Орозо✨.@kitepstan1
(жүрөк мене
н окуңуз)
Салман радиаллаху анху айтат: "Пайгамбарыбыз саллаллаху ъалайхи васаллам Шаъбан айынын акыркы күндөрүндө бизге насаат айтты:
"Силерге өтө берекелүү, улуу ай келе жатат. Анда бир түн бар, ал миң айдан жакшыраак. Алла Таала ошол айдын орозосун парз кылды. Андагы Таравих намазды сооп алууга себеп кылды. Ким ушул айда жөнөкөй эле бир жакшылык иш кылып, өзүн Алла Таалага жакын тутса, анда ал орозодон башка убакытта парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми кимде-ким ушул айда парз амалды аткарса, ал орозодон башка убакыттарда 70 парзды аткаргандай соопко ээ болот.
Бул ай сабырдуулук айы, ал эми сабырдын орду Бейиш. Бул ай адамдарга камкордук кылуу айы. Бул айда момундардын ырыскысы көбөйтүлөт. Кимде-ким орозо кармагандарга ооз ачырса, анда анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө, тозоктон кутулуусуна себеп болот жана ага бир да кемитилбестен орозо кармаган кишинин сообундай сооп берилет.
Бул айдын биринчи бөлүгү - Алланын рахматы. Экинчи бөлүгү - Алланын кечирими, үчүнчүсү - тозоктон куткарылуу күндөрү.
Ошондой эле бул айда 4 амалды көп кылгыла: Калима Тоййиба жана истигфарды көп айтуу. Бейишти суроо жана Тозоктон сактоону тилөө. Кимде-ким орозо кармоогуча суу ичирсе, ага Алла Таала Кыямат күнү менин көлүмдөн суу ичирет, андан кийин ал Бейишке киргенге чейин чаңкабайт.
Орозодо ар бир күнү жана түндөсү Алла Тааланын туткундары тозоктон куткарылат жана ар бир мусулмандын ар күнү жана түндөсү сөзсүз бир дуасы кабыл болот.
Аллах Таала бул айда силерге көңүл бурат жана Ал өзүнүн өзгөчө рахматтарын жаадырат, күнөөлөрдү кечирет, дуаларды кабыл кылат. Силердин жакшылык иштериңерде жарышууңарга карайт жана периштелердин алдында сыймыктанат. Ошондуктан, Аллах Таалага өзүңөрдүн жакшы амалыңарды көрсөткүлө! Жаман адам ушул айда да Алланын рахматынан насипсиз калат.
▫️Фазаил аъмал.