📜Чокойуң жогуна кайгырба, бутуңдун барына СҮЙҮН...
Сүйүктүү мусулман бир тууганым! «Жок», «жетпейт», «аз» деген сөздөрдү ташта!
Бут кийимиң жок болсо кайгырбагын. Тигинде бирөөнүн бут кийими чан басып турат. Кийгенге буту жок.
Шакегим жок деп таарынып, тултуңдаба. Тигинде бирөө астындагы тамакты алып жегенге колу жок, ким оозума салып коёр экен деп жал- Дырап отурат.
Дубайды, Малдивини, Маямини көрүшүм керек деп оолукпа. Эң жакын адамынын да жүзүн, терезесинен куюлган Күн нурун бир көрүүгө зар болуп отургандар бар.
Тиги кошунаныкындай чоңураак, эки кабат үй салалы деп, күйөөңдү кыйнаба. Бирөөлөр жерди жазданып, асманды жамынып, күн өткөруп жатат.
Барына шүгүр, азына каниет, жогуна сабыр кыл. Сенин жашооң баарынан жакшы деп бил. Азыр эле сен «катып калыптыр» деп таштандыга ыргыткан нанды бирөө он күндөн бери таштанды чукуп таппай жүргөнүн билбейсиңби?!
Чокойуң жогуна капаланба, бутуңдун барына сүйүн..
https://whatsapp.com/channel/0029VaD4PiwCXC3Oj1m1He09https://t.me/hanafiy_ordosu