур жанат ко
Эчен жигит жактырып, муңданат ко
Кундуз чачың кулпурган кундуз чачың
Көп акындын сабында ырдалат ко!!!

Кирпиктериң жоодурай ирмелет ко
Көргөн адам кылчактап сүрдөнөт ко
Суктандырган мен деген жигиттерди
Сендей жандар жашоого бир келет ко!!!

МАЛИК НАЗАРМАТОВ!!!


Ак жүзүңө ак жоолугуң жарашып,
Ай-күн, жылдыз баары сени карашып.
Жада калса жаратылыш кызганат,
Көл, дарыя, тоо да менден талашып.

Гүлдөр, чөптөр, бак-дарактар көз кысып,
Булут каптайт, жамгыр төгөт, күн ысыйт.
А мен болсо эч бирине бербейм деп,
Качып жөнөйм бирде чуркап, бир сызып.

Жаратылыш күнгө, булут, айга да,
Таттууларга тамшандырган балга да.
Мен өзүңдү эч нерсеге алмашпайм,
Казынасы ашып ташкан байга да.

Кар жаап, бороон болуп турса да,
Куюн болуп колдон баарын жулса да.
Мен ушундай сүйө берем өзүңдү,
Дарыянын суусун жаба куйса да.

Автор: Токторбай уулу Жакшылык
@atanyn_uulu


Кетчи бар...

Тагдырга багыныптырсың,
Сүйүүсү болуп өзгөнүн.
Сен мени сагыныптырсың,
Айтып жатат го көздөрүң.

Сүйүлбөй менден качаарсың,
Сүйүүнүн бүтпөйт аягы.
Сагынсаң кабарлашарсың,
Номерим ошол баягы.

Сендей аруулар көп чыгар,
А мендей жигит жок чыгар.
Кедерги кылбай жашоомо,
Кетем дейсиңби? Кетчи бар!

Арадан көп жыл өтсө да,
Алыскы кезим тааныш бул.
Жашыруун сүйүү дейт муну,
Жабыша бербей, алыс жүр!

Жакшылык Бабаев.


"Жоголуп бараткам жашоодон"

Сүйгөндү үйрөтүп сездирдиң,
Бакытка жетелеп жеткирдиң.
Жоголуп бараткам жашоодон,
Өмүргө кайра бир келтирдиң.

Сүйүүгө баш ийип жеңилдим,
Сүйгөнүм, шириним дедирдиң.
Жоголуп бараткам жашоодон,
Сүйүүдөн гүлазык жедирдиң.

Жашоонун маңызын түшүнбөй,
Саратан чак түштө үшүдүм.
Мен эми жоголбойм жашоодон,
Күрөшөм барынча күчүмдүн.

Кишкентайым, аманатым, секелек,
Жүргүм келет мен өзүңдү жетелеп.
"Сүйүп калдым" деген үчүн ашыгым,
Ак сүйүүңдү актайм жаным эселеп

Автор: Токторбай уулу Жакшылык
@atanyn_uulu


Сагынганда алыстан карааныңды,
Салбай мага жазып тур санаа муңду.
Көңүл бөлүп чалуума жооп берип тур,
Көрөйүн мен нур жанган жамалыңды.

Сага аябай кусамын билесиңби,
Сенсиз арман аралайт мүнөтүмдү.
Сагынтуучу мезгилге багындырбай,
Салып турчу тез тезден сүрөтүңдү.

Ватсабыңа кез-кезде баш багып тур,
Махабаттын мыйзамын аткарып тур.
Бир күндө бир дебейин кыйнап сени,
Бир мүнөттө беш ирет кат жазып тур...

Адылбек Икрамбектегин


АЛМАШТЫРБАЙМ БАШКАГА

Сага жетпес бул жарыктын Ай, Күнү,
Саптап жазган Акын, Ырчы кайрыгы.
Бүт Ааламды сунса дагы алмашпайм,
Булар сендей унуттурбайт кайгыны.

Үлбүрөгөн жүзүң нурлуу сүйүктүү,
Үзбөйм такыр сага болгон үмүттү.
Жок жок жаным барбайм такыр башкага,
Жок кыла албайт сенден башка күйүттү.

Сен жок кезде кечтим далай мазакты,
Сезим алсыз карегимден жаш акты.
Көздөрүңдө мендик сезим жашаса,
Көтөрөмүн сен деп бардык азапты.

Жазылса да депутаттын айлыгы,
Жамалбастыр жарты көңүл айрыгы.
Жаным сени алмаштырбайм эчкимге,
Жалгыз өзүң, жан дүйнөмдүн байлыгы.

Ай, жылдызды сунса дагы алмашпайм,
Алар сендей унуттурбайт кайгыны.

ТЕГИН


*БИЗДИН АЙЫЛ СЕНИ КҮТӨТ*!

Жамалыңдан жылдыз учат, ай жылат,
Жылмайышың акыл-эстен тайдырат.
Назданасың жакын жуутпай эч кимди,
Сага жетпей нечен жигит кайгырат!

Күн шооласын сага чачып койгондой,
Кыялданам кээ күндөрү ой толгой.
Узун түндө көрсөм сени түшүмдө,
Уктай бергим келе берет ойгонбой!

Аруу дилиң мөлтүр таза булактай,
Абалымды сезсең боло суратпай.
Коңгуроодой жанга жагым дабышың,
Караңгыда жарык берген чырактай.

Барасыңбы кайтарбастан демимди?
Бапыратып сүйүнтөйүн элимди.
Белестеги жоогазындай кулпурган,
Биздин айыл күтөт сендей келинди!

*МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!!!


ЭХ СҮЙҮҮ

Бир чоочун, сулуу кыздын караганы,
Сезимди кытыгылап, аралады.
Жылдыздуу көздөрүнөн от чачырап,
Заматта жүрөгүмдү жаралады.

Сүйлөсө, бал тамгандай илебинен,
Сыйкырдуу нур чачырайт гүл өңүнөн.
Ал менин жүрөгүмдү ээлегендей,
Мен да анын, орун алсам жүрөгүнөн.

Кийгени, өзүнө куп жарашыптыр,
Кулпуруп, бойго жетип баратыптыр.
Күлгөнү, сүйлөгөнү өз ордунда,
Кудайым, кемтиги жок жаратыптыр.

Шок жана эрке мүнөз, ай чырайлуу,
Сулуулар суктандырбайт кайсыңарды?
Магдырап, бир көргөндө сүйүп калган,
Мага окшош жигиттер оо, барсыңарбы?

Ай сымал, жан дүйнөмдү жарык кылды,
Ажарлуу келбети да жагып турду.
Арбалып калганымды байкадыбы,
Көз кырын, тынбай мага салып турду.

Тааныштык, бийге түштүк, кобурашып,
Тиктештик, үнсүз күлүп, жоодурашып.
Ал түнү "таң атпачы"- деп, тилене,
Бараттык айлуу түндө чогуу басып.

Эхх сүйүү...
Кандай соонун, кереметсин,
Мен сени, таза абага теңемекмин.
Бирөөгө убагынан эрте келдиң,
Бирөөгө кечиксең да келе элексиң.

Автор: Дамир Кадыр уулу
12.01.2025-ж.

7.2k 0 17 16 54

*  *  *

Сизден кабатыр болдум. Жел куйрук улап,
Шамал тозоңго айланар убак...
Жылдыздар үшүгөн узун түндөрдө,
Түйшөлткөн ой-санаа тизилер чубап.

Сизден кабатыр болдум. Көөдөн кирдеген,
Үшкүрүк дилимди өрттөп жиберер.
Кабатыр болдум да, анан кантейин,
Көңүлдүн көйнөгү жука желбирек.

Сизден кабатыр болдум, чечим чыгарган –
Ушул дүйнөнүн курч миздүү соту.
Туманга чулганып, солк этпей турган,
"Асманга көпүрө – эң бийик чоку".

Сизден кабатыр болдум, оорубаңыз эч,
Ушул дүйнөнүн күлгүн курагы...
Жаман сөз, жаман көз урулбасын дейм.
Мени көп кыйнаган көңүл сурагы.

Сизден кабатыр болдум, сырттагы суук,
Көңүлдү үшүтпөсүн, дилдирейт барик.
Күзөтүп турамын, баса бериңиз,
Айтылбай калган бир сөз эми карып...


АШИРА КУЛИШЕВА


ОРТОМЧУЛУК КЫЛААР ДЕП....

Жазга айлантып көңүлдөрдү гүлдөтүп,
Жайначу элек сөз калтырбай сүйлөшүп,
Азыр болсо жөн таанышка айландык,
Анда-санда ал сурашып үндөшүп.

Артык көрүп мени өзүңдүн жаныңдан,
Ардактаган сөз айтчу элең жалынган.
Ошол кезде күндө шайдоот жүрчү элем,
Оргуп чыккан булак өңдүү чамынган.

Басып жүрүп, жаздын жашыл килемин,
Бар болсун деп сага тилек тиледим.
Балким бизге ортомчулук кылаар деп
Жумшап койдум жылуу шамал илебин.



Клара Ниязова


"Сен деги кандай жансың?”

Сен деги кандай жансың?
Ойлорумдан такыр эле кетпей койгон.
Кайда барсам эсимден чыгара албайм,
Адаштырдың акылымдан эстен,ойдон.

Сен деги кандай жансың?
Күндүз ойдо түндөсү түшүмдөсүң.
Билгизбеймин а бирок кызганамын,
А сен аны сезбейсиң түшүнбөйсүң.

Сен деги кандай жансың?
Жипсиз эле өзүңө байлап алган.
Мейли ишен,ишенбе өзүң билгин,
Мен эмесмин сүйүүдөн пайдаланган.

Сен деги кандай жансың?
Балким азыр сүйүүгө сөз бере элексиң.
Минтип айтып турган менен өзүм дагы,
Сүйүүнүн даамын татып сезе элекмин.
Дүйнөнүн керемети жети болсо,
Сен мага сегизинчи кереметсиң!!

Автор: Ачылбек уулу Нурзаман


КЫЗЫЛ КӨЙНӨК


Аралап Оштун гүл багын
Ар түнү боздоп ырдадым
Ажарың козгоп санаамды
Арманым болдуң Гүлданым!!!


Кызгалдак белең жайнаган
Кышта да бүчүр байлаган
Күкүгү болдум гүлзардын
Кеч кирген кезде сайраган!!!


Жубайым болсо болмок деп
Жаш акты көздөн көлмөктөп
Атыңды билбей оболу
Атадым *Кызыл көйнөк* деп!!!


Асманда жанган ай белең?
Агарып аткан таң белең
Ар ойго салган дүйнөмдү
Арзуудан бүткөн жан белең?!!!

Бейишим болуп сен менин
Башаты болдуң термемин
Жансың го элден бөлөкчө
Жалжалым *Кызыл көйнөгүм*!!!


Жообуңду укпай соолудум
Жүрөгүм туйлай оорудум
Аздектеп салчы башыңа
Апамдын аппак жоолугун!!!

МАЛИК НАЗАРМАТОВ!!!

6k 0 14 5 40

СУКТАНАМ

Өзгөчөсүн, мыкты адам,
Өзүң менен суктанам.
Эрке жарым бол менин,
Эч жанымдан чыкпаган.

Жалжалым -деп, ырдайын,
Жаркыраган нурдайым.
Жандап менин жанымда,
Жалгыз өзүң жүр дайым.

Чертип жүрөк кылдарын,
Чер жазышып жүр жаным.
Кымындай да, сүйүүңө,
Кыянаттык кылбайын!

"Ким сүйчү эле сени"- деп,
Кир жүрөктөр демигет.
Кыйнап сени, мен антип,
Кызганбаймын жөнү жок.

Тагдырлашым бол гүлүм,
Таалайыбыз оң бүгүн.
Тамаша айтсам чычалап,
Таарынганды койгунуң.

Жагып калдың чырагым,
Жүрөгүмдөн сурагын.
Ойрон кылбай сүйүүмдү,
Ойло жаным убалын.

Автор: Дамир Кадыр уулу
29.12.2024-ж.


СЕЗИМДЕН КАЙРЫЛУУ

Мүмкүнчүлүк сунуп бизге жарыктык,
Миллион жандар арасынан табыштык.
Ойлорумда сен ганасың ар убак,
Ортобузду бөлгөн менен алыстык.

Таң чолпонум, издеп жүрүп тапканым,
Сенсиз жүрүп далай атты ак таңым.
Сага деген көкүрөктө чоң сүйүүм,
Толгон токой санааларга батпагын.

Кезигиштик, кечириштик өткөндү,
Көмдүк жерге бизден ыраак кеткенди.
Колдорубуз бекем болуп кармашып,
Кел тособуз биргеликте көктөмдү.

Короп бүтүп убакыттын сандыгы,
Кеч билинет бул жашоонун тардыгы.
Мен да жетем, сен да жеткин баркыма,
Менден эмес, сезимдерден кайрылуу.

Каныбегим

29.12.2024.
Москва шаары.


АППАК ТАҢЫМ

Мейкиндик, көгүлтүр асман белең,
Мен үчүн жарык нур чачкан белең?
Мени эч ким сүйдүрө албай койгон,
Сен менин сырымды тапкан белең.

Жок кылып кыйнаган, муң-зарымды,
Чыгарып эсимден, мурдагымды.
Жүрөгүм таш болуп калган эле,
Сен аны сездирбей уурдадыңбы?

Акырын жанымды арбап алып,
Жиби жок өзүңө байлап алып.
Жылыттың муздаган сезимимди,
Кылыктуу назыңды пайдаланып.

Кезиктиң сен тагдыр жолдорунан,
Садага болоюн бойлоруңдан.
Сен менин таптакыр чыкпай калдың,
Секетим жүрөктөн, ойлорумдан.

Карагат көздөрүң кара-кара,
Сыйкырлап кадалып, караба да.
Өзүм да түшүнбөй калдым жаным,
Неге анча тартылам сага гана.

Жүрөгүм туйласа, жанчыламын,
Сырымды сыр бойдон калтырамын.
А балким сен аны сезгендирсин,
Сүйүүмдү айтууга тартынамын.

Автор: Дамир Кадыр уулу
28.12.2024-ж.


Кээде өзүмө суроо берем ушундай
Махабаттын азгырыгы ушулбу ай
Билбейм Көзгө көрүнөсүн башкача
Сейрек учкан Ала-Тоонун кушундай

Көзгө толуп келишимдүү келбетиң
Таппайм сендей кыдырсам бул жер бетин
Шыңгыр күлкүң көңүлүмө элестеп
Түшкө кирип бүгүн түнү келбедиң

4.10.2021 Чымырбаев Бекзат.


"ЖАН" ырлар түрмөгүнөн
32

Мындай күндөр буга дейре болбогон:
кусаланам, жыргайм, ыйлайм, ойлоном.
Түндө сени бар деп уктайм мемиреп –
Таңда сени бар деп күлүп ойгоном!

Буга дейре бир үңкүйгөн неме элем,
Булбул болдум таңда, кечте безеген.
"Капка салса эгер менин делбемди,
кап да чуркап кетет беле?" - дей берем.

Эмне кылып койдуң мени, зирегим?
Мен эмнени түшүнөм да, билемин?
Барып алып сенин таман астыңа,
Балбалактап бербес белем жүрөгүм!

Тоого булут оролгондой төгүп жаш,
Толкунунда ашыгылыктын жүрөм мас.
Өзүңдү таап, аяп калдым өзүмдү,
Мерез элем өзүмдү бир барктабас.


Элмирбек Иманалиев


***

Жарыгым, жаным, жапжашсың,
Мөлтүрсүң, тунук, тазасың.
Апакай, аруу максаттын–
Артынан ээрчип барасың...

Ууздайсың - эрин тие элек,
Кагазсың - калем чие элек.
Туйлаттың жанды. Турганда -
турмушка жаңы тизелеп...

Асылым, эркем, татынам!
Ашыкмын... Кантип батынам?
Тагдырдын ташын сүзгүлөп,
Кете элек тагы башыман...

Аңдоосуз чыксаң жолуман,
Алдастайм, чочуйм, корунам.
Ашыктык – алтын ажыдаар,
Жаңы эле кайткам оозунан...


Элмирбек Иманалиев.

20 last posts shown.