Күндөлүктүн күкүмү


Channel's geo and language: Uzbekistan, Uzbek
Category: not specified


~ Digital күндөлүк
~ Жашоо, китеп жөнүндө жана ойлорум менен бөлүшөм
🪄Жасалмасыз
🪞Боёксуз
☕️ Чай ичкенче окуңуз

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Uzbekistan, Uzbek
Category
not specified
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


🌙

Кечээ болгон диалог:

Ал: Эс алуу күндөрүнө кандай пландар?
Мен: Эртең эч нерсе пландаганым жок. Үйдө болом. Рамазан башталат. 30 күн орозо тутабыз. Баштапкы күндөрү бир аз кыйыныраак болот.
-30 күн? Бирок суу ичсеңер болот да ээ? (P.s. Крестүүлөрдө суу ичсе болот)
-Жок, суу дагы ичсе болбойт. Күн чыкканга чейин жана күн баткандан кийин гана бир нерсе жей алабыз.
-30 күн ичиби? Анда жакшы арыктайт экенсиңер.
-Ооба, бирок орозо арыктайын деген ниетте кармалбайт. Арыктайм деп ниет кылсаң арыктагандан башка эч нерсе ала албай каласың.
-Дагы эмне кыласыңар?
-Аллахтан көп-көп дуба кылабыз. Кечирим сурайбыз. Туугандар, достор менен мамилени оңдойбуз. Мекенимде болгонумда ар күнү кеч чогуу тамак жасап, чогуу тамактанып, чогуу намаз окуйт элек. Бул деген ички биримдикти аябай бекемдейт. Бири-бирибизге белек беребиз. Зекет беребиз ж.б
-Анда силер үчүн чынында эле маанилүү ай экен. Сонун.
-Ооба.

Аллахым быйылкы Рамазанга да жеткирди. Ырайымдын, мээримдин, кечиримдин, сүйүүнүн айы. Аллахым ниет кылып кармаган орозолорубузду кабыл кылган болсун!


📎

Кош келдиң куттуу айыбыз, Рамазан!




🖇️

Келечекти өтө көп ойлонуп жатканымды кечээ сездим. А болсочу, эгерде болбосочу, аны кылыш үчүн муну кылыш керек, ага өтүш үчүн муну окуш ж.б толгон токой ойлор.
Ойлорум мээмди курчап, жаңы идеяларга жабык болуп калгансыды.
Мен ойлогон келечек менде барбы же жокпу жалгыз Аллах билет. Балким ал күндөрдү көрбөй калам. Балким башкача болуп өзгөрөт.
Эмнеге жок нерсени ойлонуп кыжаалат болуп, учурумду жаркырата жашабайм?
Убагында кечирим сурап, убагында жакшы иштеримди кылып, убагында башкаларга жардам бербейм?
Келечек-сен менде барсыңбы же жоксуңбу билбейм, бирок учур мендеги жалгыз баалуулук!




🖇️

Желмогузмун душманыма сынатса,
Периштемин мени апамдан сурашса.

🖊️ Улукбек Омокеев




🖇️

Жаздын алгачкы белгилери🌱




💡Рамазан айына даярдык:

🏷️1. Бөлмөңдү иретке келтирип, бир аз өзгөртүү киргиз жана тазала.
🏷️2. Намаз кийимиңди жана жайнамазыңды жууп, жагымдуу жыт себип кой.
🏷️3. Бөлмөңдө кичинекей болсо да ибадат бурчун даярда. Канчалык тар же кичине болбосун, мындай бурчту түзүү мүмкүн.
🏷️4. Намаз кийимиңди, сажда килемиңди жана Куранды ушул бурчка жайгаштыр. Бул жерде Аллахка дуба кылып, сырыңды бөлүш, анткени ал Кыямат күнү сен үчүн күбө болот.
🏷️5. Кичинекей кутуча алып аны “Рамазан үчүн садака” деп ата. Ар күнү ага бир аз акча салып, аны менен кайрымдуулук иш-чараларын уюштур – мисалы, майрамга кийим алып берүү же жетимдерге ооз ачтыруу.
🏷️6. Күн сайын бир жакыр үй-бүлө менен ооз ачууңарды бөлүшүү жакшы идея. Тамакты бир аз көбүрөөк жасап, аларга дагы бөлүп бергиле.
🏷️7. Жактырган жана жүрөгүңө жакын болгон бир сүрөнү тандап аны жаттап алууга ниет кыл. Бул ыйык айда чоң сооп аласың.
🏷️8. Көп истигфар (күнөө кечирим сурап) айт. Ниетиңди так аныкта – мисалы, Аллах сага салих (жакшы) урпак берсин, кайгыңды жеңилдетсин ж.б. Көптөгөн маселелер истигфар менен чечилет.
🏷️9. Үч адамды (бир туугандарыңды же досуңду) тандап, алар үчүн күн сайын дуба кыл. Ошондой эле, алар да сен үчүн дуба кылышсын. Айдын аягында анын натыйжасын көрөсүң. Анткени периштелер: “Сен башкалар үчүн дуба кылсаң, сага да ошондой эле берилет” деп айтышат.
🏷️10. Рамазанда ар жума сайын ажылык жана умранын сообуна ээ бол!
Ооба! Ар жума бир күндү тандап (же бир нече күн), таңкы намаздан кийин жайнамазыңда калып, дуба кыл, тасбих айт, истигфар кыл, Куран оку жана күн чыккандан кийин эки ракат намаз (ишрах намазы) оку. Муну кылсаң, толук ажылык жана умранын сообун аласың.
🏷️11. Куранды көп оку. Үч жолу хатым кылууга ниет кыл. Эгер толук бүтүрө албасаң да, ниетиң үчүн сооп аласың. Анткени ар бир тамга үчүн он сооп берилет, айрыкча Рамазанда. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба!
🏷️12. Ар күнү кичине суммадагы акчаны чогултуп, он күн сайын жетимге садака кыл. Ар бир кайрымдуулукка өзүң каалаган тилегиңди кош.
🏷️13. Өзүң үчүн жашыруун ибадат планы түз. Аллах үчүн кылган жашыруун амалдарың соопторуңдун таразасын толуктайт.

📬 Маалымат алынган булак)






🖇️

4-күн. Кеч. 5-күнгө нан менен сүт калбай калгандыктан супермаркетке 3 кыз чыкканбыз. Семинар уюштуруп жаткан эженин машинасы бар эле. (Кудайга миң ирет шүгүр)

Нан алдык, сүттү издеп жатканда мени бирөө тиктеп жаткандай сезилди. Көңүл бурбадым. Жылсам ошол тиктөө кошо жылгансыды. Башымды көтөрдүм да бурулуп карадым. Карасам чынында бир киши карап туруптур. Албетте немис эмес, башка улуттан экен. Сакал менен кашка маани берсек түрктөргө окшош)
Жанымдагы немис кызга:
-Бирөө карап жаткандай сезилип жатабы?
-Жок.
-аа анда окей
Демек мага жөн эле сезилген окшойт.

Алына турган нерселерди алдык. Акча төлөгөнү барып артты карасам жанагы киши дагы деле тиктеп туруптур.
Ошол ачка көз дене-боюмду дүркүрөтүп салды. Ал көз-караш башкача эле. Эгерде жаа болсо жүрөктү жарып өтүп кетмек.
Сыртка чыксак ал адам алысыраак жерден карап туруптур.
Жүрөк шуу дей түштү. Демек эч нерсе алган эмес. Биздин бүткөнүбүздү көрүп, алды жактан күтүп турган.
Албетте ал киши 3-кыз машинада отурганын билген эмес. Кадамды катуулатып, машинага отуруп кетип калдык.

Секундда кандай нерсени, кандай коркууну жашаганды кыздар гана түшүнө алат. Кыздар гана сезе алат.

Эже-сиңдилерим, ар түрдүү нерселерден сак бололу!
Аллах коргосун!




🖇️

Бүгүнүңдөн зериккенде баш чулгуп,
Эртеңиңе жеткиң келет тезирээк.

🖊️ Жолон Мамытов




Инна лилляхи ва-инна иляйхи раджиун🤲🏻

“Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз…”




⤴️

1901-жылы ачылып, эң эски деп аталган Хайдельберг университет китепканасы.

20 last posts shown.