Азирети Яхья (а.с.) бийик жерге отуруп, Аллахка мактоо айткан соң мындай деди:
«Аллах мага беш сөз буйрук кылды. Алардын алгачкысы,
✅ Ага эч нерсени шерик кошпостон Аллахка ибадат кылышыңар. Мисалы, бирөө алтын же күмүш менен кул сатып алып иштетет,бирок кулу тапканын башкага төлесо, кимиң буга ыраазы болосуң? Ушул сыяктуу силерди Улуу Аллах жаратты жана ырыскыңарды ал берип жатат. Андай болсо Ага эч бир нерсени шерик кошпостон ибадат кылгыла.
✅Экинчиси, Аллах силерге намаз окууну буйрук кылды. Намазга турганыңарда жүзүңөрдү оңго-солго бурбагыла. Анткени Аллах кулу жүзүн бөлөк жакка бурбаганда гана ага бурулат.
✅Үчүнчүсү, Аллах силерге орозону буйрук кылды. Мисалы, бирөө жанында жыпар жыты аңкыган атыр менен жыйынга кирсе, ал жердегилердин баары андагы жыпар жыттан пайдаланат. Ошол сыяктуу орозо кармагандын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында жыпар жыттан да сонун болот.
✅Төртүнчүсү, Аллах силерге садаканы буюрду. Мисалы, душман кимдир бирөөнү туткундап, колдорун мой- нуна байлап, башын алыш үчүн жакындаса, ал киши: «Жанымды куткаруу үчүн силерге кун төлөсөм болобу?» дейт. Душмандан кутулганча төлөй берет. Садака да ошондой.
✅Бешинчиси, Аллах силерге Өзүн көп зикир кылууну, эстөөнү буюрду. Кимдир бирөөнү душман артынан кууп келе жатат дейли. Ал бекем бир чепке кирип корголоду. Пенде да Аллахты зикир кылуу менен алек болсо шайтан- дан ушинтип сактанат».