Forward from: Пулат Каландар
Борбор Азия Багбандар Биримдигинин жетекчиси.
Кыргызстанда багбанчалыкты өнүктүрүү фондунун жетекчиси.
Бак тигүү боюнча эксперт, эко-активист Абдулла Ташиевич
“ Көчөт тандоодо анын ден соолугуна көңүл бургула”
Абдулла Ташиевич жаздын келерине аз эле убакыт калды. Менимче азыр көчөттөрдү сатыкка даярдоо иштери жүрүп жатса керек. Окурмандарыбызга көчөт тандоодо жаңылып калбашы үчүн бир нече кеңешиңизди бере кетсеңиз...
- Бак отургузуу иштери Кыргызстанда жакынкы 15 күндүн аралагында башталат. Андыктан сиз мага эң туура учурда кайрылдыңыз. Биз кыргыздар ар бирибиз өзүбүздү багбан сезебиз. Бир көчөттүн алып барып отургузуп койсок эле көктөп кетет деген ойдо жүрөбүз. Бирок, бул маанилүү иш. Ага кылдаттык менен мамиле кылбасак бир көчөттү отугузуп, анын көктөшүн көтүп отурганча бир жыл убакытты коротобуз. Айрымдар сапаты начар көчөт алып алып, эки, үч жыл уттуруп жиберишет. Ошондуктан бакты көктөндүрүүдө көчөттүн сапатына карап сатып алууну үйрөнүшүбүз зарыл.
- Кыргызстанда сатылган көчөттөрдүн көбү чет жактан алынып келинет деп уктум. Ушул маалымат туурабы?
- Кыргызстанда сатылган көчөттөрдүн 90 пайызы чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Ал эми 10 пайыз көчөт өзүбүздө өстүрүлөт. Акыркы 27 жылда биздин эл Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен ташылып келинген контрабанда көчөттөрдү отургузуп келди. Жылына коңшу өлкөдө 100 млн көчөт алынып келинчү. Бирок, көчөттүн сапаты начар болгондуктан бизде өспөй кайра эле келерки жылда жаңысын отургузуп, чыгым тартып келгенбиз. Азыр байкап көрсөңүздөр Кыргызстанда бак аз. Эмне үчүн? Бул бизге ташылып келген көчөттөрдүн сапатынын начардыгынан кабар берет. Эгер көчөттөр сапаттуу болгондо өлкөнү мөмөлүү бак басып кетмек . Акыркы 4 жылда Сербиядан көп көчөт алынып келинди. Ал жакта фитосанитария жок болгондугуна байланыштуу сапаты начар болду. Бактериалдык күйүк ошол сербиялык көчөттөр менен кошо келди. 2019-жылдан баштап гана абал оң жолуна түшө баштады. Азыр 90 пайыз көчөт Түркиядан алынып келинүүдө. Бактыга жараша мына ушул көчөттөр биздин жерге ылайыкташтырылган болуп чыгып, азыр көйгөй жаралбай калды. Андан тышкары Польшадан, Германия, Италиядан да көчөт алынып келинүүдө.
- Көчөт тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
- Биринчи кезекте көчөттүн ден соолуган көңүл буруу зарыл. Сырттан келген көчөттөрдүн сертификаты болот. Анда өсүмдүктөн вирустук зонадан тышкары экендигин аныктаган белгисинин болот. Сиздер өсүмдүктү сатып алып жатканда тартынбай эле сертификатын сураңыздар. Майда чач сыяктуу көп жана күчтүү тамырлуу көчөт жакшы көктөйт. Көчөттүн жашы да маанилүү. Бир жылдык көчөт алып алсаңыз дагы бир жыл анын жерге калыптанып өсүүсүнө убакыт кетет. Эки жылдык көчөт келерки жылы мөмөсүн бере турган болот. Эгер акчаңыз көп болсо, карлик бак кылыңыз. Эгер каражат тартыш болсо полу карлик бак тигүүнү сунуштайм. Механикалык бузулууларына да көңүл бөлүңүздөр. Эгер өсүмдүктөн бир жери сынып же сыйрылып кеткен болсо, ал куурап калышы мүмкүн. Муздаткычта сакталган көчөт алганыңыз жакшы. Анткени муздаткычта сакталбаган көчөт жай саратанда куурап калышы мүмкүн. Сиз өзүңүз үчүн кайсыл учурда мөмө алгыңыз келет алгач ошону аныктап алыңыз. Эгер мөмөсү эрте бышкан же кеч бышканын тандасаңыз пайдасы көп болот. Жайдын ортосунда мөмөсү бышкан бактан пайда аз. Анын мөмөсүн кыя жасап, как гана кыла аласыз.
- Бакты кайсыл мезгилден баштап отургуза берсе болот?
- Кыргызстанда көчөт отургузуу мезгили 15-февлардан 15-июнга чейин созулат. Мисалы, Лейлек районунда 15-февралда башталат. Баткенде 25-февралдан тарта отургузулат. Март айында Ош облусунун багбандары ишке киришишет. Апрель айында Токтогул, Талас, Бишкекте багбанчылыкты баштай берсеңиздер болот. Ал эми Ысык-Көл Нарындыктар 15-июнга чейин отургузушат.
- Биздин өлкөгө сырттан ташылып келген көчөттөр дароо эле тамыр алып кетеби же куурап калгандары да болобу?