КР Президенти


Channel's geo and language: Uzbekistan, Uzbek
Category: not specified


КР Президентинин расмий Telegram-каналы
Официальный Telegram-канал Президента КР

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Uzbekistan, Uzbek
Category
not specified
Statistics
Posts filter




Безымянной горной вершине в районе ледника Южный Инильчек Сары-Джазского хребта Тянь-Шаня присвоено географическое название «Пик Организации Объединенных Наций»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О присвоении безымянной горной вершине высотой 5576 метров, находящейся в районе ледника Южный Инильчек Сары-Джазского хребта Тянь-Шаня, географического названия «Пик Организации Объединенных Наций».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 25 декабря 2024 года.

Целью Закона является укрепление и развитие взаимоотношений Кыргызской Республики с Организацией Объединенных Наций (далее – ООН) с учетом государственных интересов Кыргызской Республики.

В соответствии с резолюцией Генеральной Ассамблеи (ГА) ООН 46/225 Кыргызская Республика вступила в ООН 2 марта 1992 года.

Целью системы ООН в Кыргызстане является оказание помощи в реализации реформ в области развития и оказания поддержки в достижении согласованных на международном уровне целей в сфере устойчивого развития.

Данный Закон принят во исполнение пункта 1 Указа Президента Кыргызской Республики «О присвоении безымянной горной вершине высотой 5576 метров, находящейся в районе ледника Южный Инильчек Сары-Джазского хребта Тянь-Шаня, географического названия «Пик Организации Объединенных Наций» от 1 июля 2024 года № 171, согласно которому Кабинету Министров Кыргызской Республики было поручено в установленном порядке рассмотреть вопрос присвоения безымянной горной вершине высотой 5576 метров, находящейся в районе ледника Южный Инильчек Сары-Джазского хребта Тянь-Шаня, расположенного в горном массиве айылного аймака Кыдыр Аке Ак-Суйского района Иссык-Кульской области географического названия «Пик Организации Объединенных Наций» и в трехмесячный срок разработать соответствующий проект Закона Кыргызской Республики, внести на рассмотрение Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.


Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен кызматташтыкты бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасы БУУга көз карандысыз мамлекет катары БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 1992-жылдын 2-мартында кирген.

Кыргызстандагы БУУ системасынын максаты өнүктүрүү жаатындагы реформаларды ишке ашырууга жардам жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык деңгээлде макулдашылган максаттарга жетүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 171 “Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” Жарлыгынын 1-пунктунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын тоо массивинде орун алган, Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карап, үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында кабыл алынды.




Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жетекчилиги астында уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин мамлекеттик программасын иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи жыйыны өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен бирдикте уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин 2029-жылга чейинки мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуунун алкагында Ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи жыйынын өткөрүүдө.

Жыйынга 24 мамлекеттик органдын өкүлдөрү, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер, көз карандысыз эксперттер, илимий жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында алдыңкы эл аралык тажрыйбалар изилденип, эң актуалдуу көйгөйлөр талкууланды жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу алдын алуу жана практикалык чаралары жана механизмдери иштелип чыгууда.

*******

Под руководством секретариата Совета безопасности проводится второе заседание Межведомственной рабочей группы по разработке Государственной программы противодействия организованной преступности

Секретариат Совета безопасности Кыргызской Республики совместно с министерством внутренних дел Кыргызской Республики и Управлением Организации Объединенных Наций по наркотикам и преступностью в рамках разработки проекта Государственной программы противодействия организованной преступности до 2029 года проводят второе заседание Межведомственной рабочей группы.

В заседании принимают участие представители 24 государственных органов, международные эксперты в сфере борьбы с организованной преступностью, независимые эксперты, представители научного и гражданского общества.

В рамках работы межведомственной рабочей группы изучен передовой международный опыт, обсуждены наиболее актуальные проблемы и вырабатываются эффективные превентивные и практические меры и механизмы по противодействию организованной преступностью.




Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолушту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди жолугушту.

Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 4-жолугушуусуна сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар жалпы коопсуздук маселелерин чечүү жана ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана Жакынкы Чыгыш регионунда жана бүтүндөй дүйнөдө күч алып келе жаткан окуяларды эске алуу менен түрк регионунда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн координацияны жана жамааттык аракеттерди күчөтүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

*********

Секретарь Совета безопасности Марат Иманкулов встретился с Генеральным секретарем ОТГ Кубанычбеком Омуралиевым

Секретарь Совета безопасности Кыргызской Республики Марат Иманкулов встретился с Генеральным секретарем Организации тюркских государств Кубанычбеком Омуралиевым.

Марат Иманкулов отметил важность качественной подготовки к предстоящей 4-й встрече секретарей Советов безопасности государств-членов Организации тюркских государств под председательством Кыргызской Республики.

Стороны отметили необходимость консолидации усилий по решению общих проблем безопасности и укреплению сотрудничества между государствами-членами ОТГ и усилению координации и коллективных действий для обеспечения мира, стабильности и устойчивости в тюркском регионе с учетом развивающихся событий в Ближневосточном регионе и в мире в целом.




Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов ШКУ РАТТ Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) Аткаруу комитетинин жаңы дайындалган директору Уларбек Шаршеев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздук маселелери, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтык жана РАТТтын учурдагы ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен өсүп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында жооп кайтаруу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Марат Иманкулов ШКУ РАТТ Аткаруу комитетинин дараметин жана беделин чыңдоого жигердүү салым кошууга даяр экендигин билдирди.

***

Секретарь Совета безопасности Марат Иманкулов встретился с директором Исполнительного комитета РАТС ШОС Уларбеком Шаршеевым

Секретарь Совета безопасности Кыргызской Республики Марат Иманкулов встретился с вновь назначенным директором Исполнительного комитета Региональной антитеррористической структуры (РАТС) Шанхайской Организации Сотрудничества Уларбеком Шаршеевым.

Состоялся обмен мнениями по вопросам региональной безопасности, сотрудничества в сфере противодействия терроризму, сепаратизму и экстремизму, текущей деятельности РАТС ШОС.
Обсуждены актуальные направления по совершенствованию взаимодействия государств-членов ШОС в целях своевременного реагирования на растущие вызовы и угрозы с учетом сложившейся в настоящее время ситуации в ближневосточном регионе.

В заключении встречи Марат Иманкулов выразил готовность активно содействовать укреплению потенциала и авторитета Исполнительного комитета РАТС ШОС.




Подписан Указ о введении 550 новых штатных единиц социальных работников для сопровождения детей

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ о введении 550 новых штатных единиц социальных работников, задача которых — всесторонняя поддержка и защита детей, находящихся в сложных жизненных ситуациях.

Этот шаг является важным элементом государственной политики по обеспечению благополучия детей и впервые предусматривает столь масштабное усиление системы социальной поддержки в стране.

Новые социальные работники будут защищать права и интересы детей, оперативно реагировать на случаи жестокого обращения, насилия и пренебрежения, а также работать над их предотвращением. Их деятельность направлена на создание безопасных условий для жизни и развития каждого ребенка.

С 1 февраля этого года начнется поэтапный процесс набора и подготовки специалистов, которые будут работать в регионах и оказывать адресную помощь детям, нуждающимся в поддержке.

Принятие данного Указа подчеркивает стремление государства к созданию эффективной системы социального сопровождения детей и предотвращению угроз их благополучию. Введение социальных работников станет важным шагом в развитии института защиты детства в Кыргызской Республике.

Напомним, что Глава государства анонсировал усиление мер по поддержке детей в мае прошлого года в своем выступлении на общереспубликанском совещании по социальной мобилизации «Жаны кадам».

«Мы ничего не жалели для наших детей и не будем! Когда придет время, мы расставим все на свои места. Вскоре мы также увеличим размер пособий для детей. В последнее время мы наблюдаем рост насилия и других тревожных явлений, связанных с детьми. Государство не может оставить этот вопрос без внимания. Мы несем ответственность за благополучие каждого ребенка. Поэтому в преддверии Дня защиты детей, 1 июня, хочу сообщить, что будет открыто 550 новых штатных единиц социальных работников. Мы не имеем права экономить на детях, поэтому увеличиваем штат», — подчеркнул Президент Садыр Жапаров.


Балдарды коштоп жүрүү үчүн социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду, алардын милдети - турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоо жана коргоо болуп саналат.

Бул кадам балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи болуп саналат жана өлкөдө биринчи жолу социалдык колдоо системасын мындай масштабдуу күчөтүүнү камсыздайт.

Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат, ошондой эле алардын алдын алуунун үстүндө иштешет. Алардын иш-аракеттери ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.

Ушул жылдын 1-февралынан тартып региондордо иштей турган жана колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат.

Бул Жарлыктын кабыл алынышы мамлекеттин балдарды социалдык жактан колдоонун эффективдүү системасын түзүүгө жана алардын жыргалчылыгына коркунуч келтирбөөгө умтулуусун баса белгилейт. Социалдык кызматкерлерди ишке киргизүү Кыргыз Республикасында балдарды коргоо институтун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болмокчу.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы өткөн жылдын май айында “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө балдарды колдоо боюнча чараларды күчөтүүнү жарыялаган.

“Биз балдарыбыздан эч нерсе аяган жокпуз, аябайбыз дагы! Убагы келгенде баарын орду-ордуна коебуз. Буюрса балдарыбыздын жөлөк пулдарынын өлчөмүн да көбөйтөбүз. Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылар көбөйгөнүн байкап жатабыз. Мамлекет бул маселени эч качан көңүл сыртында калтырбайт. Биз ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн жооптуубуз. Ошондуктан, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай балдар боюнча атайын социалдык кызматкерлердин жаңы 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирем, алардын санын көбөйттүк. Балдардан үнөмдөөгө акыбыз жок, ошондуктан штаттык бирдигин көбөйтөлү деп жатабыз”, - деп Президент Садыр Жапаров белгилеген.




Указ «О реализации проекта по строительству экологически чистого города Кемин-Сити на территории Кеминского района Чуйской области Кыргызской Республики»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О реализации проекта по строительству экологически чистого города Кемин-Сити на территории Кеминского района Чуйской области Кыргызской Республики»

В Указе отмечено, что обеспечение жильем граждан Кыргызской Республики является одним из важных направлений социально-экономического развития страны. Решение данной задачи оказывает положительное влияние на уровень благосостояния населения, способствует снижению внешней и внутренней миграции, создаст условия для закрепления квалифицированных кадров на местах, снизит уровень социального напряжения в регионах.

В целях привлечения инвестиций, реализации программы жилищного обеспечения граждан Кыргызской Республики, руководствуясь статьями 66, 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Приступить к реализации проекта строительства экологически чистого города Кемин-Сити на территории айылного аймака Кичи-Кемин Кеминского района Чуйской области Кыргызской Республики площадью 353,3 га.
2. Определить государственную администрацию Кеминского района единым заказчиком при реализации строительства города Кемин-Сити.
3. Министерствам и административным ведомствам Кыргызской Республики, полномочному представителю Президента Кыргызской Республики в Чуйской области Кыргызской Республики и органам местного самоуправления Кеминского района:
– предоставлять необходимую информацию в государственную администрацию Кеминского района в рамках законодательства Кыргызской Республики;
– оказывать необходимое содействие при реализации строительства города Кемин-Сити.
4. Государственному агентству архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики:
– провести предпроектные работы по выполнению инженерно-геологических, топографических изысканий;
– разработать генеральный план города Кемин-Сити и внести на утверждение Кабинета Министров Кыргызской Республики;
– совместно с Министерством водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики обеспечить проведение питьевого водоснабжения и водоотведения на территории проектируемого города Кемин-Сити.
5. Министерству энергетики Кыргызской Республики совместно с Министерством финансов Кыргызской Республики, открытым акционерным обществом «Национальная электрическая сеть Кыргызстана» изыскать средства и обеспечить строительство внешних электрических сетей для энергоснабжения проектируемого города Кемин-Сити.
6. Кабинету Министров Кыргызской Республики:
– до 1 июня 2025 года разработать и утвердить концепцию строительства экологически чистого города Кемин-Сити;
– провести переговоры с инвесторами и подписать соответствующее инвестиционное соглашение о реализации инвестиционного проекта по строительству экологически чистого города Кемин-Сити;
– разработать и принять необходимые нормативные правовые акты по реализации настоящего Указа.


"Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагында экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагында экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Анда Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналары белгиленген. Бул милдетти чечүү калктын жашоо-турмушунун деңгээлине оң таасирин тийгизет, тышкы жана ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөт, жер-жерлерде квалификациялуу кадрларды калтыруу үчүн шарттарды түзөт, региондордогу социалдык чыңалуунун деңгээлин төмөндөтөт.

Инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында аянты 353,3 га экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу долбоорун ишке ашырууга киришсин.
2. Кемин районунун мамлекеттик администрациясы Кемин-Сити шаарынын курулушун ишке ашырууда бирдиктүү заказчы болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– Кемин районунун мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында зарыл болгон маалыматтарды берсин;
– Кемин-Сити шаарынын курулушун ишке ашырууда зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- инженердик-геологиялык, топографиялык изилдөөлөрдү аткаруу боюнча долбоор алдындагы иштерди жүргүзсүн;
– Кемин-Сити шаарынын башкы планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте долбоорлонуучу Кемин-Сити шаарынын аймагында ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен биргеликте долбоорлонуучу Кемин-Сити шаарын энергия менен камсыз кылуу үчүн каражат тапсын жана тышкы электр тармактарынын курулушун камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– 2025-жылдын 1-июнуна чейин экологиялык жактан таза
Кемин-Сити шаарын куруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;
– экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана тиешелүү инвестициялык макулдашууга кол койсун;
– ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.


Руслан Казакбаев Кыргызстандын Анкарадагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Албаниядагы, Түндүк Македониядагы жана Черногориядагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы жана Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казакбаев Руслан Айтбаевич Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Албания Республикасындагы, Түндүк Македония Республикасындагы жана Черногориядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

*********

Руслан Казакбаев назначен Послом Кыргызстана в Албании, Северной Македонии и Черногории по совместительству с резиденцией в г. Анкара

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Турецкой Республике и Государстве Израиль Казакбаев Руслан Айтбаевич назначен Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызской Республики в Республике Албания, Республике Северная Македония и Черногории по совместительству с резиденцией в городе Анкара Турецкой Республики.




Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки жактуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты.

Экономикалык өз ара аракеттенүүнү, атап айтканда соода, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында активдештирүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Президент Садыр Жапаров жана Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү региондогу өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

****

Состоялся телефонный разговор Президента Садыра Жапарова с Председателем Халк Маслахаты Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедовым

Сегодня, 29 января, состоялся телефонный разговор Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Председателем Халк Маслахаты Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедовым.

В ходе беседы стороны обменялись мнениями о перспективах дальнейшего развития кыргызско-туркменского двустороннего сотрудничества, а также о вопросах региональной и международной проблематики, представляющий взаимный интерес.

Особое внимание уделено вопросам активизации экономического взаимодействия, в частности в областях торговли, энергетики, транспорта и логистики.

Президент Садыр Жапаров и Председатель Халк Маслахаты Гурбангулы Бердымухамедов выразили уверенность, что дальнейшее развитие кыргызско-туркменских отношений будет способствовать укреплению взаимовыгодного сотрудничества и стабильности в регионе.


Азамат Жамангулов санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Жамангулов Азамат Саадатбекович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

***

Азамат Жамангулов назначен исполняющим обязанности министра цифрового развития

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Жамангулов Азамат Саадатбекович назначен исполняющим обязанности министра цифрового развития Кыргызской Республики.

Кандидатура Азамата Жамангулов вносится для согласования в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики для назначения на должность министра цифрового развития Кыргызской Республики.


Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

*****

Нурия Кутнаева освобождена от занимаемой должности министра цифрового развития

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 4 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Кутнаева Нурия Асылбековна освобождена от занимаемой должности министра цифрового развития Кыргызской Республики в связи с переходом на другую работу.

20 last posts shown.